ЫРЧЫ ЖИГИТТЕРДИ СҮЙДҮРГӨН АЛТЫНАЙ

Шоу-бизнес жаңылыктарын “Супер-Инфодон” кыйын билген эч ким жок дечүмүн. Көрсө, бизден да ыкчам, ырчылар менен түз байланышкан “супер агенттер” окурмандарыбыздын арасында бар экен. Султандын жеңеси, Урматтын келини, Ильяздын бөлөсү, Ирландын ашыгы Алтынай аттуу кыз көп кызыкты айтып, бизди таң калтырды.

«Аңчылык Чыңгыздан башталган»

– Башында Чыңгыз Мырзаевди жакшы көр­чү­мүн. 2005-жылы тааныштардан анын телефон номерин тапкам. Чалсам трубканы Чыңгыз өзү алды. Ошентип, октябрдан декабрга чейин жалаң телефондон сүйлөшүп жүрдүк. Ал дайыма мага “Кыргызстан Обондорунан” салам жолдочу. Концерттерге анын жардамы менен бекер барчумун. Чыңгыз менен бетме-бет "Ала-Тоо" аянтынан жолуккам. Ошондогу 00 55 номерлүү машинасы азыр дагы эсимде.
1-апрель күнү Чыңгызды тамашалайын деп чалсам, трубканы апасы алды. Апо-оо, кандайсыз? Биз Чыңгыз экөөбүз үйлөнгөнү жатабыз десем, “ай, кызым, сен эмне деген кызсың? Ал мен айткан кызга гана үйлөнөт” деди. Апа, биздин жашап алганыбызга эки ай болуп калды, үйлөнбөсөк элге шерменде болосуздар десем, чочуп кетти. Акыры тамаша экенин айтсам, “ий, ошентсең, жүрөктү түшүрбөй!” деп жатпайбы. Айтор, мамилебиз жакшы болчу. Чыңгыз киного тартылуу үчүн бакенбард өстүргөндөн кийин жакпай калды.

«Ирлан аркылуу Мирбекке жетейин деп...»

– 2006-жылы 18-19-декабрда Спорт Ордосунда “Супер-Инфонун” суперлерди аныктоо концерти болду. Спорт Ордосунун эшигин тосуп турган бала досум болчу, ал сахнанын артына өткөрүп жиберди. Курбуларым менен турсам, жаныбызга Ирлан Таалайбеков келип “кыздар, таанышып албайлыбы?” деп телефон номерин берип, меникин жазып алды. Мирбек Иманбековду сурасам, “экөөбүз чогуу жашайбыз” деди. Ошентип, Ика менен жакын дос болуп кеттим. 2-мартта Ильяздын концертинде отурсам, Ика чалып, “каяктасың, концерттен кийин жолугалы” деди. Концерттен кийин чакырган жерге барсам, Мирбек да бар экен. Таанышкан соң шаар айландык да, бир досунукуна бардык. Ошондон тарта Ика “мен сени жакшы көрүп калдым” деп ээрчий баштады. Ирлан мени кандай сүйсө, мен да Мирбекти ошондой сүйүп жүргөм. Бирок ачык айта алган эмесмин.

«Султанга жеңе болуудан баш тарттым»

– Курбу кызымдын үйүнө баратсак, подъезден эки бала тийишип калды. Алар менен таанышсак, бирөөсү Султандын бир тууган агасы Алихан экен. Алихан мени бир көргөндө эле жактырып калыптыр. Экөөбүз сүйлөшө калып жүрчү элек. Бир күнү Султанга мени “жеңең болот” деп тааныштырды. Алихан мени сүйсө да, мен Алихан менен да, Султан менен да дос катары жакшы мамиледе жүрдүм. Султан гастролго кеткенде үйүнүн ачкычын мага ишенип таштап кетчү.
– Демек, Султандын жашоосун жакшы билет экенсиң да...
– Жакшы эле билем. Бактыгүл деген кызды элге тааныштырбады беле, ошону менен мамилеси жакшы болчу. Экөө төрт жыл чогуу жүргөн соң эки айрылыш жолго кетишти. Султан жигиттик кылыптыр. Бул экөө тууралуу ашыкча кеп айткым келбейт. Өздөрүнүн иши да.
Негизи, Султандын маңдайына жалаң өзүнөн улуу кыздар жазылган окшойт. Сүйлөшкөн кыздарынын баары өзүнөн улуу. Бактыгүлү да улуу болчу.

«Нелянын абысыны болгонго аз калды»

– Мен Урмат менен кошунамын. Ырчылардын арасынан сүйлөгөнү, өзүн алып жүрүүсү жагынан Урмат жага баштаган эле. Эптеп Урматтын үйүнүн телефонун таап чалсам, иниси Нурмат алды.Ошентип, Нурмат менен таанышып, 2 жыл дос болуп жүрүп, сүйүп калдым.
– Сени «Таласка барып Урматтын апасы менен таанышып келген» дешет го?
– Таласка барбай эле Бишкектен таанышкам. Нурматтын апасы сыркоолоп ооруканага жатып калган. Ал учурда Урмат үйлөнүп, жумуштарынын баарын Нурматка өткөрүп берген эле. Нурмат жумуштан бошой албагандыктан, апасын көргөнү мен баргам. Ошондо Урматтын апасы менен таанышкам. Аңгыча Нурматтын туулган күнү болду. Белекке теспе, жайнамаз, топу бергем. Апасы менин белектеримди жактырып, “ушул кызды сага алып берем” дептир.

Жана башкалар...

– Дагы кайсы ырчылар менен мамилең бар?
– Нурлан Алдаяров, Акбар Сүйүнбаев, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдыразаковдор менен таанышмын. Ильяздын бөлөсү Чыңгыз менен досмун. Акбар менен Айпери кыз-жигит болуп жүрүшөт, жакында үйлөнүшөт. Ошентсе да моюндарына албай, актанышат. Акбардын деле мурда Гүл менен жүргөнү чындык да. Мирбек Иманбековдун деле өзүнө окшогон кызын сүрөттөн көргөм.
Кыскасы, ырчылар менен аралашып жүрүп, алардын жашоосу туруксуз болорун байкадым. Бирок учурда шоу-бизнеске тиешеси бар адам менен сүйлөшүп жүрөм.
– Артистти күйөө кылбасаң да, дос, тууган кылып жүрө бер, мае­ги­ңе чоң рахмат!

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
AygerimUrmat
2009-10-26 16:07:53
как все это п....?
анан еще баары менин досторум деп коет..
0
Mile
2009-10-26 17:55:57
Баары менен дос болсо анан айрандай сырларын чачмак беле? Просто любопытная девушка.
0
Prince
2009-10-27 13:20:56
Кыйратыптырсын! Ырчылардын арасында супер "сойку" сен турбайсынбы!!!
+2
Azura
2009-10-27 13:52:01
Фу
0
laser
2009-10-30 21:33:41
куйоосу болбосон да,сойкусу сен экенсин да Алтынай.Алардын баары сени менен жон гана дос болду дейсинби?
0
Anjel
2009-11-07 23:47:05
Ишенген жокмун!!!
0
respekt
2010-01-07 17:25:04
Интересно а что ты сказешь когда все прочитают об этом дагы баары менен досмун дейсин да правильно сказали супер сойкусун сен
0
Айзиля
2010-05-07 15:32:51
Странная девушка.
0
№ 364, 23-29-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан