Кубат Оторбаевдин жетекчилигинин алдында КТРК «Манас» эпосунун дисктерин чыгара баштады. Кубат мырза буга чейин бизге берген маегинде «казынадагы эбегейсиз чоң архивди элге алып чыгууну эп көргөнүбүз бир болсо, мунун эсебинен кошумча акча табуу маселесин чечүү эки болуп жатат» деп айткан эле. «Урааным – Манас» деп аталган антология «Алтын казына» жана «Кыргыз радио» фонду тарабынан жаздырылып, ага улуу манасчы Саякбай Каралаевден тартып Уркаш Мамбеталиевге чейинкилердин «Манас» айтып берүүсү түшүрүлгөн. Кубат Оторбаевдин айтымында, антология Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгынын урматына чыгарылууда.
Эльвира Караева
politika@super.kg