Энергетика жана өнөр жай министрлиги ушул жылдын 1-июлунан тартып жылытуу жана электр энергиясынын тарифин жогорулатууну сунуштоодо. Министрлик коомчулуктун талкуусуна алып чыккан тарифтик саясаттын бул жолку өзгөчөлүгү – социалдык норма деген түшүнүктүн киргизилишинде болуп жатат. Апрелден сентябрга чейин айына 300 киловатт-саат, октябрдан мартка чейин айына 600 киловатт-саат керектеген абоненттер үчүн электр энергиясынын 1 киловатт-сааты 70 тыйын бойдон калат. Нормадан ашыкча керектегендер 1 сом 20 тыйын төлөйт. 2017-жылга чейин жыл сайын кымбаттатып туруу жолу менен электр энергиясынын 1 киловатт-саатын социалдык нормадан ашыкча колдонбогондор үчүн 85,8 тыйын, ал эми жогоруда көрсөтүлгөн социалдык нормадан ашыкча колдонгондорго электр энергиясынын 1 киловатт-саатын 1 сом 47,4 тыйынга жеткирүү пландалууда.
Ошондой эле электр энергиясынын эсебинен жылытуунун тарифин жаратылыш газынын баасына теңдөө же 1 киловатт-сааты үчүн 2 сом 20 тыйынды киргизүү каралууда. Бул тариф боюнча 5 киловаттан ашыкча кубаттуулук уруксат берилген абоненттер гана төлөшөт.
«Энергетика жөнүндө» мыйзамга ылайык, тарифтер Жогорку Кеңеш менен макулдашылышы керек.
Эльвира Караева
politika@super.kg