«ДОРДОЙЧУ» СООДАГЕРЛЕРДИН САНЫ АЗАЮУДА...

  • Президент А.Атамбаевдин жарлыгына ылайык, 1-майдан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун АРДАГЕРЛЕРИНИН өмүр бою берилүүчү президенттик стипендиясына 3 миң сомдон кошулат.
  • «Кыргызстандын 70ке чукул жараны СИРИЯДАГЫ оппозициялык күчтөр менен диний топтордо жүрүшөт»,- деп билдирди УКМКнын төрагасынын орун басары Аман Мамбетсеитов.
  • Жогорку Кеңеш «АКЫЙКАТЧЫЛЫККА талапкер көрсөтүүгө парламенттик фракциялар гана укуктуу» деген мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Учурда башкы укук коргоочу кызматына президент, депутаттык жана коомдук бирикмелер, саясий партиялар талапкер алып чыга алышат.
  • Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Казакстан чек арадагы текшерүүсүн күчөткөндүгүнө байланыштуу «ДОРДОЙ» базарында ишкерлердин саны азаюуда. «Буга чейин товар жүктөлүп базарга келген машиналардын саны 150гө жетсе, азыр бул цифра 50нүн тегерегинде»,- деди премьер.
  • Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министринин биринчи орун басары БАКТЫБЕК ЖУСУБАЛИЕВ менен Ош шаары боюнча Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүнбек Өмүрзаковго генералдык погондорду тапшырды. 
  • «КУДАЙБЕРГЕНДИН» администрациясы өз эрки менен ижара акысын көтөрө албайт, базардын кожоюндары Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен бааны аныкташы керек»,- деди Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов.
  • «КЫРГЫЗСТАНДА ЖАСАЛГАН» деген этикетка менен Кытайдан келген контрафакттык товарлардын айынан айрым кыргызстандык тигүү цехтеринин сатуусу 40 пайызга чейин ылдыйлады»,- деди «Союзтекстиль» бирикмесинин аткаруучу директору М.Капустина.
  • Жогорку Кеңештин ДЕПУТАТТАРЫ 12-16-май күндөр аралыгында аймактарда иш сапарлары менен болушат.
  • «Манас» университетинин илимий кызматкери К.Султакеев өзү жүргүзгөн анализине таянуу менен «КРЕДИТТИК каражаттарды эркектерге караганда аялдар эффективдүү пайдаланат, ал эми кредитти кайтарбай коюу тобокели 2 пайызды түзөт» деп билдирди.
  • Парламент «жогорку кызматтагы аткаминерлерге, анын ичинде депутаттарга карата кылмыш ишин бир гана БАШКЫ ПРОКУРОР козгой алат» деген мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.
  • Жаза аткаруу кызматы быйылкы жылы түрмөдө отурган 5 миң 765 адамга МУНАПЫС берилгенин жана эркиндикке чыгарылганын маалымдады.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан