Крым жарым аралы Орусияга карап калгандан тартып АКШ Орусияга каршы санкцияларды киргизе баштаган болчу. Анын артынан Европалык союз, Япония менен Канада да өз санкциялары боюнча билдирүү тараткан. Чектөө Орусиянын айрым жогорку кызматтагы аткаминерлери менен ири бизнесмендеринин санкция жарыялаган өлкөдөгү банктык эсептеринин ишин токтото туруу жана анын аймагына кирүүгө тыюу салуудан турат.
28-апрель күнү АКШ буга чейинки санкциялык тизмесин кеңейтип, ага 17 орусиялык компания менен 7 аткаминердин ысымын кошту. Үлкөндөрдүн ичинен «Роснефть» компаниясынын башчысы Игорь Сечин, «Ростех» корпорациясынын башкы директору Сергей Чемезов, вице-премьер Дмитрий Козак, президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары Вячеслав Володин, Мамлекеттик думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушков бар.
29-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин Батышка карата жооп иретиндеги санкциялар азырынча киргизилбей турганын айтты. «АКШ башынан эле Украинадагы окуялардын артында турган. Бирок кошмо штаттары биринчи кадамдарында көлөкөдө туруп турууну оң көргөн. Азыркы санкциялар да бизге процессти чынында ким башкарып жатканын көрсөтөт»,- деди Орусиянын лидери.
Ошентип, Батыштын кара тизмесине баш-аягы 50нүн тегерегинде орусиялык, анын ичинде крымдык жана украиналык саясатчылар менен ишкерлер киришти.
Эльвира Караева
politika@super.kg