Кыргызстандагы Орусиянын элчиси Андрей Крутько «Орусия жарандык берүүнүн жеңилдетилген тартибин кайрадан калыбына келтирет» деди. Эске салсак, өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин «Жарандык жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилишине кол койгон болчу. «Андагы башкы критерий орус тилди билүү болуп саналат. Бишкек шаарындагы сынактарды Кыргыз-Орус Славян университети кабыл алат. Экинчиси боюнча, жарандык алгысы келгендердин жакын туугандары Орусиянын аймагында жашаган жарандар болушу керек»,- деп билдирди элчи.
Андрей Крутько кенен маалыматты жаңыланган мыйзам боюнча түшүндүрмөлөр колуна тийгенден кийин айтып берерин билдирди. Кийинки сандарыбызда Орусиянын жарандыгын алуу боюнча шарттарды ийне-жибине чейин жарыялайбыз.
Эльвира Караева
politika@super.kg