Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу «Орусия Крымды алгандан кийин Ошто автономия маселеси кайрадан көтөрүлүп жатыптыр» деп билдирди. Депутат бул боюнча жарандар телефон чалып жатышканын айтат. «Билесиңер, дүрбөлөң жаратууну жактырбаган адаммын. Бирок мага телефон чалышууда, майрам күндөрү жаңжал чыгып кетпеш үчүн алдын алсак»,- деди Т.Бакир уулу.
Буга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков: «Тургундар арасында автономия туурасында сөз жок. Ал эми Турсунбай Бакир уулунун өзүнө байланышып, ким автономияны талап кылып жаткандыгын билүүбүз керек»,- деди. Оштун шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев дагы бул маалыматты төгүнгө чыгарды.
Эльвира Караева
politika@super.kg