Бишкек шаарынын темир жол станциясында бирдиктүү миграциялык борбор ачылды. Анда жарандар «кара тизмеде» бар-жоктугун бекер биле алышат. Ушундай эле борборлор буга чейин «Манас» аэропорту менен Ош шаарындагы аэропортто ачылган. Буга чейин Орусияда миграциялык мыйзам күчөтүлүп, мыйзам бузган чет жердик жарандарга Орусияга кирүүгө тыюу салынган болчу.
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун буйругу менен министрликтердин бардык бөлүмдөрүндө жарандардын «кара тизмеге» байланыштуу кайрылуусу боюнча акысыз түрдө текшерип берүү иштери башталган. «Сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусияда окуп жаткан студенттерди Федералдык миграция кызматы киргизген «кара тизмеден» чыгарып салдык»,- деп билдирди министр.
Эльвира Караева
politika@super.kg