Гезитибиздин өткөн санында мушкер Алмазбек Раимкулов Ассоль Молдокматова менен расмий түрдө ажырашканын айткан эле. Эсиңизде болсо, ал маегинде, «Ассоль экөөбүз тең жашпыз, келечекте сөзсүз өзүбүздүн чыныгы сүйүүбүзгө кезигерибизге ишенем» деген. Алмаз мырзанын «чыныгы сүйүүбүздү табабыз» дегенинде кеп бар экен. Көрсө, ал азыр арзуу асманында тура. Мушкердин жүрөгүн көп жылдан бери Европада жашаган музыкант айым, Ырыскелди Осмонкуловдун бир тууганы Вера Осмонкулова багынтыптыр.
Мындай кабарды угуп, биз интернет аркылуу Вера Осмонкуловага байланыштык. Анын бизге берген маалыматына ылайык, экөө Алмаз мырза Ассоль Молдокматовага үйлөнгөнүнө чейин, мушкер биринчи жубайы менен ажырашкан кезде эле тааныш болчу. Ошондо эле мушкер Вера айымга турмуш куруу тууралуу сунуш киргизип, Германиядан Лос-Анжелеске көчүп келүүсүн суранганын айтат. «Мындай сунушту жөн гана жактыруу сезими катары кабыл алгам. Жакшынакай жубайыңыз, ширин балдарыңыз бар. Сиз жубайыңыз менен жарашууга аракет кылыңыз дегем. Бирок Алмаз мен эч качан Динарага кайтып барбайм. Биз бири-бирибизди түшүнө албайбыз, анын айынан балдарыбыздын психикасынын бузулушун каалабайм деген. Анткенине да болбодум. Абалды татаалдаштыргым келген жок. Бул убактылуу гана жактыруу сезими, баары өтүп кетет. Мындай сезимге баарыбыз эле туш болобуз. Жакшысы, жубайыңыз менен жарашып, үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз деп байланышты үзүп койгом. Кийинчерээк Алмаз менен Ассолдун баш кошушканы тууралуу угуп, аларга бакыт тилеп гана тим болгом» дейт музыкант айым.
Арадан 2 жыл өтүп, Алмазбек Раимкулов көңүлүнө от таштап койгон музыкант айымды кайра интернет аркылуу табат. Вера Осмонкулованын айтымында, ал учурда мушкер Ассоль Молдокматова менен ажырашып кеткен экен. Бул жолу да мушкер Вера айымдын колун сурап, жадакалса ата-энеси, айрым туугандары менен да тааныштырууга үлгүрүптүр. Азыр мушкер жооп күтүп жүргөн учуру экен. Эгер Вера Осмонкулова ага турмушка чыгууга макулдугун берсе, үйлөнүү тоюн алгач жайында Бишкекте, кийин жаңы жылдын алдында Венада белгилесемби деп жатыптыр Алмаз мырза. Учурда Алмазбек Раимкулов тартылып жаткан тасмага Вера Осмонкулова музыка жазууда.
Вера айымдын айтымында, экөөнүн окшош жактары абдан көп. «Эң биринчи орунда бизди Алмаздын да, менин да мекенге болгон чексиз сүйүүбүз жакындатты. Мисалы, Алмазбек Америкада болсо да, дайыма кыргыздын желеги менен рингге чыкчу. Мен болсо Берлинде афишаларга «немисче фамилияңды жаз» дешсе болбой кыргызча Осмонкулованы жазамын (эки фамилиясы бар: Вера Рушке – Осмонкулова). Өзүмдүн жеке концертимде көбүнчө кыргыз музыкаларын аткарам. Мен да спортко кызыгам. Дайыма чуркайм, теннис, баскетбол менен машыгып турам. Бир жолу тамашалашып «мен назик болсом да кээде бокс менен машыгып коём. Үйүмдө мушкерлердикиндей кол кабым бар» десем, Алмаз «ой, корком, корком» деп күлүп калды. Дагы бир жагдай, экөөбүз тең классикалык музыканы жактырабыз, юморго жакынбыз. Алмаз «сени менен сүйлөшкөн мага абдан жеңил» деп көп айтат. Ал да, мен да кыргыз, орус, англис, немис тилдеринде эркин сүйлөйбүз. Менин кыргыз тилин билгенимди ал өзгөчө баалайт. Бул темада айта берсем окшоштуктарыбыз абдан көп. Уитни Хьюстон менен Кевин Костнер тартылган «Жан сакчы» тасмасы бар эмеспи. Анда бирөө – музыкант, бирөө – жан сакчы, бирок бири-бирин сүйүп калышат. Сүйүү «сен кайсы кесиптин ээсисиң?» деп сурабайт.Сезимдер менен жан дүйнө адамдарды табыштырат»,- деп сезимдери менен бөлүшө кетти.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg