Бир тууган... Бул сөздүн артында эмне деген жылуулук, сезим жатат. Анжелика сүйүнсө кошо сүйүнүп, кайгырса көңүл жубатар бир боору Мырза 6-класстын окуучусу. Жаш болсо да ойлонуп сүйлөгөн Мырза эжеси Анжеликага ар түрдүү табышмак айтып, «жообун табыңыз» деп шаштысын кетирип, жинине да тиет экен.
– Мырза, алгач таанышып алалы, кайсы мектепте окуйсуң?
– Чыңгыз Айтматов атындагы №1-лицейде 6-класста окуйм. Сабактардын баарынан эле жакшымын. Бирок көбүнчө спортко кызыгам, таэквондо менен машыгам.
– Жакшы, эми Анжелика жөнүндө айтып берсең, ал сага кандай эже?
– Эжем мени «менин балам» дейт. Үйгө келгенде «менин балам го, менин балам» деп көпкө чейин кучактап, анан коё берет. Апам мени 40ка чыгып калганда төрөгөн, менден кийин иним Марлен жарыкка келгенде атам аскер кызматкери да, командировкага Америкага, андан кийин Африкага кеткен экен. Ошондо апам экөөбүздү бирдей караганга жетишпей, мени Анжелика эжем баккан. Ал менден 12 жашка улуу. «Чоңойгондо өзүм окутуп, сени өзүм бутуңа тургузам» дей берет.
– Классташтарыңа «менин эжем ырчы Анжелика» деп мактанасыңбы?
– Өзүм атайын деле мактанып айта бербейм, бирок билип калгандар көп. «Эжеңден кол тамга алып келип берчи» деп дептерлерин бере беришет.
– Эжең кандай белектерди берет?
– Мага берген эң чоң белеги – көп кабаттуу үйлөрдөн алып берген батири болгон. Бирок өзүнө керек болуп, кайра сатып жиберди. Ошентсе да сатып жатып, «сени үйлүү кылыш менин жоопкерчилигимде» деп сөз берди.
Үйгө келгенде машинасынан баштыктарды түшүрө берет. Ичи бүт тамак-аш. Эжем келгенде үйдө майрам болот. Анткени салаттын, жер-жемиштин түрүн алып келет. Ал эми кийимди туулган күндө, майрамдарда эле белек кылат. 18-февралда 13 жашка чыктым. Туулган күнүмдө спорттук кийим-кече саткан дүкөнүнө алып барып байпакка чейин алып берди. Жарымын кийип, жарымын көтөрүп кеттим. Унутуп да калыптырмын, эртеси үйгө алып келип беришкен.
– Мүнөзү кандай, сени менен көп урушпайбы?
– Бат жини келет. Биздин үйгө деле көп келбейт, 2-3 жумада бир келет. Жездем экөө балдарын ташташ керек болсо, мончого түшкүлөрү келгенде, кой сойгондо келишет. Кой сойгондо апам эжем үчүн дайыма быжы жасайт, анткени аябай жакшы көрөт. Эжем менен сүйлөшкүм келет, сагынам дегендей, анан бирдеме сурасам, «коё турчу» деп кыйкырып салат же телефондон колу бошобойт. Кээде «качан келесиз, иштериңиз жакшыбы?» деп СМС жазам, аларга такыр жооп жазбайт.
– Эжең жакында концерт берет эмеспи, барасыңбы, деги эле өзүң музыкага жакынсыңбы?
– Мен музыкага кызыкпайм, бирок эжемдин ырларын жакшы көрөм. «Концерти жакшы өтсө экен» деп мен дагы тынчсызданып жатам.
Анжелика: – Менин концерт деп чуркап жүргөнүмдү көрүп, иним да сарсанаа болуп жатат.
– Концерт жөнүндө да сөз болуп кетти, азын-оолак кеп кыла кетели. Бул канчанчы жеке концертиң?
– 2-жеке концертим, биринчи жолу 2005-жылы «Супер-Инфонун» «Супер ырчы айым» наамын алгандан кийин бергем.
– Концертиңе чет элдик коноктор да катышат экен...
– Казакстандан Айкынды гана эмес Макпал Исабекованы да чакырганбыз. Бирок анын Германияга гастролу бар экен, ошол себептен келе албайт. Чет өлкөлүктөрдү чакыруунун эң негизги себеби – концертти жогорку деңгээлде берүү.
– Эмнеге концертиң Спорт Ордосунда, филармонияда эмес, Ала-Тоо борборунда болот?
– Филармония 1100 орундук, ал эми Ала-Тоо борборунда андан да көп 2000ге чукул орундук бар. Батпай калгандар туруп көрүүгө да орун кенен. «Зал толбой калабы» деп коркпостон, тобокелчиликке бардым. Анткени менин концертим өтчү амфитеатр жаңы ачылган, чет өлкөнүн жылдыздарын кошпогондо биздин ырчылардан ал жерде эч ким концерт бере элек. Нюшанын концертине барганда мен өзүмдү чет өлкөдө концерт көрүп жаткандай сездим, анан «эмнеге биз ушинтип концерт бере албайбыз» деп катуу ойлондум. Ал жердеги аппаратуралар Италияныкы, ар кыл жарыктарды, түрдүү отторду жандырса болот.
– Анжелика аттуу кыздарга кирүү акысы бекер деп уктук?
– 12 жашка чейинки Анжеликалар бекер кире алышат. Албетте, жанында атын тастыктаган документ болушу керек. Аларга белектер да берилет, көп ырчылар катышканы менен алар чогулуп, 1-2 номер аткаруу менен элге сюрприз тартуулашат. Бул менин жеке концертим болсо, кызым Айыманын тушоо кесүү концерти десем да жарашат. Кызым да абдан таланттуу, чыгармачылык менен кетет окшойт.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg