Заманбап бийлердин атасын тааныткан «We`ll bе» бий тобу жакында «World Hip-hop dance championship» (Хип-хоп бийи боюнча дүйнөлүк чемпиондук) деп аталган бий фестивалына жолдомо алышты. Топтун мүчөсү Максат Токтоналиев: «Бул фестиваль АКШнын Лас-Вегас шаарында 13-жолу өтүп жатат жана дүйнө жүзүндөгү бардык континенттен 3 миңге жакын бийчи катышат экен. Борбор Азиядан алгачкылардан болуп биздин бий топ аттанып жатканына кубанычтабыз. Кызыгы, уюштуруучулар видеолорубузду көрүп бизди тандоо турунан өткөрбөй эле чоң сахнага чыгара турган болушту. Фестиваль 3-10-августка чейин өтөт. Учурда колдоо көрсөтчү демөөрчү издеп жүрөбүз. Өзүңүздөр билгендей, бул фестиваль жеңил-желпи сынак эмес, дүйнөлүк чемпиондук. Андыктан демөөрчү табылса жакшы болот эле»,- деп сүйүнчүлөп өттү.