«Негедир мен өзгөрүп баратамын», «Барам сага» деген сыяктуу ырлардын аткаруучусу жана көптөгөн ырлардын автору Ташкент кызы Гүл дин жолуна түшүп, жашоосун 180 градуска өзгөрткөн эле. Ырчы жакындан тарта кайрадан чыгармачылыкка шымалана киришкени турат.
«Мен сахнадан кеткен эмесмин, сахнага кайтам деп айтсам туура эмес болуп калат. Сахнага көп чыкпасам да, чыгармачылык менен эле алектенип, ырчыларга ыр жазып берип жүрдүм. Учурда Ислам университетинде билим алып жатам. Исламда Алла ыраазычылыгы үчүн жакшы ниет менен элди туура багытка салуу максатында жасалган иш болсо бул күнөө эмес. Менин чыгармачылыгымды улантышым ушуга байланыштуу, айымдарды дин жолуна чакыруу максатында ырдагым келет. Максатым - чыгармачылыкта жылдыз болуп, өзүмө пайда табуу эмес, тескерисинче, пайда алып келүү, аларды таасирдүү чыгармалар менен сугаруу. Кызым жана уулум чоңоюп калышты, учурда ыр жаздырып жүрөм. Жакында жаңы чыгармама күбө болуп каласыздар»,- дейт бул тууралуу Ташкент кызы Гүл.