«КАРАГАТ+» ДОЛБООРУ ЫСЫК-КӨЛДӨ ДЫЙКАНЧЫЛЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ

Өткөн жылдан бери «Кумтөр» компаниясынын колдоосу астында «АВЕП» коомдук фонду тарабынан Ысык-Көл облусунун дыйкандарын колдоо жана мөмө-жемиш өстүрүүнүн жаңы ыкмаларын окутуу боюнча «Карагат+» долбоору ишке ашырылып келүүдө. Долбоордун негизги максаты – жаңы инновациялык күнөсканаларды (теплица) куруу жана аймактын жашоочуларын айыл чарба өсүмдүктөрү менен үзгүлтүксүз камсыздоо менен бирге жергиликтүү дыйкандардын кирешесин да жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат. Күнөскана шартында жашылча-жемиш өстүрүү, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча атайын окутуу курстар Ысык-Көл аймагынын жергиликтүү кесиптик окуу жайларында жүргүзүлүүдө.

«КАРАГАТ+» ДОЛБООРУНУН НЕГИЗГИ ИШ БАГЫТТАРЫ:

  • Ысык-Көл облусунда питомниктерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, аларды базар шартына ылайыкташтыруу.
  • Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн дыйкандар арасында тамчылатып сугаруу системин жайылтуу.
  • Дыйкандарды мөмө-жемиш жана күнөскана шартында жашылча-жемиш өстүрүү боюнча жергиликтүү кесиптик окуу жайларында окутуу.
  • Наркына кошулган баа чынжырча системин жакшыртуу.
  • Ысык-Көл аймагына мөмө-жемиш сактоочу жайларды куруу.
  • Кесиптик окуу жайларда көрсөтмө жана инновациялык күнөсканаларды курууну дыйкандарга үйрөтүү.

Тоң району, Бөкөнбаев айылы
"ДОЛБООР – ЧАКАН ИШКЕРЛИКТИН ПАЙДУБАЛЫ"
Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында №81 кесиптик окуу жайында «Карагат+» долбоорунун алкагында жергиликтүү айыл тургундарына күнөскана куруу жана анын шартында жашылча-жемиштерди өстүрүү боюнча окуу иштери жүрүп жатат. «АВЕП» коомдук фондунун мүчөсү ЖАНЫБЕК БАКЫРОВ бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Окуу курстары Ысык-Көл облусундагы 4 кесиптик окуу жайында өткөрүлүүдө. Теория жагы окуу жайда өткөрүлсө, практика жагы күнөсканаларда жүргүзүлөт. Бул иш-чарага айыл тургундары абдан кызыгууда, себеби «Карагат+» долбоорунун алкагында жашылча-жемиштерди бардык мезгилде өстүрүүнүн жолдорун, күнөскана курууну жана өстүрүлгөн жашылча-жемиштерден пайданы жогорулатуу үчүн маркетингдин негиздери да окутулууда. Окуу курстарын былтыркы жылы бул кесиптик окуу жайында 80 бүтүрүүчү бүтүрсө, быйылкы жылы 4 айдын ичинде 60 окуучу бүтүргөн.
Атайын салынган күнөскана 100 чарчы метрди түзөт, бир жагы дубал менен курулса, экинчи жагына күн тийиши үчүн поликарбонаттан салынган. Муну курууга 40 миң АКШ доллары жумшалган.
Ошондой эле «Карагат+» долбоорунун алкагында окуу жайдын ар биринде бирден практикалык жана эксперименталдык бөлүнгөн жерлер уюштурулган. Ал жерлерге баасы 5 миң сомго 33 даана карагаттын 3 түрлүү сорту отургузулган. Бардыгы болуп 745 миң сомго 5300 түп карагат көчөттөрү сатылып алынган.

КУБАНЫЧ ЖЭЭНАЛИЕВ, №81 кесиптик окуу жайынын «Карагат+» долбоорунун алкагындагы окуу курстарынын бүтүрүүчүсү:
– Мен Тоң районундагы Дөң-Талаа айылынын тургуну болом. 15 күн окуу курстарын окудум. Күнөскана курууну үйрөнүп, анда өсүмдүк өстүрүү боюнча жаңы маалыматтарды алдым. Азыркы учурда өз айылыма күнөскана салып, жашылчаларды отургузуп, жылына 2-3 ирет түшүм алууну пландап жатам.

 

 


Тоң району, Бөкөнбаев айылы
АЙЫЛДЫН ДЫЙКАНДАРЫ 17 000 КӨЧӨТ АЛЫШТЫ
2014-жылдын 28-апрелинде Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын дыйкандары поляк карагатынын, кызылгатынын, бүлдүркөнүнүн жана кулпунайынын жаңы сортторунун көчөттөрүн алышты. Көчөттөр «Карагат+» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Питомниктер ассоциациясы тарабынан алынып келинген. Мөмө өсүмдүктөрүнүн партиясынын жалпы наркы бажы төлөмдөрүн, фитосанитардык жана транспорттук чыгымдарды кошо алганда 2 миллион 750 миңден ашуун сомду түздү.

Жети-Өгүз району, Барскоон айылы
"КАРАГАТ+" АЙЫЛЫБЫЗГА ЗОР САЛЫМ КОШУУДА"
«Карагат+» долбоорунун алкагындагы окуу курстары Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы №55 кесиптик окуу жайында да жүргүзүлүүдө. Аталган окуу жайдын директору ТӨЛӨН ШОБОЕВДИН айтымында, бул долбоор дыйкандарга чоң мүмкүнчүлүк болуп, айыл чарба продукцияларын өстүрүп, өнүктүрүүгө чоң жардамын тийгизүүдө.

– Бул долбоор айылыбызга зор салым кошуп жатат. Дыйкандар жашылча-жемиштерди кантип туура өстүрүү жана алардан кантип көп киреше табуу керектигин да үйрөнүштү. Күнөсканада өстүрүлгөн жашылча-жемиштерден жылына 2-3 жолу түшүм алып, 3-4 айда 200 миң сомдун тегерегинде киреше тапса болот. Азыркы маалда биздин окуу жайды 31 окуучу бүтүрүп, алардын 4-5өө өздөрүнчө күнөскана куруп иштеп жатышат.

 

 

Жети-Өгүз району, Барскоон айылы
"ПИТОМНИК ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ЭКСПОРТ КЫЛАТ"
Ошол эле айылдагы мөмө-жемиш питомнигинин түшүмдөрү чет өлкөгө белгилүү. Бул 15 гектар питомникти 8 үй-бүлө иштетип келет. Аталган уюмдун директору РАИСА ТӨЛӨГӨНОВА:
– Биздин кооперативде бир канча үй-бүлө иштейт. Бул жерде 75-жылдан тарта алма, өрүк өстүрүп келебиз. Азыркы маалда алманын 17 сорту, өрүктүн 9 сорту жана карагаттын 4 сорту өсүүдө. «Карагат+» долбоорунун алкагында 40 тонна батырган контейнер алдык. Аны биз сактоочу жай катары колдонуп, түшүмдөрүбүздү ошол жерге сактайбыз. Бул абдан ыңгайлуу экен. Себеби мурдагы жылкы түшүмдөрдү сактап, кийинки жылы сатса болот. Өзүбүздүн кардарларыбыз бар, мисалга алсак, өткөн жылы Орусияга 15 тонна алма жибердик.
Мен Кыргызстандын көп эле жерлерин кыдырып жүрөм, биздин өлкөдө эң таза мөмө-жемиштер өсөрүнө ынандым. Чет өлкөдөгүлөр да билип калышты, ГМО өсүмдүк эмес, чыныгы накта продукт алда канча жакшы экенин. Аларга экспорттоо мүмкүнчүлүгү бизде бар. Буларды аткаруу үчүн талыкпаган эмгек жана дыйкандарды колдоо керек.

2013-жылдан тарта 200дөн ашык окуучу кесиптик окуу жайларды бүтүрүп, өз алдынча күнөскана куруу менен алектенүүдө. Өлкөбүздө питомниктер ассоциациясы түзүлүп, карагат, малинанын жаңы сорттору өстүрүлүүдө. Кыргызстандагы эң ири "Кумтөр" тоо-кен ишканасы каржылап жаткан бул долбоордун ишке ашырылышы менен Ысык-Көл аймагында дыйканчылык бир канча эсе жакшырып, чоң кадам алдыга жылуу байкалууда.

Долбоор алкагында курулган күнөскана. Күн тийген тарабы поликарбонат менен жасалган.

Күнөсканада өстүрүлгөн жашылча-жемиштерден жылына 2-3 ирет түшүм алынат.

Долбоор алкагындагы окуу курсунда.

Жаш көчөттөрдү отургузуу учурунда.

Бул жерде алманын 17, өрүктүн 9 сорту өстүрүлөт.

Адилет Керимбек уулу
Влад Ушаков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jaazira13
2014-05-06 18:49:20
негизи фондко болунгон каражат менен жергиликтуу бийлик жазаш керек болчу мындай чараларды, кийин конуп алышатта Кумтор жайзайт деп
0
maksat-kg
2014-05-09 10:39:13
100 квадрат метрлик теплица кантип 40 миң АКШ доллары турсун?! эптеп Кумтордон акча алып жеп атышат баягыдай эле
0
sher89
2014-05-09 15:38:25
Кубик Калыковдун айтканын окуган элем ушу супер инфодон. Анда ал айткан эле келинчегим ушу куноскана куруп берсен жакшы болот эле деп. 3, 4 метр кв куноскана курууга 3, 4мин АКШ доллары керектелет экен деген эле
Эми менин айтарым maksat-kg 40мин АКШ доллары чындык эле болуш керек.
+1
jaazira13
2014-05-13 10:27:24
туура ле баа болот, кичинекей сарайдын баасыле 3000доллардан ылдый болбойт, эми бу чараларды мамлекет жазап бериш керек болчуда негизичи...
0
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан