«ЗАРДАЛЫДАГЫ ЖАРЫЛУУДАН ЖАБЫР ТАРТКАН БАЛДАРДЫН АТА-ЭНЕСИ КИМДИ СОТКО БЕРИШИ МҮМКҮН?»

– 2014-жылдын 17-апрелинде Баткендин Зардалы айылына жакын жерде жарылуучу зат жарылган. 5тен 13 жашка чейинки 7 бала ойноп жүрүп, белгисиз темир таап алышып, таш менен урушканда жарылуу болгон. 2 бала каза таап, 5 бала жаракат алган. Азырынча жарылган зат мина, граната же башка нерсе экендиги так аныктала элек.
Ал зат 1999-2000-жылдары өлкөбүзгө мыйзамсыз куралдуу топтор кирип, алар менен салгылашуу жүргөн Баткен аймагында калып калышы мүмкүн экени болжолдонууда.
Баткен коогалаңынан кийин аймакта тазалоо иштери жүргүзүлүп, 2001-жылдан бери чек арачылар 10 даана атуучу курал, 15 мина, 11 граната жана башкалар табылган. Эми жарылуудан каза болгон, жаракат алган балдардын ата-энеси кимдерди сотко берип, кантип компенсация өндүрө алат?

«Супер-Инфо» гезитинин редакциясы

– Каза болгон жана жарадар болгон балдардын ата-энелери бул иш боюнча Баткен гарнизондук аскерий прокуратурасына арыз менен кайрылуулары кажет. Прокуратура ишти карап чыгып, кайсы органды күнөөлүү деп тапса, ошонун негизинде тиешелүү органдын үстүнөн сотко арыз менен кайрыла алышат.

P.S. Юристтен жооп алуу менен бирге Зардалыдагы жардыруудан жабыр тарткан балдардын ата-энелеринин керектүү органдар менен соттошуу же соттошпоо тууралуу ойлорун билдик.

АБУЛМАЖИН КАЛАМБЕКОВ, Чет-Кызыл айылынын тургуну (Кара-Бак айыл өкмөтү), 64 жашта:
– Жарылуудан менин бир неберем (Нойгутбек) каза болуп, экинчи неберем Түгөлбай Баткен облустук бириккен ооруканасында дарыланып жатат. Учурда жарадар болгон 5 баланын тең абалы түзүк. Баткендеги ооруканадагы балдардын бири 29-апрелде үйүнө чыгарылды. Президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр ар кимиси өздөрүнүн атынан каза болгон 2 баланын ата-энесине 50 миң сомдон, дарыланып жаткан 4 баланын ата-энелерине 25 миң сомдон дарысына деп бердиришти. Ал эми жаракат алып, бирок ооруканага кечирээк жеткирилген бешинчи бала – Ыса уулу Баэлге акча негедир тийген жок. Ага да берилсе болмок.
Биз, балдардын ата-энелери, сотко, прокуратурага арыз менен кайрылбадык. Мындан кийин деле кайрылбайбыз го.

«КҮЙӨӨМ БИР КҮН ДА ЖАШАБАГАН АЯЛЫ МЕНЕН КАНТИП АЖЫРАШАТ?»
– Учурда күйөөм экөөбүз жакшы жашап жатабыз. Ал мурун үйлөнүп, бирок 1 күн да жашабаган аялы менен кантип ажырашарын билбей башы катууда. Жолдошумдун айтуусу боюнча, окуя мындайча болгон.
2008-жылы жактырган кызына үйлөнмөк болот. Тойго ата-энеси абдан даярданып, 300 миң сом коротушат. Калыңга деп 150 миң сом беришет. Той болор күнү кызды алып кетүүгө үйүнө барышса, алар себин кошуп жөнөтүшөт. Түштө нике күбөлүгүн алышып, түндө молдо никелерин кыят. Бирок кашайып түндө тигил кыздын абийири менен келбегени билинет. Эртең менен туугандары кызды үйүнө алып барып ташташат.
Ошондон бери күйөөм ал кыз менен мыйзамдуу түрдө ажырашайын десе, ал «себимди кайтарып бербесең, керектүү документке кол койбойм» деп баш тартып келе жаткан болот. Күйөөм тарап болсо «а биз калыңга 150 миң сом бербедик беле, ошо менен тең-тең болду, эмнеге себиңди бермек элек?» деп болбойт.
Эми жолдошум кантип мыйзамдуу түрдө ажыраша алат?

Зейнеп, 27 жашта, Ош

– Зейнеп, окуя сиз баяндагандай өнүгүп жатса, анда жолдошуңуз ал кыз жашаган райондогу (шаардагы) сотко арыз менен кайрылуусу кажет. Сот ишти карап көрүп, КРнын Үй-бүлө кодексинин 22-23-беренесине ылайык никени бузууга (никеден ажыратууга) милдеттүү. Сот жубайларга жарашуу боюнча мөөнөт берүүсү мүмкүн. Эгер жубайлардын бири ал мөөнөт бүткөндөн кийин ажырашууну талап кылса, сот никени бузуу боюнча чечим чыгарып берет. Никени бузуу сеп, калың маселесинен көз каранды эмес.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
upol92
2014-05-05 13:06:59
Кече мен да ушундай нике тууралу окуя укиум чындык.
Бала качырып алат кызды, бала аябай бай тойго аябай коп акча кетет ошентип бир ай жашаган сон кыз озу эле уйдо эч ким жокто качып кетет. Жашабайм деп.
Анан баланын ата энеси, кыздын уйуно барып тойго кеткен чыгымды тологуло эми дейт.
Алар бизде анча акча жок, бере албайбыз десе синдиси эжемдин ордуна мен турмушка чыгам деп.
Барып жездеси менен жашайт. Азыр 2 балалуу болуп калыптыр.
эн бактылуу уй булолор. Бешене э
+1
Ayselim
2014-05-06 00:00:46
upol92, kyzykgo
+1
malik.87kg
2014-05-06 00:33:33
Эч нерсе бербегиле ал кызда да куно бети жок кыз экен эптеп эрге тийип алайн десе керек да
0
kamo
2014-05-06 00:38:48
Андай биздин деле айылда болгон. Жердеш кызым куйоого тийет. Кайын журту бай жакшы турушат экен. Бир аз жашап тиги кыз кетип калат. Корсо куйоосу мынкылдап суйлойт экен. Куйоосунун ошонусун жактырбайт. Торкунуно келип алат. Ызаа болгон кайын журту аркасынан келип кыздын ата энесине ачуу басар ,калынды толо дейт. Аягында кыздын атасын сабап кетип калышыптыр. Дагы бир нерсе кыздын боюнда бар экен. Оз ырыскысын чанган кыз торкунундо журуп тороду.
+1
upol92
2014-05-08 03:10:35
kamo, Суйлогондо эмне айып бактылуу кылса болдуго. Жашоодо баары боло берет экен. Ошон учун терен ойлонуп, иш кылыш керек
0
tina-janka
2014-05-08 03:11:29
Кудай сактасын. Ар бир Адам бактылуу болсун.
0
Nurik_9597
2014-05-08 13:29:22
Upol 92, kantip ejesinin guiosuno turmuwka 4ygyptyr sen awatyp salgan joksunbu?
0
peri...97
2014-05-08 14:32:35
Nurik_9597, Андайлар болуп эле атпайбы,мумкун мурун синлиси жакшы коруп жургондур жездесин...
0
peri...97
2014-05-08 14:36:50
Эме тиги жабыр тарткандардын ата энеси чын эле кимди сотко берет...сотко кайрылганы менен ал жерде эч кандай далил жокко,тазалагандан кийинда болду бул жерде эч ким эч жерсе жок деп айтышпаса керек....баарибир эч кимди сотко бералбайт деп ойлойм.....бирок окунучтуу кырчындай балдардын омуру....
0
altysha.kg
2014-05-10 06:45:47
Аллахым кайтыш болгон балдардын жайын жаннаттан кылсын амииинь,жаракат алгандарга шыпаасын берсин!
0
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан