"КОМЕДИ КЛАБ" - ЖЫЛЫНА 10 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ТАБАТ

“Адамды ыйлатуу оңой, ал эми күлдүрүү кыйын” деп коёт эмеспи. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Орусиядан тышкары өлкөлөрдөн да өз күйөрмандарын табууга жетишкен “Комеди Клаб” шоу-программасын билбеген жан жок десек жаңылбайбыз. Демек, шоу тууралуу маалымат берүү кезеги келип жетти.

Тарыхы

“Комеди Клаб” юмор долбоорунун уюштуруучулары боорду эзген алгачкы тамашаларын 2003-жылдын 12-сентябрында Москвада алып чыккан. Анын алгачкы белгилүү коноктору Филипп Киркоров жана Валентин Юдашкин болгон. Шоуну көрүп, тамашага көздөн жаш чыккыча күлгөндөр ошондо эле бул долбоордун келечеги кең экендигин айтышкан.
Аталган долбоорду түзүү идеясы “Новые армяне” деп аталган КВН командасынын активдүү, тамашакөй, таланттуу жигиттерине тиешелүү. Алар: Артак Гаспарян, Артур Жанибекян, Арташес Саркисян жана Гарик Мартиросян эле. Булар идеяны батыштын ар кандай тамашалуу шоу-программаларынан алышкан. Долбоорду ийне-жибине чейин иштеп чыгууга үч жыл убакыт сарпталган. Толук даяр болду делингенде, 2003-жылы 12-сентябрда Москвадагы белгилүү түнкү клубдардын биринде элге тартуулаган. Ошондон тарта ар апта сайын сахнага чыга баштаган.
Долбоорду негиздөөчүлөрдүн бири Артак Гаспарян “Комеди Клаб” белгилүү болуп калганда курамдан чыгып кетет. Калган үчөө долбоорго тиешелүү иштерди өздөрүнүн жөндөмүнө, мүмкүнчүлүгүнө ылайыктап бөлүп алышат. Мисалы, сахнага чыкпаган Жанибекяндын кесиби экономист болгондуктан, финансы иштерин өз колуна алат. Акырындап ал “Комеди Клабдын” продюсерине айланат. Саркисянга шоуну жана гастролдорду уюштуруу жүктөлүп, ал эми Мартиросянга репертуарларды көзөмөлдөө жана жаңыртуу жагы тапшырылат.
“Комеди Клабдын” аудиториясы башында чакан эле болсо, акырындап өсө баштайт. Долбоорду көгүлтүр экрандан чыгаруу идеясын Артур Жанибекян ТНТ каналынын башкы директору Дмитрий Троицкийге сунуштайт. Директор шоу-программаны эфирге алып чыгуу менен көрүүчүлөрдүн санын көбөйтүүгө мүмкүн экендигине көзү жетип уруксат берген. Ошентип, шоу-программа 2005-жылдын 23-апрелинен баштап эфирге чыга баштайт. Бүгүнкү күндө бул юмордук долбоорду көрүүчүлөр теле менен катар интернет жана улам жаңы чыгып жаткан дисктер аркылуу көрө алышат.

Эмне үчүн Биринчи каналдан көрсөтүлбөйт?

Бүгүнкү күндө “Комеди Клабдын” көрүүчү­лө­рүн жөнөкөй айдоочудан тартып элитага чейинкилер түзөт. Ушундан улам “эмне үчүн Орусиянын башкы каналы деп эсептелинген Биринчи канал аталган юмордук-шоуну көргөзбөйт?” деген суроо туулат. Көрсө, шоудогу уят жана сөгүнгөн сөздөр Биринчи каналдын аброюна туура келбейт экен. «Эгер “Комеди Клаб” программалык багытын бир аз өзгөртсө, Биринчи каналдан көрсөтүлүп калышы мүмкүн» деген кептер бар. Бирок долбоордун продюсеринин айтымында, учурда бул маселени карап чыгуунун зарылчылыгы жок. Себеби буга чейинки жетишкен ийгиликтер “Комеди Клабдын” мүчөлөрүн жана жетекчилерин толугу менен канааттандырат.
Негизинен, клубдун мүчөлөрү жашоодо кезиккен түрдүү көрүнүштөрдү сахнада юмор менен чагылдырып берүүнүн усталары.

Күлүү да, күлдүрүү да кымбат

“Комеди Клаб” акыркы бир жарым жылдын ичинде күтүлбөгөн ийгиликтерге жетишти. Мурун бир жыл ичинде клуб 10 миллион доллар табат деп эч кимдин оюна келген эмес. Бирок ийгилик жылоолоп, өткөн жылы клубдун жылдык кирешеси 10 миллион долларды түздү. Кантип? Биринчиден, шоунун ар билети 2 миң рублдан кем эмес. Экинчиден, атактуулар билетти атайын дайындалган столу менен чоң суммага сатып алышат. Үчүнчүдөн, “Комеди Клабды” заказ менен чакыруу 10 миң доллар турат.

«Комеди Клабдын» негизги курамы

  • Арташес Саркисян
  • Шоунун алпаруучусу, конферансье (сахнада көрсөтүлүп жаткан оюндун мазмунун көрүүчүлөргө айтып берип туруучу адам)
  • Лакап аты – Таш
  • Кесиби – Шарап жасоочу
  • Туулган жылы – 1974-жыл, 1-июнь


  • Гарик Мартиросян
  • Аткаруучу
  • Лакап аты – Гарри
  • Кесиби – Дарыгер
  • Туулган жылы – 1974-жылы, 14-февраль


  • Павел Воля
  • Аткаруучу. Негизги милдети – шоуну көргөнү келген атактуу адамдарды тамашага салып, мазактоо.
  • Лакап аты – Снежок
  • Кесиби – Мугалим
  • Туулган жылы – 1979-жыл, 14-март


  • Александр Ревва
  • Аткаруучу. Дайыма чоң эненин жана Артур Пирожковдун образын чагылдырат.
  • Лакап аты – «А» Ревва
  • Кесиби – Экономист
  • Туулган жылы – 1974-жыл, 10-сентябрь


  • Тимур Батрутдинов
  • Аткаруучу. Сахнадагы түгөйү – Харламов.
  • Лакап аты – Каштан
  • Кесиби – Экономист
  • Туулган жылы – 1978-жыл, 11-февраль


  • Гарик Харламов
  • Аткаруучу. Тимур Батрутдинов менен дамамат дуэт аткарат.
  • Лакап аты – Бульдог
  • Кесиби – Актёр
  • Туулган жылы – 1980-жыл, 28-февраль


P.S. Бир нече күн мурун Харламов бул долбоордон биротоло кетерин билдирди. Эми анын артынан чогуу түгөй болуп чыгып жүргөн Тимур Батрутдиновдун да кетүү коркунучу турат.

Мындан тышкары шоуну көрккө чыгаруучу аткаруучулар:

Гавриил Гордеев, Олег Верещагин,
Дмитрий Сорокин, Зураб Матуa,
Андрей Аверин, Алексей Лихницкий,
Роман Юнусов, Антон Лирник,
Андрей Молочный, Александр Незлобин, Митя Хрусталёв, Витя Васильев,
Сергей Бессмертный, Игорь Меерсон, Любинда Арачагу.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Erkem
2009-10-29 18:22:12
маладестер ушинтип эле элди кулдуруп акчасын алып журо бергилее хехехехех
0
№ 364, 23-29-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан