Назми:«2 КҮН УКТАБАЙ ЖҮРҮП АЛГАН ҮЙҮМ АКЖОЛТОЙ БОЛДУ»

Кичүү кызы Алиманын тушоосун кесип, жаңы эле конокторун узаткан Назми бизди жакшы маанайда тосуп алды. Жарык, өзгөчө дизайн менен жасалгаланган 2 бөлмөлүү үйүн бизге тааныштырып чыкты. Ырчынын гүлдөрүн, аквариумдагы балыктарын, ар бир буюм жарашыктуу коюлганын көрүп, табити мыкты, эмгекчил кожойке экенин баамдадык.

-Чынын айтсак биз бул үйгө кир жуугуч машина, телевизор, компьютер, идиш-аяк анан кийимдерибиз менен эле келгенбиз. Мурунку кожойке турмушка чыга элек, жаш кыз экен. Оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп, ылайыктап мебель алганда эле күйөөгө чыгып жатканына байланыштуу «сатам» деп жарнама берген. Келип көрүп үйдү аябай жактырдым. Дизайнер менен тыгыз иштешиптир, анын талантына баа бердим. Бөлмөлөр адатта төрт бурч го, биздики беш бурч да болуп кетет. Ар бир бөлмөдө балкон бар, ал өзүнчө чакан бөлмө болуп калат. Ашкананын балконунда муздаткыч, кир жуугуч машина, диспенсер, көп колдонулбаган идиш-аяктар жана тамак-аш турат.

– Бул гүлдөр ашкананын балконундагы терезеде гана жакшы өсүшөт. Турмушка чыкканда апам белек кылган. Башка бөлмөлөрдөн куурай баштаганда орун которуштуруп койсом, тынбай гүлдөп жатышат. Кыпкызыл болуп ачып турган гүлдүн аты – Герань, дарылык касиети да күчтүү. Балдарымдын кулагы ооруса жалбырагын ушалап, суусун чыгарып туруп, кулактарына салып, топусун кийгизип койсом тез эле басылат. Анын жанындагы гүлдүн атын билбейм, өзүм эле Бабочка деп коюп алдым.

– Балыктын сүзгөнү адамдын нервин эс алдырат экен. Залда турган аквариумда 5 балык бар. Жаңы жылда жолдошум балдар үчүн деп атайын сатып келген.

– Стенкада менин акыркы беш жылда алган ордендерим, дипломдорум турат. Калган сыйлыктарым апамдын үйүндө.
Зал менен балкондун ортосун жылдырма эшик бөлүп турат. Залдын балконунда менин сахнага кийчү кийимдерим, себим жана компьютер бар. Себимдин да көбү апамдыкында, үйгө алдырганым менен көп деле колдонулбайт экен.

– Балам Феликс 8-класста окуйт. Жолдошумдун биринчи никесинен. Феликс колума 3-классында келди. Ага чейин апасы менен Казакстандын Караганда шаарында жашачу. Атасын сагынып келе берген. Эжеси, улуу кызым Алина да бойго жетти, жакында кайнене болом дегендей, үйүбүздү дагы чоңойтушубуз керек.

– Бул болсо уктоочу бөлмөбүз. Эки кызым биздин жаныбызда, манежде укташат. Башка бөлмөгө бөлгөндөн атасы экөөбүз тең «ачынып калышса ооруп калат» деп корко беребиз. Альбина бала бакчага барат, 4 жашта. Кичинесинен таенеси баккан, апам 2 жашында тамганын баарын үйрөткөн, азыр тамгаларды кошуп окуйт. Кичүүсү Алиманы өзүм карайм.
Топтогон акчам кожойкенин сураган баасына жетпегендиктен, эки күн уктабай, жакындарыман кошумча акча сурап жүрүп алган үйүбүз акжолтой болду. Тойдун артынан той берип жатабыз.
 Кыстарылган видео 
Назми: "Үй алам деп 2 күн уктаган эмесмин"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
jojolove
2014-05-05 18:10:29
Уйу жакшы экен.Уй-булосу, балдары мн бактылуу болсун...
0
Narynbek
2014-05-05 22:38:58
Ак жолтой үй болсун!жакшы ырдайт негизи Назми!
0
Marta
2014-05-06 03:13:00
Бактылуу болгула!
0
aikol87
2014-05-06 06:29:18
Бактылуу болунуз!!!. Уйу аябай жакты.
0
naaazka
2014-05-06 08:52:41
уйу соонун экен жакты, эки болмолу болсо да кооз кылып жасаптыр. башкаларга окшоп бироонун уйун менин уйум деп мактанып тарттырбай озунун уйун тартыптыр азаматсыз.
0
uuljan94
2014-05-06 12:19:59
Мага уйду саткан кожейке жакты себеби мыкты аял болмок. Кимге турмушка чыкса да бактылуу болсун. Жана Назми алган уйу жана уй-булосу менен бактылуу болсун.
0
bai.kymbat
2014-05-06 15:40:23
мага озгочо жакты уйунуз! Сыр болбосо баасында айта кетсениз болмок???
0
raimzhanov81
2014-05-06 17:56:02
куйоосу крутой го дейм.
+1
Made_in_Mama
2014-05-06 23:40:59
raimzhanov81, bizdin yrchy aiymdar krutoilorgo gana tiyiwet goo. Al emi kv. jakwynakai eken. Baardyk buyumdaryn batyryptyr. 50mindin oido bul kv. Mebel' m.n birge bir top ele kymbat bolso kerek.
0
raimzhanov81
2014-05-07 01:27:11
Made_in_Mama, ак соз ак соз.
0
zolotiwka
2014-05-07 09:35:15
Адам уйго киргенде эс алууну каалайт, ал эми кээ бир адамдар уйун муздак кылып ото тыкан жана ашыкча эч нерсе койбогонго аракет кылышат. Назминин уйундо мен байкаганым бул уют.
0
bantik
2014-05-07 11:04:35
канча сомдук уй экенин баасын жазып коюшса болмок экен.
0
Aisanat
2014-05-07 14:07:44
Супер инфо сын пикирди бизге жаз деп банга кетирбегиле. Мен бул сиздердин емес Назминин созу деп ондоп жатам. Хай тех деген созду Назми тушунбойбу же кг башкача тушунук барбы. Ал архитектурага тиешеси жок.Ал жогорку техника деген создон алынган. Жаны технология менен жабдылган болсо анда айтса болот. Мисалы хай тех убакыттын отушу менен катардагы болуп калат. Мисалга келтирсем азыркы учурда уйдо свет алакандын чабылышы менен очуп куйсо, туалет ун буйругу менен чайкалса ошону айтса болот.
+2
rahat.87
2014-05-07 18:13:30
кудайым мага да ушундай уйду насип кыла кор.
0
pumba.timon
2014-05-07 18:46:49
Хай тех эмес ХАЙ ТЕК! Бири бирибиздин каталарыбызды ондоп коелу)))))
0
Aisanat
2014-05-08 16:08:18
pumba.timon, ошо техника деген создон алынып жатса тех болот да. Мен кг коп жылдан бери жашабагандыктан ел кандай айтышаарын билбейм. Европада хай тех деп еле айтабыз.
0
burkut100
2014-05-09 10:24:07
Чакан уйду чонойтуш учун, балкон кошуш учун эмне кылуу керек билгенинер барбы? Бироо жарымдан уруксаат алыш керекпи же акча болсон болгонубу?
0
cosmopolit
2014-05-10 12:56:53
Uyu ozuno buyursun, bitok ayabay ele bitildak eken...
0
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан