ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ДОСУМ КЫРГЫЗСТАНДАН, АТАСЫН ИЗДЕЙТ»
– Саламатсыздарбы, гезиттин жалпы жамаатына салам жолдойм. Аты-жөнүм Нуралы Эргешов. Мен Орусияда, Чита шаарында жашайм. Бул жерде Нурбек аттуу 1988-жылкы досум бар. Ал кичинесинде эле ушул жерде калган экен. Жерлиги Таластан экенин билем. Бирок эмне болуп бул жакта калганын билбейм, туугандары окуп калса түшүнүшсө керек. Жардам кылып, туугандарын таап берип койсоңуздар! Орозалиев Калыбек Баккельдиевич деген агасын жана атасы Орозалиев Баккельди Атаналиевичти издеп жатат.

Нурбектин
телефон номерлери: +79148068885, +79141227642

«ГРУППАЛАШТАРЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– 1970-1973-жылдары мурдагы Фрунзе шаарындагы Финансы экономикалык техникумунда айыл чарба бөлүмүнүн «Ж» группасында бирге окуган бардык группалаштарымды издейм.

Группалашыңар
Көчөрбай Жийдебаев,
0779 45 91 19

«КЛАССТАШЫМ ЗУУРАГА ИЗДӨӨ САЛАМ»
– Нарын шаарындагы №1-Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте 1977-жылы бирге окуп аяктаган классташым Зуура Куба­товага издөө салам. Ал биздин мектепке Таластан келип окуган, өзүнүн жерлиги Талас болчу. Андан кийин Талас­та­гы медициналык окуу жайды окуп бүтүргөнүнөн кабарым бар. Класс жетекчибиз Гүлмира Мамытова аттуу эже болчу, балким, окуп калсаң эс­тээрсиң.

Классташың
Нуржан Мусаева,
0770 65 60 36

«ГРУППАЛАШ, КАЙДАСЫҢ?»
100-лицейде чогуу окуган, жумгалдык Эрмек уулу Рустам кайдасың? Кабарыңды билдир.

Группалашың Төлөбек Сабырбеков,
0708320626

«БИР ТУУГАНЫМА ИЗДӨӨ САЛАМ»
– Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Талды-Суу айылында бирге өсүп чоңойгон бир тууганым 1968-жылы туулган Бактыгүл Аблазованы издейм. Акыркы жолу 3 жыл мурун көрүшкөнбүз. Ал Балыкчыга турмушка чыгып кеткен. Азыр дайынын таппай келем. Эгер Бактыгүлдү көргөн-билгендер болсо байланышып коюңуздар.

Эжеси Аманат,
0709 12 05 54

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан