БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТКО ӨТСӨК ЭЛЕ ШАЙЛОО ТАЗА ӨТҮП КАЛАБЫ? («Cупердин» сурак бурчу)

Данияр Нарымбаев, Президенттик аппараттын жетекчиси:
– Буга чейин Кыргызстанда шайлоочулардын так тизмеси болгон эмес. Мисалы, тизмеде мигрант болуп чет жерде жүргөн, көзү өтүп кеткен адамдардын аты-жөнү жүрчү. Мындай фактыларды айрым адамдар өз кызыкчылыгына пайдаланып, жок адамдардын ордуна добуш берип, шайлоонун жыйынтыгын бурмалап келишкен. Бул сыяктуу маселелерди чечүү жолунун бири – биометрикалык паспорттордун системин киргизүү.
Бул жаңы системди кабыл алсак, жарандар өзү үчүн гана добуш бере алат. Анын добушун эч ким бурмалай албайт. Ушул системди түзүш үчүн кандай чара көрүшүбүз, кайсы мыйзамдар жана кандай каражаттар керек деген маселелер жакында Улуттук кеңештин жыйынында каралды. Бирок таза шайлоо өткөрүү үчүн аталган паспортко өтүүдөн башка да көп иштерди аткарышыбыз кажет.

Ишенбай Кадырбеков, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
– Биометрикалык паспортко өтүү шайлоонун таза өтүшүнө жардам берет, бирок аягына чейин ачык өтүүсүнө шарт түзбөйт. Себеби бул паспорттор 2015-жылга чейин толук берилип бүтпөйт жана биометрикалык паспорт алууга жетишпей калган жарандар шайлоого катыша албай калышат. Бул системге өткөнүбүздө бюллетенди адам урнага өзү барып салганы менен, добуштардын санын компьютер эсептейт.
Ал эми добуштар тууралуу маалымат камтылган борбордук серверге кире алган адамбы же хакерлер болобу, аны бузуп кирип, добуштардын жыйынтыгын өзгөртүп коюусу мүмкүн. Жакшысы, шайлоонун ачык-айкын өтүүсү үчүн шайлоочулардын тизмесин тактап чыгыш керек. Бизде бүгүнкү күндө шайлоолор 2001-жылдагы тизме менен өткөрүлүп келүүдө. 2001-жылдан бери канча адам каза болуп, канчасы шайлоочу боло турган куракка жетип, канчалары чет мамлекеттерге көчүп кетти?.. Бизде болсо алардын атынан добуш жасалып жатат.

Бактыбек Калмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Мамлекет биометрикалык паспортту киргизүү менен өлкөдөгү мыйзам бузууларга жол бербей, шайлоо учурундагы адамдардын тандоо укуктарын калыптандыруу багытында бара жатат. Бирок мындай паспортту киргизип коюп эле шайлоо түздөлүп калды деген туура эмес. Бүгүнкү колдонууда турган мыйзамдар менен деле, бүгүнкү шайлоо технологиясы менен деле адамдын каалоо-ниетине жараша толук кандуу таза шайлоо өткөргөнгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми ошол таза шайлоону ким канчалык деңгээлде, жүрөгүнүн кайсы бурчунда каалап жатканы – бул экинчи маселе. Ошол эле учурда адам ойлоп тапканды адам бузат. Шайлоо системин жаңыртып, өзүбүзгө кабыл алганыбыз менен, бийлик административдик күч менен, мажбурлоо жолу менен шайлата турган учур да болушу мүмкүн.


Улукбек Кочкоров, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Шайлоону биометрикалык маалыматтар менен өткөрүү шайлоонун таза өтүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде салым кошот. Себеби бизде акыркы шайлоолордо урнага уурдалган добуштарды массалык түрдө таштап жиберүү учурлары катталып, ал тургай видеолору интернет булактарына жайылган. Башкача айтканда, шайлоого болгону 567 киши келген болсо, ал сандын астына 1ди кошуп, 1567ге көбөйтүп жиберүү учурлары катталган. Ал эми биометрикалык паспорт аркылуу добуш бере турган болсок, бир адамдын атынан башка бир адамдын добуш берип коюу мүмкүнчүлүгү жоюлат.


Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Биометрикалык паспорт бизге керек, бирок бул паспортту колдонуп калсак эле таза шайлоого жете калбайбыз. Анткени добушун саткан адамдар баары бир шайлоо системин бузуунун жолун издеп табышат. Албетте, бул систем аркылуу добуштарды бурмалап, аралаштырып салууга бир аз да болсо чек коюлат, бирок толук кандуу таза шайлоого жетүү үчүн калкка бул тууралуу маалымат берүү зарыл.
Бардык эле адамдар аталган паспорт тууралуу кабардар болбогондуктан, аны алууга анча деле кызыга беришпейт жана бул паспортко өтүү мөөнөтү созулуп кетиши мүмкүн. Менин оюмча, көрсөтүлгөн убакытка чейин биометрикалык паспортторго өтүү үчүн 2 гана кадам бар. Биринчи кадамда биз адамдарга түрткү беришибиз керек. Мисалы, 1 жаран биометрикалык паспорт алса, ага 20 доллар төлөнөт деген сыяктуу эрежелерди кабыл алып, жарандарга стимул беришибиз керек. Ал эми экинчи кадам – ким биометрикалык паспорт албаса, аларды мамлекеттик кызматтан чектөө же айып салуу керек.

Эрлан Сапарбаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси:
– Биометрикалык паспорт бул – бүгүнкү күндүн талабы. КМШ өлкөлөрүндө мындай паспортко өтө элек бир гана биз калганбыз. Буга чейин бул маселе боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анда Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов баштаган топ иш алып барып жатканбыз. Бул комиссия өкмөттүн буйругу менен 2013-жылдын башында 2 айлык мөөнөт менен түзүлгөн. Бирок ар түркүн себептерден улам комиссиянын иши 9 айга созулуп, 1 жылга жакын убакытты жоготтук. Комиссиянын иштеп чыккан программасына кээ бир министрликтер жана мекемелер каршылыгын билдирип коюшту.
Жаңы паспорттун эң негизги артыкчылыгы – электрондук же автоматташтырылган шайлоолордо «бир адам, бир документ, бир добуш» деген принципке жеткирет. Мурдагыдай тескери иштер жүрүп, 1 адам 3-4 добуш берген учур кайталанбай, добуш сатууга же сатып алууга максималдуу түрдө чек коюлат.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Wave.
2014-05-05 10:22:07
Кандай болсо да, паспорт берууну токтотпосо. Баягыда кагаздары тугонуп калыптыр, тигиниси тугонуп калыптыр деп паспорт ала албай канчасы жарандыгы жок адамдардай болуп журду.
0
uluk1982
2014-05-05 12:21:37
бул нерсе Комитет-300нын программасы!!!!
0
wwwww
2014-05-06 13:27:34
uluk1982, Кандайча ?
0
Dadin
2014-05-05 13:40:13
Кайсы КМШ олколору биометрикалык паспортко отуптур,суйлосо боло берет деп эле суйлой берсе болобу Эрлан Сапарбаев мырза?Мисал келтирип айта кетсен болмок экен бир,эки олкону.Россия дагы ото элек мындай паспортко,эми гана откону жатышат.Кичине бир нерсени билип анан айтсан болмок.Эптеп эле акча жемей системасы да бул дагы.
+2
love.is
2014-05-05 20:44:02
Эгер близ мындай паспорт алсак чет олкого чыкканыбызда кандай болоор болду экен???
0
nurgul-92
2014-05-07 16:47:50
jaman nadael eken go ech kımdı shailabai ele ar kım ozuno prezıdent deputat bolup juro berısh kerek da alar bar bolgonu m.n emne ıshke jarap kyiratıp jatıshat
0
nurgul-92
2014-05-07 17:15:29
bızge ozu prezıdentın deputatın dele keregı jok ıshtebegenden kıiın emne keregı bar
+2
TolonturCN
2014-05-11 06:39:05
Алдын ала батыш өлкөлөрү өздөрүнн малайларын даярдап коюшат, аны ишке ашыруу үчүн келесоо саясатчыларды акча менен алдашат, анан шайлоо болот, добуш берүү жана башка карапайым калыктын көзүн бойоо үчүн эле болот, калганы алдын ала бекитилгендей болуп кете берет. Ушунун жыйынтыгында "Эгемен" деп аталган өлкөлөр жана эле кожо мамлекеттердин саясаты менен башкарылып келе берет.
0
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан