Түстөрдү айкалыштыра алууну баары эле биле бербейт. Кийинүүдө түстөрдү кураштыруу үчүн көптөгөн айымдар эмгек менен катар убактысын да коротот. Сиз стилдүү болуу үчүн түстөрдү туура комбинациялай албай убарасызбы? Анда биз сизге кайсы өңдөр бири-бири менен туура айкалышарын айтып беребиз.
Түстөрдү жылуу жана муздак деп бөлүшөт. Коюу көк, жашыл, көгүш – муздак түстөрдүн катарына кирет. Ал эми жылуу түстөрдүн катарын кызгылт сары, кызыл, сары түстөр толуктайт. Модадагы эреже боюнча муздак түстөр жылуу түстөр менен ылайык келбей, өз ара гана айкалышат. Бирок бүгүнкү күндүн кеңири жайылган модасында эки топтогу түстөр айрым учурда бири-биринен куралып калат.
Түстөрдү айкалыштырууда үчтөн ашык түстү колдонбош керек. Албетте, кечеде же майрамдык иш-чараларда бул эрежеден четтеп кетүүгө болот. Негизги түс болжолу менен кийимдердин 75 пайызын ээлеши керек да, калган эки түс 10, 15 пайыздан болсо жетиштүү болот.
БИРИ-БИРИНЕ АЙКАЛЫШПАГАН ТҮСТӨР:
Күлгүн түс кызыл менен, кызгылт сары түс боз, күңүрт жашыл менен туура айкалышпайт. Көк түстүү кийим менен ачык жашыл кийимди бир кийүүгө мүмкүн болгону менен, бул түстөр чогуу болгондо адамды стили жок кылып көрсөтүп коёт. Ал эми жашыл түс күлгүн түскө айкалыша бербейт. Күрөң түс болсо ачык күлгүн түскө туура келбейт. Сыя көк эч качан кызыл менен айкалышпайт.
Булардан сырткары гардеробдо сөзсүз түрдө дене түсүндөгү кийим бар болгону жакшы. Себеби бул түс бардык түскө жана бардык кийимге мыкты айкалышат.
Ширин Турдакунова
kenesh@super.kg