«Жолугарым билгенмин», «Биз экөөбүз», «Жалгыздыктан жадап бүттүм» деген эстен кеткис ырлардын аткаруучусу Токтобүбү Черикчиева менен болгон маек биздин да эсибизден кетпечүдөй болду. Булбул үндүү ырчы бизди үйүндө тосуп алды, анда эмне кептер айтылды, назар таштаңыз.
– Токтобүбү эже, сизди бактылуу эне деп билебиз, балдарыңыз бой жетип калгандыр?
– Улуу балам Чыңгыз Юридикалык академиянын 4-курсун аяктап жатат. Келбети, мүнөзү баары мага окшош. Мен өңдүү бирөөнү алдабайт, уурдабайт, куулук-шумдугу жок, бетке чабар. Балама чоң жакшылык кыла элекмин деп былтыркы концертимден түшкөн акчанын үстүнө кошуп машина алып бергем. «Машина, үй алып бердим, эми аял алганга өзүң акча чогулт» деп тамашалап калам. Кызым Медина 5-классты аяктоо алдында турат.
– Эки баланы тарбиялоо менен катар чыгармачылыкты алып кетүү оңой эмес, сизге ким каралашат?
– Менин таянар тоом, сырдашым, курбум – апам эле. Улуу балам биринчи турмушумдан, ымыркайынан бой жеткенче апам каралашты. Экөө өзүнчө батирде турушчу. Апамдын каза болгонуна төрт жыл болду. Ал кишинин көзү өткөндөн бери балам биз менен. Уулум таенесине менден да жакын болчу. Апамдын көзү өткөндөн кийин Чыңгыз экөөбүз бет келсек эле бышактап ыйлап калчубуз. Кээде урушайын десем да тилим кыска. «Эмнеге мындай кылдың?» деп баштаганда «апам болсо мындай демек эмессиз» дейт, анан тилимди тишиме катып отуруп калам.
– Апаңыздын жалгыз кызысызбы?
– Атамдын бир нече баласы бар, бирок апамдын жалгыз кызымын. Атамдын апамдан башка да аялдары болгон. Апам мени жалгыз тарбиялап өстүрдү. Анын тарбиясынан кийин эле кыргыздын залкарларынын колуна түштүм. Филармониянын алдындагы студияда окуп жүрүп, Эстебес агайдын тобунда комузчу болуп иштедим. Ырчылыгым 1990-жылы башталды. Ушул жылы Асанхан Жумахматов жетектеген топ Германияга барып калдык. Асанхан агай «ырдап көрчү, сен жакшы ырдайт экенсиң» деди. Ошондон тарта ырчылык карьерам башталды.
– Эмнеге жолдошуңузду элге алып чыгып тааныштыргыңыз келбейт?
– Мен эмес, өзү ошондой деп эсептейт. Анын үстүнө «Черикчиеванын күйөөсү» дедиргим келбейт. Той-топурга барганда кызыктай абалга көп дуушар болом, анткени «Черикчиеванын күйөөсү» деп тааныштырышат. Менин оюмча, «баланчанын келинчеги Токтобүбү Черикчиева» деп мени тааныштырыш керек эле. Мен өмүр бою эркекти биринчи орунга коюп келген аялмын.
– Турмушта эмне деген гана окуялар болбойт. Бут тосуулар, көрө албастык, жамандоо, ушундай нерселерди кантип жеңесиз?
– Бир жолу жумуштан катуу капаланып келип, апама арызданып ыйлап кирдим. Ошондо апам «күнөөң жеңилдейт, мейли, ушактай беришсин. Илгери байлар тиги дүйнөдөн бейишке чыгалы деп акча төлөп өздөрү жөнүндө ушак тараттырышчу экен. Сен Кудайга койдум деп эле кой. Кудай өзү жазалайт» деп мени соороткон. Мага бут тосуулар болгон, болуп келет, апамдын кеңеши менен жеңип келем. Чет өлкөгө барарда менин атым чийилип калат, ордума башка кетет. Мамлекетке иштеп келе жатканыма 28 жыл болду, Эмгек сиңирген артист наамын алууга 2-3 жолу документ тапшырсам, кайра кайтарылды.
– Арманыңыз барбы?
– Бир гана арманым бар. Балким, кимдир бирөөгө жөн салды иштир, бирок мен үчүн чоң өкүт. Уюлдук телефон деген нерселер мурун эле чыкканда эмне, аттиң дей берем. Мен кыргыздын эмне деген гана улуу залкарлары менен табакташ болуп, бирге иштебедим. Бирок алар менен чогуу түшкөн сүрөтүм жок экен. Ошого ичим туз куйгандай ачышып калат.
– Ошол инсандар менен гастролго көп чыксаңыз керек...
– Кышында кыштоолорго, жайында жайлоого барып ырдачубуз. Беш-алты чабанды бир жерге чогултабыз да, комуз менен ырдап киребиз. Кышкысын ичик жамынып турганыбыз менен, ырдаарда артист көйнөкчөн чыкчубуз. Колдорум калдайып тоңуп калса да комуз менен ырдачумун. Ошол кездеги адамдардын бизди тыңдагандары азыр да көз алдымда. Муюп, ар бир сөзгө маани берип угушар эле. Концерттен кийин сөзсүз коноктошчу. Ошол көз ирмемдер менин бактылуу күндөрүм экен. Азыркы ырчыларды чабандарга концерт бергиле деп көргүлө, балээни барышабы.
– Ысык-суукта жүргөн күндөрдүн залакасы тийген жокпу?
– Албетте тийди, азыр буту-колум, белим ооруйт. Таптакыр оорукчан болгон жокмун, бирок запкысын тартып жүрөм.
– Ким менен сырдашасыз?
– Өзүм менен сырдашам. Отурам, ойлоном, чечим кабыл алам. Бирөөгө сырыңды айтсаң, айланып келип ал сыр өзүңө катуу тийип калышы мүмкүн. Сырым сакталбай элге жайылып кеткен да учурлар болгон.
– Депрессиядан кантип чыгасыз? Айрым айымдар ый аркылуу чыгарат, курбуларына сырын төгүү менен жокко чыгарат же арак менен достошот дегендей...
– Үйдөгүлөргө бир жакка кеттим деп коём да, машинамды айдап шаардан чыгып кетем. Шар аккан суунун жээгине барып отура берем. Кимден ката кетти, мен бул жагдайдан кантип чыксам болот деп ойлоном. Отуруп алып ыр жатташым мүмкүн. Анан апамдын күмбөзүнө барып алып ыйлап, маселемди апама айтып берип жеңилдейм. Негизи мен көк бет, өжөр эмесмин. Тез кабыл алып, тез унутам.
– Чыгармачылыктагы досторуңуз ким?
– Мен курактуулардын баары менен жакшымын, жамандык-жакшылыкта катышып турам. Бирок бул чөйрөдөн жакын дос күтө алган жокмун.
– Чачыңыз өтө узун эле, эмнеге кыркып салдыңыз?
– Аябай суюлуп кеткенинен 2 сантиметрдей калтырып кыркып салгам, азыр кайра өстүрө баштадым.
– Учурда кайсы топ менен иштешип жатасыз?
– Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Бакыт Тилегенов жетектеген оркестрде ырчы болуп эмгектенем. Ага чейин филармониянын ырчысы элем.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg