Жашылча, жемиш, жумуртка, колбасаны деле жөнөкөй кылып кесип, бирок кооздоп салып койсо, дасторкондун көркүн ачат. Бул өзгөчө коноктор келгенде маанилүү. Балдардын да ичтейи ачылып, кызыгуу менен жешет.
ЖУМУРТКА МЕНЕН ПОМИДОР
Алгач чоң эттүү помидорду алып, түбүнө жеткирбей ичке тилимдерге кесип ажыратабыз. Эми араларына бышкан жумуртканын тегерете кесилген кесимдерин коюп чыгабыз. Тарелканын үстүн укроптор менен кооздогондон кийин салатты жайгаштырабыз.
ЦИТРУС ЖЕМИШТЕРИНЕН САЛАТ
Алгач апельсиндерди тегерекче кылып кесип, анан ортосунан бөлсөк, жарым тегерекчелер келип чыгат. Кивилер да тегерекче түрүндө кесилет. Эми тарелканын четине жарым тегерекче апельсиндерди кабаттап, тизип чыгабыз. Тизилген апельсиндердин ортосуна кивилер жайгаштырылат. Эми банандарды шакекче кылып кесебиз да, ошол бойдон салаттын үстүнө жайгаштырабыз. Салаттын жанына йогурт куюп коюп койсок, каалоочулар жемишти ага малып жешет.
КУЛПУНАЙ, БАНАН, БЛИНЧИК САЛАТЫ (БАЛДАР ҮЧҮН)
Кулпунай, банан жана алдын ала бышырылган блинчиктер тегерек кесилет. Эми тарелкага аларды кооздоп жайгаштырууга кезек келет. Бир банан, бир кулпунай кылып тизип баратып, арт жагына жетейин дегенде блинчикти кошуп кетебиз. Эми жыландын башын кулпунайдын бир жагын кесип жасайбыз. Көздөрү банандын кесимдерин тиш чукугуч менен бекитүү аркылуу жасалат. Куйругунун ролун банандын узун кесими аткарат.
ЖАШЫЛЧА САЛАТ
Сабиз, бадыраң, капуста, сельдерей, помидор жана таттуу болгар калемпирин майда кубик түрүндө туурап, үстүнө майонез куюп аралаштырабыз. Муну төрт бурчтуу же тегерек формадагы чуңкур идишке салып, үстүнөн ныктап, андан соң жайпак тарелкага көмкөрүп койсоңуз, идиштин формасы сакталат. Эми тарелкадагы салаттын чекесин кооздоого өтөбүз. Бадыраңды жарым тегерек түрүндө туурап, кооздоп тизебиз. Бадыраңдардын араларына шакекче түрүндө кесилген зайтун мөмөлөрүн тизип, салаттын эң үстүн петрушка менен кооздоп коёбуз.
КОЛБАСА САЛАТЫ
Бул салатка катуу, орто ышталган жана кайнатылган жоон колбасанын түрлөрү керек. Баары жука тегерекче түрүндө тууралат. Эми тарелкага буларды гүл түрүндө жайгаштыруу керек. Ышталган колбасалардын кесимдери 3 жакка биринин үстүнө бири кооздоп жайгаштырылат. Ал эми кайнатылган колбаса экиге бүктөлгөн түрдө тизилет. Ортосундагы роза үчүн ышталган колбаса абдан жука кесилет. Роза формасына кол менен келтирилип, түбү тиш чукугуч менен бекитилип, ортого коюлат. Роза пияз сабакчасы жана укроп менен кооздолот.
Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-28 номерине чалып же kenesh@super.kq дарегине кат жазсаңыз болот.