КИРПИ УЙКУЧУ ЖАНЫБАР

Чачы тик туруп калган адамды «кирпидей болгон кебетең менен» деп калабыз. Бул жапайы жандыктын ийнелери кимдин гана болбосун кызыгуусун жаратат эмеспи. Эгер кирпи жөнүндө билгиңиз келсе, анда төмөнкү макалага көз салыңыз.

КИРПИГЕ КЫСКАЧА МҮНӨЗДӨМӨ
Кирпинин латынча аталышы «еrinaceus», бизче которгондо «тикенектүү тосмо». Булардын байырлаган аймактары Европа, Чыгыш, Орто Азия жана Батыш Сибирь чөлкөмдөрү.

Сырткы келбети:

  • Денесинин узундугу – 20-30 сантиметр.
  • Салмагы – 700-800 грамм.
  • Ийнелеринин узундугу 3 сантиметр жана алардын арасында ичке, өтө суюк өскөн жүндөр бар. Ийнелеринин ичи көңдөй, аба толуп турат.
  • Чоң кирпилердин ийнесинин саны 6000 даанага чейин жетсе, жашыраактарыныкы 3000дин тегерегинде болот.
  • Жаз же күз айында түлөшөт. Ийнелери 12-18 айда өсөт. Жаратылыш койнунда кирпилер 5-7 жыл жашаса, колдо багылгандар 8-10 жылга чейин жашашат.
  • Буттары 5 манжалуу, учтуу тырмактарга ээ.
  • Тиши – 36 даана.
  • Мурду узун жана дайыма нымдашып турат.
  • Көпчүлүк түнкү жаныбарлар сыяктуу эле кирпинин көрүүсү начар. Бирок анын жыт сезүүсү жана угуусу жакшы өрчүгөн.
  • Кыймылы тез. Секундасына 3 метр аралыкка чейин чуркайт. Бийиктикке секирип, ал гана эмес, сууда да сүзүүнү билишет.
Адамдар отурукташкан аймакка жакын жашай берет. Ошондой эле адамга бат көнүп, 2-3 күндө эле үйүр алат.

Корккондо бүк түшүп, томолоктошуп калат.

ЖАШООСУ
Кирпилер көбүнчө токойдун четиндеги талааларда, бадалдардын арасында, суу жээктеринде жалгыздап жашашат. Алардын жашоосунун активдүү бөлүгү түнкүсүн болгондуктан, күндүз уясында же ылайыгы келген коопсуз жайларда баш калкалашат. Уясын бадалдардын арасына, чуңкурларга, чычкандардын ээн калган ийиндерине, бактын коңулдарына салып, астын кургак жалбырак же чөп менен төшөйт. Алар уялаган аймагынан өтө алыс кетишпейт. Кирпилер апрелдин келиши менен уйкудан ойгонушуп, ноябрга чейин тиричилик кылышып, семиришет. Кыш түшөр алдында уясын жылуулап бекитет да, кышы бою организминдеги май менен азыктанып, боюнда бар келиндей уйкунун сазайын беришет. Ийнелүү жандыктын негизги душмандары карышкыр, түлкү, жапайы мышык жана башка жырткычтар.

АЗЫКТАРЫ
Негизги азыктары – курт-кумурскалар, өсүмдүктөрдөн мөмө-жемиштер. Мындан сырткары, жерге уялаган канаттуу куштардын жумурткаларын сүйүп жейт жана чычкан, бакаларга кол салган учурлары кездешет.

КӨБӨЙҮҮСҮ
Кирпилер жылына бир гана ирет төлдөшөт. Жыныстык жактан 10-12 ай жетилишет. Жазында уйкудан ойгонгон кирпилер курсактарын кампайтып жанданып алган соң апрель, май айларында тукум улоого киришишет. Мына ушул учурда ургаачылары талашка түшүп, эркектери күч сынашат. Кармашууда ачуусу келген кирпи катуу бышкырып, каршылашын түртүп, оңтою келсе мурдунан, бутунан тиштейт. Жеңишке жеткени ургаачысын бир нече саат айланчыктап жүрүп анан жупташат. Ургаачы кирпи 49 күн боюна көтөрүп, бир тууганда 3-8 баш тууйт. Жаңы туулган балдары кызыл эт болуп туулат да, денеси ийне менен 15 күндүн ичинде толук капталат. Эне кирпи балдарын алгачкы айда эмизсе, экинчи айда талаадан азыктанууга үйрөтөт. Андан кийин «төрт тарабың кыбыла» деп жолуна салат. Кирпилер уядан бөлүнүп чыккан соң кайра кайрылып келишпейт.

Кызыктар

  • Биздин заманга чейинки IV кылымда римдиктер кирпилерди көбөйтүп, этин азык катары пайдаланышкан.
  • Эл ичинде ар кандай ооруларга каршы кирпинин этинен шорпо жасап ичкендер бар.
  • Ал эми төрөй албай жүргөн аялдар кирпинин шорпосун ырымдап ичишкен учурлар кездешет.
  • Кирпинин өзүнүн организми абдан күчтүү. Алар мышьяк, сулема сыяктуу уулуу заттарга моюн сунбайт.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Tynar89
2014-05-12 11:23:20
Бизда кирпи бакканбыз тундо алма бактан кармап алганбыз анан апам айран берип коюптур олуп калган
0
peri...97
2014-05-12 23:24:15
Tynar89, укмушко.жаман кулдум....
0
uuljan94
2014-05-12 11:34:34
Мына сага кызык элестет уядан болунуп чыккан сон уясына кайрылып келбейт ата-энесине оордугу тушпойт бирок таш боор экен.
+1
Aisanat
2014-05-12 14:05:15
Секунд емес мунот го. Кичинекей кирпинин бир секундда уч метр жол басаарын елестете албай жатам.
0
Valley.of.the.Wolves
2014-05-12 14:17:05
Aisanat, ha ha menda iwenbei jatam
0
Dadasdasd
2014-05-12 15:13:13
Aisanat, 3 минутта 180 скнт бар. 180 ге чейин санаганча 3 эле метр жылган эмне ташбака беле? чуркаса чуркайтта ал кандай породасы болол тез, жай дегендей.
+1
Баян
2014-05-13 00:07:48
Биздин кирпибиз бар болчу,кундуз анча кыймылдачу эмес,биз уктаганда анан дупулдоп эле чуркап журчу.
0
kalbek87
2014-05-13 08:07:19
Баян, калптан сырткарыле айтып жатасынбы же? мен мисалы кирпини живой королекмин да
0
marin
2014-05-13 16:21:13
kalbek87, Ооба, чуркайт.
0
logist
2014-05-19 01:07:53
kalbek87, Бул кирпи эмес кирпи чечен дейт,а кирпи деп бизде бар орусчасы Дикабрес деп коёт чондору 25-30килограмм эт берет найзаларынын узундугу 40-50см болот.
0
aikol87
2014-05-13 00:07:52
Кызыкко улуу заттарга моюн сунбайт десем. бул жакта айран ичип олду дейтта :-D
0
baibai71
2014-05-13 05:06:30
aikol87, ачыган айран ичсе кирпи эмес,сен деле тынчыйсын да.
0
marin
2014-05-13 16:16:01
Иии. Кармагандан корком.
0
AK-47.
2014-05-13 19:30:08
baibai71 Ачыган айранды ичсе адам олбойт жакшына элэ журобузго ачып кеткен айранды чалап кылып ичип
0
Sarbinaz94
2014-05-14 21:46:47
Рахмат...Кирпи жонундо коп нерсе билип алдым
0
Meerman
2014-05-16 10:38:02
Мен да тан калып жатам, кирпи айран ичип олгон дегенге, организми кучтуу болот деп турбайбы бул жерде. Ачыган айранды организми слабый адам ичсе жакпаса отравления болушу мумкун бирок олбойт го.
0
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан