9-Май – Улуу Жеңиш күнү. Майрамды жыл бою күтүп келген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары азайгандан азайып барат. Апрель айына карата өлкөбүздө 1350 гана ардагер калган. Баатыр аталарыбызды өз учурунда урматтап гезитибиз аркылуу баяндап, сиздин жүрөгүңүздүн архивинде сакталып калуусун максат кылдык. Азыр жомок сезилген Улуу Ата Мекендик согуштун кандуу талаалары ардагердин көзү менен.
«АЗЫР КӨРГӨН ДОСУҢ БИР АЗДАН КИЙИН ТААНЫЛБАЙ КАЛАТ ЭЛЕ»
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 91 жаштагы МАМАЖАН атага жолугуу үчүн Кара-Суу районунун Маданият айылына бардым. Баскан-турганы тың, уга, баарлаша билген, эс тутуму мыкты, чакан бойлуу, ак калпак кийген маектешимден карылыктын карааны да көрүнбөдү. Мамажан ата согуш талаасындагы окуяларын ай, күнүнөн бери так айтып берип, бирде күлдүрүп, бирде кайгыртып отурду:
– 1942-жылы сентябрда 18 жашымда аскерге чакырылып, бир жыл аскердик окуу жайдан даярдоодон өттүм. 1943-жылы взводго командир болуп согуш талаасына кирдим.
«Мы готовы к бою,
За родину, за Сталина!
Если завтра война,
мы готовы к бою,
За родину, за Сталина!
Вперёд, ура-ура-а!»
Бул ыр такыр унутулгус болуп калды. Андан бери көп жыл өтсө да кулагымда жаңырат. Тамак болсо да, тамактанууга убакыт болбой согушкан учурлар көп болду. «Передовой» согуштун эң жаман жери эле. Ал жерде душман да ата берет, биз да ата беребиз. Ким кимди атып, ким өлүп жатат эч ким билбейт.
Белгород шаарында немистер камалып калган экен, артынан барып, алар менен курал такашып туруп калып, биз аларды туткундап кеткенбиз. Согуш Орёлдо катуу жүрүп жаткан. Бизди ошол тарапка бөлдү. Согушуп Орёл, Курск, Белгородду басып өтүп келе жатабыз. Харьковго келдик, согуш жүрүп жатат. Жардыруу, атышуу... Өлгөн андан көп, жарадар болуп, бир мүчөсү жок жаткандар мындан көп. Бул жерден мени менен чогуу кеткен Жоробай деген бар эле, таппай калдым. Аны издеп жатсам Зотов аттуу орус келатат, ок тийиптир, бир жак жамбашы жок, бир колу сүйрөлүп калган. Базаров деген өзбек шеригибизди немистер күрөк менен башына чапкан экен, анын абалы аябай начар, бир көзү салаңдап агып калган. Зотов аны экинчи колу менен жөлөп келатат. «Зотов, Эргешбаева видел?» десем «Да, утром он был живой. А сейчас нет. Видишь, половина задницы нету у меня...» дейт. Азыр көргөн досуң бир аздан кийин таанылгыс болуп калат эле же ошол бойдон таппай каласың.
«СТРЕЛЯТЬ БУДУ» ДЕП МЫЛТЫК ТАКАДЫ»
– Ошентип Харьковдо согушуп жүрүп, 1943-жылы 17-августта ок тийип, бутум менен колумдан катуу жарадар болдум. Бутумдун эти ачылып, сөөгү көрүнүп калган. Жан керек экен, согушуп, качып жүрөм. Алым кетип калганда «сен жашырынып тур» деп жанымдагылар мени бир чуңкурга жашырышты да кетип калышты. Ары-бери сойлоп жүрөм, бир учурда бир нерсеге урундум, жакшылап карасам өлүктөр жатат. Кеч киргенде санитарлар ат араба менен тирүүлөрдү топтоп кетчү. Издеп келип калды, кур менен желкеден кармап туруп жаның ооруп жатканына карабай арабага ыргытат. Сага окшоп жарадар болуп онтолоп жаткан дагы бирөөнүн үстүнө түшөсүң.
Ошентип 3 жарадар чогулдук, бизди батальондун дарыгерине алып бара жаткан. Бир убакта атыбызга ок тийип өлүп калды. Бизди алып бара жаткандар «Кимиңер сойлой аласыңар?» деди эле, жан ширин экен, «жакын калдыбы же алыспы?» десем «100 метрдей бар» дейт. «Кантип табам?» десем байланыштыруучу телефонду колума карматты. Аны кармап алып көрсөткөн тарабына сойлоп бара жатам. Тилим кургап калды. Жетип калган экенмин, кыйкырышса жарылып жаткан үндөрдөн улам укпаптырмын. Жерге тырмышып сойлоп баратсам бирөө «стрелять буду» деп бешенеме мылтык такады. «Свои, свои» десем. «Кто ты, откуда?» дейт. «Командир первого взвода Токтосунов» дедим. «Ох, ты мой милый товарищ командир» деп көтөрүп киришти. Капитан аял киши болчу, мени көрүп эле «Ай, молодой командир, ты ранен?» деп колумду таңып, бутумду жарымына чейин ороп калганда, дагы жарылуу башталды. Аял болсо да үйрөнгөн да, кур менен желкемден кармап туруп ары жактагы чуңкурга ыргыта салды. Жумшак эле нерсенин үстүнө түшүп калдым. Жаным ооруганынан кыргызчалап сөгүп жиберсем астымдан бирөө «Вай, ортак, мусулманмисиз, бир аягым жок, ары жакка жатың» дейт. Өзбек туугандын үзүлүп калган бутунун үстүнө жатып калыптырмын. Снаряд атуу токтогондон кийин капитан аял шериктери менен келип көтөрүп чыгышып, бутумду таңышты.
Кийин Англия менен Америкадан машина, тамак-аш, кийим-кече келип калды. Мага окшогон жарадарларды машинанын жоктугунан кетире албай жатышкан, Америкадан келген машинага жүктөп алып жөнөп кетти. Түнү менен жүрүп, бир кыштакка келдик. Ачкабыз, ал кыштакта да нан жок экен. Бири сүт, бири помидор кылып тапкандарын алып чыгып бизге беришет, аны жеп алып күч топтоп турдук. Бир убакта 3 учак келип кыштакты тегерене баштады. Ал учактар айылды бомбалаарын билдик. Машина бизди алып качып жөнөп кетти. Тээ алысыраак барганда жанагы учактар биринен өтүп бири бомба таштап айылды талкалап салышты. Эптеп Каспий деңизинин жээгине алып барышты. Ал жерде 9 күн жаттык. «Оор жарадарларды Ташкентке алып кетет экен» деп калышты. Волга дарыясы менен 500 адамды 7 сутка дегенде Ульяновск шаарына алып барып, госпиталга жаткызышты. 1944-жылы апрель айында комиссия карап чыгып, көбүбүздү согушка жараксыз «Негодный, инвалид Отечественный войны» деп өз мекенибизге айдады. Эки балдакты таянып алып келип калдым.
«УЧУРДА 130дан АШУУН НЕБЕРЕ, ЧӨБӨРӨМ БАР»
– Келсем үйдө апам, оорукчан агам, эжем бир баласы менен, инилерим ачка отурушуптур. Согуш жүрүп жатат, айылда абал аябай начар. Мен согушка кетип жатканда совхоздо катчы болуп иштеп жаткам. Ал жумушка мени 7-класста окуп жатканымда эле алып келип отургузуп коюшкан. Согуштан келгениме 3-4 күн болгондо ошол жумушума кайрадан «иште» деп калышты. Эптеп ат минип, иштеп калдым. 3 жылча балдак менен жүрүп, бутум айыкты.
Ажал жетпеген экен, Кудайга шүгүр, 91 жаштын кырындамын, 10 балалуу болдук. Учурда 130дан ашуун небере, чөбөрөлөрүм бар.
Каалаарым, дүйнөдө тынчтык болсун! Биз көргөн согуш апааты эч бир адам баласынын башына түшпөсүн!
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg