Рустам Маманов, Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер:«УЛУТТУК ОРНАМЕНТ ТҮШҮРҮЛГӨН ФОРМА ОКУУЧУЛАРГА ДУХ БЕРЕТ»

«Улутубузга биз күйбөсөк ким күйөт?» деп элибиз үчүн бир топ алгылыктуу иштерди жасаганга үлгүргөн коомдук ишмер Рустам Маманов учурда мектеп окуучуларына улуттук орнамент түшүрүлгөн бирдиктүү форма тандоо үчүн сынак жарыялаган. «Эмне үчүн маараке, той-топурларда өз бийибизди бийлебей, башка улуттардын бийин бийлейбиз? Өзүбүздүн улуттук бийлерибизге деле келиштире бийлесек болот го» деп кейиген каарманыбыз менен маек курдук.

– Азыркы мезгилде көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп жаткан «Улут жүзү» долбоору тууралуу кененирээк маалымат берип кетсеңиз...
–«Улут жүзү» бир жолу гана айтылып кала турган нерсе эмес, келечек муун үчүн иштей турган мамлекеттик маанидеги чоң долбоор. Анда 5 тармактуу маселелер камтылган. Биз бул иш-чаралардын ичине мамлекеттин идеологиясын камтууга аракет кылдык. Азыркы учурда бардык жоопкерчиликти жалгыз эле мамлекеттин моюнуна илип коюу туура эмес. Ата-эненин балдарына берген тарбиясы да көп нерсени чечет. Ата-бабаларыбыздын улуу мурас, эпостору, тарыхы, каада-салты менен тарбияланган балдар улуттун келечеги деп ойлойм.
«Улут жүзү» долбоорундагы биринчи басым мектеп курагындагы балдарга жасалган. Мен көптөн бери массалык маалымат каражаттарынан тынбай айтып келе жатам, «окуучуларга бирдей форма кийгизүү зарыл» деп. Эң негизгиси, ал формада сөзсүз улутубуздун белгиси, мындайча айтканда, эмблемасы катары кыргыз элинин оймо-чиймеси, заманбап тилде айта турган болсок, орнаменти болуусу кажет. Бул маселени чечүү үчүн биз тарыхты аңтарган, санжыра-эпосторубуздан баштап ар бир оймо, орнаменттин маани-маңызын билген адамдарыбыз менен чогуу-чаран отуруп кеңешип-кесип, бир жыйынтыкка келүүбүз абзел. Аталган форма биздин ар бир жараныбыздын капчыгына күч келбей тургандай болуп, ошол эле учурда сапаттуу болуусу зарыл.

– «Улут жүзү» долбоору качан түптөлгөн жана бул долбоорду ишке ашыруу үчүн кайсы мекемелер менен биргеликте иш алып баруудасыздар?
– «Улут жүзү» долбоору 2010-жылы түптөлүп, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынан, мындайча айтканда, кыргыз патенттен патент алган. Өткөн жылдын июль айында президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү бардык мектептер бирдей формага өтүшүн колдоп бул маселени мыйзам аркылуу бекиткен. Азыркы учурда биз Билим берүү, Саламаттыкты сактоо министрликтери жана мыкты дизайнерлер менен биргелешип иш алып баруудабыз. Ошондой эле мыкты үлгүдөгү бирдиктүү формаларга ээ болуш үчүн дизайнерлер үчүн сынак жарыялаганбыз.

– Бул сынактын жыйынтыгы качан чыгат жана сынакка катышуучу дизайнерлерге коюлуучу талаптар жөнүндө айта кетсеңиз?..
– Сынактын жыйынтыгына 10-майда «Хаят» мейманканасында күбө болобуз. Бул долбоорго катышып өз дареметин сынап көрөбүз деген дизайнерлердин саны азыркы учурда жүздөн ашты. Сынак так жана калыс өтүүсү үчүн калыстар тобу эл өкүлдөрүнөн, Саламаттыкты сактоо министрлигинен, белгилүү дизайнерлерден, президенттин жана өкмөттүн аппаратынан турат. Ушул адамдардын жардамы менен сынакка катышкан дизайнерлердин мыкты үлгүлөрү тандалып алынат. Сынактын жеңүүчүлөрү деп табылган 5 дизайнер мектеп формаларынын ар кандай үлгүсүн коомчулукка сунуш этишет.
Негизинен, биздин чеберлер 1-4-класстын окуучуларына, 5-8-класстын окуучуларына жана 9-11-класстын окуучуларына, ошондой эле мугалимдерге арналган атайын заманбап, кыргыздын орнаменти түшүрүлгөн формаларды тигишет. Мына ошол чеберлердин колунан иштелип чыккан бирдиктүү формалар элдин сынына коюлуп, СМС-добуш берүү менен 10-майдан 1-июнга чейинки аралыкта арасынан мыктысы тандалып алынат. Дизайнерлер жаратуучу формаларга кетүүчү чыгымды толугу менен өзүм каржылоодомун. Жалпы фонду 5 миллион сомду түзөт.
Бирдиктүү формалар негизинен нукура, жумшак, денеге жагымдуу, жаш жеткинчектердин кыймыл-аракетине ыңгайлуу жана көзгө толумдуу болуп тигилүүсүн талап кылуудабыз. Анан сөзсүз мен жогоруда да баса белгилеп кеттим, бул формаларда кыргыз элине тиешелүү орнамент болуусу кажет. Себеби бул биздин келечек муунга өзгөчө дем берет деп ойлойбуз.

– Сизди жакында «Кыргыз бий күнү» деген аталыштагы эл аралык бий фестивалын өткөрөт деп уктук. Мына ушул фестивал боюнча да кененирээк маалымат бере кетсеңиз...
– Ар кандай мааракелерде, той-топур, жакшылыктарда башка улуттардын ырлары коштогон бийлерге түшүп жаткан агай-эже, ини-карындаштарыбызды көрүп, «Эмне үчүн биз, кыргыздар, ушундай улуу руханий мурастардын уюткусу болуп туруп өз ырларыбыздын коштоосунда өз элибизге таандык бийге түшпөйбүз?» деген суроо жан дүйнөмдү өйүй берчү. Иш сапарларыма байланыштуу чет өлкөгө көп чыгам. Кайда барбайын, кайсы өлкөдө болбоюн кыргыз элине таандык өзгөчөлүктөрдү издей берем.
Эсимде, бир жолу Кытайга барып, ошол жерден кыргызча ырдап, нукура кыргызча бийлеп жаткан боордошторубузду көрүп аябай сыймыктандым. «Көрсө, өз ырыбызга деле келиштире бийлесе болот турбайбы» деп ойлодум. Биз элибиз түшүнбөгөн, маданиятыбызга таптакыр жат болгон музыкаларга бийлеп, ырлардын мазмунуна маани бербей келебиз. Бийдин да өзүнүн маданияты болот. Башка улуттардын бийлерин карап туруп «биздин улуттун жүзү болгон бийибиз барбы?» деген суроо жүрөгүндө мекенчилдик сезимдер күйүп турган ар бир эле кыргыз атуулунда пайда болсо керек. Бирок элибиздин өзгөчөлүгүн, нукуралуулугун чагылдырып, ошол эле учурда жалпы элге бирдей жаккан кыймыл-аракеттерден турган бийди табуу жана ал бийдин маани-маңызын, өзгөчөлүгүн элге чечмелеп, түшүндүрүп жеткирүү көп түйшүктү талап кылары баарыбызга эле белгилүү. «Бул нерсе көп түйшүктү талап кылат же болбосо көптөгөн кыйынчылыктар бар» деп карап отура берсек, биз үчүн, кыргыз улуту үчүн кыргыз элине таандык бийди эч ким, эч качан заманга ылайык иштеп чыгып бербейт. Тескерисинче, жаштарыбыз элибизге таандык өзгөчөлүктөрдөн четтеп, башка элдин музыкаларына ыктап, бөтөн элдин бийлерине бийлөөнү салтка айландырып алышары толук мүмкүн. Бүгүн өз улутубуздун маданиятын, тарыхын, каада-салт, үрп-адатын унутта калтырып, эртең кыргыз эли үчүн күйгөн мекенчил жаштарды тарбиялай алабызбы? Кеп мына ушунда жатат. Келечек муун үчүн элибиздин руханий мурастарын асабадай желбиретип, бийик кармап жол көрсөтүп, «улуттун уңгулары ата-бабалар болсо, эртеңки келечеги силерсиңер» деп үйрөтүшүбүз зарыл.
Кылым карытып жашап келе жаткан маданиятыбызга тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай жүрүп, бүгүн ата-бабалар бийлеп келген, нукура кыргыздын кыймыл-аракетин камтыган бийибизди тарых барактарынан, эл ичинен, алтын казынада сакталып калган кинолорубуздан издөөгө туура келүүдө.

– Фестивалдын жыйынтыгы качан чыгат жана анын өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетсеңиз...
– Бул сынак биздин өнөр адамдарыбыздын ортосунда жүрүп, жалпы фонду
5 миллион сомду түзүп, жыйынтыгы 31-августта чыгып, байге тапшыруу аземи 15-сентябрда болот. Ушул күндү «Кыргыз бий күнү» деп атап, ар жыл сайын бул саамалык белгиленип турмакчы. Керектүү документтер топтолуп, тиешелүү мекемелерге тапшырылды. Ар бир улуттун руханий маданиятынын жүзү болгон, каада-салтынан, үрп-адатынан, бабаларынын баскан жолунан, тарыхынан кабар берген өзүнө таандык бийи бар. Мисалга кавказ элинин лезгинка, өзбек элинин Андижан полкасы сыяктуу бир нече бийлерин атоого болот.
Улуттук бий сынагын уюштуруунун максаты – кыргыз элинин нукура жүзүн чагылдырган бийди замандын талабына ылайык иштеп чыгуу. Бул долбоор руханий байлыктардын көрөңгөлүү уюткусу болгон улуттук маданиятыбызды өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп, өнөр сересиндеги чыгармачыл адамдарга, жаш таланттарга дем-күч берип, ар тараптан колдоо көрсөтүп, улуттук баалуулуктарыбызды жайылтууга жана жаштарды патриоттуулукка үндөйт деген ойдомун.
Келин алып, кыз берүүдө же маараке, той-топурларда өзүбүздүн улуттук бийибизди бийлөө кимге жакпасын? Сынакта бир гана нерсеге басым жасалбастан, улуттук бий композициясына, улуттук бий музыкасына (аранжировка) жана ырдын сөзүнө (текстке) атайын баалуу байгелер каралган.

– Мындай мамлекеттик деңгээлдеги ири долбоорлорду жалгыз ишке ашыруу көптөгөн кыйынчылыктарды жаратса керек?..
– Мен жалгыз эмесмин, мени руханий маданиятыбызга, жаштардын келечегине кайдигер карабаган көптөгөн мекендештерибиз ар тараптан, моралдык жактан колдоп келишүүдө. Эгерде биз жеке көйгөйлөрүбүз менен алек болуп майдалана берсек, анда келечек муундун, өлкө тагдырын тобокелдикке салган болобуз. Ооба, бул долбоорду ишке ашырууда көптөгөн кыйынчылыктар, ошону менен бирге колдоолорго да туш болуудамын. Менин оюмча, биздин келечек муундун өкүлдөрү кие турган кыргыз элинин орнаменти түшүрүлгөн формалар окуучуларыбызга өзгөчө улуттук дух берип, аларды мекенчилдикке чакырып, патриоттуулукка тарбиялайт деп ойлойм.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Aybek777
2014-05-13 10:22:32
Кыргыз учун куйгон Ноокаттык байкемго. Жасаган иштеринизге ийгилик
0
Begim8678
2014-05-13 15:27:58
Баракелде! Ишинизге ийгилик!
0
munara-55
2014-05-14 09:26:50
Азаматсыз!кээ бир байлардай акчасын жеке кызыкчылыгына жумшабай копчулук жакшылыктарга спонсор болуп келес.
0
Likvidator
2014-05-14 18:42:08
Рустам мырза ишинизге ийгилик!
0
sagyn01
2014-05-19 10:09:34
Кокжардын мырзасы, айылда ел ото сыйлайт,
0
kaniet
2014-05-19 12:36:26
Мурунку мектеп формасындай сапатсыз, кымбат, анан кимдир бироонун кызыкчылыгын коздогон форма болуп калбайбы, себеби класс жетекчилер жана мектеп директорлору эмнеге форма сатылбай жатат деп РайОНОдон коп согуш угуп калышкан, себеби сапатсыздыгынан улам ата-энелер алып беруудон
баш тартышкан.
0
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан