– Мончодо көп отурса бойдон түшүп калат деген туурабы? Анан кош бойлуу кезде цитрус жемиштерин көп жесе, бала аллергик болуп төрөлүшү мүмкүнбү?
Гүлзада, 22 жашта, Талас
– Мончодо бууда көп отуруу организми начар кош бойлууларга өзгөчө коркунучтуу. Анткени ысык буу кан тамырларды кеңейтип жиберет, булчуңдарды жыйрылтат.
Кош бойлуу кезде цитрус жемиштерин, мандарин, апельсин дегендерди көп жесе, бала аллергик болуп төрөлүп калган учурлар кездешет. Себеби, алардын товардык көрүнүшү жакшы болушу жана жакшы сакталышы үчүн химиялык каражаттарды колдоно тургандыктары белгилүү. Андыктан жергиликтүү жемиштерди жеген эле оң.
СПИРАЛДЫН ҮСТҮНӨ БОЙГО БҮТҮП КАЛСА, БАЛАГА ЗЫЯН ЭМЕСПИ?
– Мен 7 ай мурун спираль салдырган элем. Өткөндө талгактын белгилерин сезип УЗИге түшсөм, 3 апталык боюмда бар экени аныкталды. Менин төрөгүм келет. Сурайын дегеним, спираль балага зыян эмеспи же баланы алдырыш керекпи? Спиралды салдыргандан кийин канча жылга чейин колдонууга уруксат?
Элнура, 34 жашта, Талас
– Спиралдын үстүнө бойдо болуп калышы мүмкүн, эгер ал ордунан жылып кетип же түшкөнү калса. Ал баланын тонуна жабышып калат, бирок балага зыяны тийбейт. Андыктан бойдо болтурбоочу каражатты салдыргандан кийин 2 апта оор көтөрбөй, жумуш жасабай, түгөйү менен кошулбоо керек. Болбосо жылып кетет.
Спираль туура салынса 5 жылга чейин алдырбай жүрсө болот. Бирок убак-убагы менен гинекологго кайрылып, текшертип туруу кажет. 5 жылдан кийин алдырып, 1 ай эс алып, анан кайра салдырса болот.
ЖАТЫНДАН СЫРТКАРЫ БОЙГО БҮТҮҮГӨ ЭМНЕ СЕБЕП?
– Жатындан сырткары бойго бүтүүгө эмне себеп? Анын белгилери кандай болот?
Махабат, Гүлзейнеп,
19 жашта, Бишкек
– Жатындан сырткары бойго бүтүү – бул жатын түтүкчөсү сезгенгенден келип чыгат. Анткени сезгенген түтүкчө ичкерип кетет, уруктанган клетка жатынга өтө албай, ошол жерде туруп калат да, чоңоё баштайт. Башкача айтканда, түйүлдүк түтүкчөдө чоңоюуга өтөт. Анан күч келгенде баягы түтүкчө жарылат да, кан агуу башталат. Мындайда операция жасалып, жарылган түтүкчө алынып салынат. Андыктан мунун алдын алып, бойго бүтүү билингенде эле УЗИге түшүп, текшерилүү кажет.
КУРСАКТЫН ЖАРЫЛБАШЫ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛСА БОЛОТ?
– Менин азыр 7 айлык боюмда бар. Сурайын дегеним, төрөгөнгө чейин курсактын, ал эми төрөгөндөн кийин эмчектин кесилип, жарылбашы үчүн эмне кылса болот?
Зарина, 24 жашта,
Шамалды-Сай
– Азыркы кезде курсактын да, эмчектин да жарылуусунун алдын алуучу крем, дары майлардын түрү көп. Косметологго көрүнсө, ал текшерип көрүп керектүүсүн жазып берет.
ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫНДА КОШУЛСА БОЛОБУ?
– Келинчегимдин жатынынын моюнчасында эрозиясы бар. Аны дарылатпаса эмне болот жана жыныстык жактан кошула берсе зыяны тийбейби?
Боюнда бар экенин билбей дарыларды ичсе же 6-7 күн укол алса, бала майып болуп калышы мүмкүнбү?
Мурат, 36 жашта,
Жалал-Абад
– Жатын моюнчасынын эрозиясы деген моюнчада жаранын пайда болушу. Убагында дарылатпай өткөрүп жиберсе, ракка айланып кетет. Жыныстык жактан кошула берсе болот, бирок оору күчөп кетсе, анда кан агуу күтүлөт. Боюнда барда врачка кайрылбай, өз алдынча дарыланууга болбойт. Эгер күчтүү дары-дармекти, мисалы, антибиотиктерди кабыл алса, анда бала майып болуп калышы мүмкүн.
ТӨРӨТТӨН ЖАШ КЫЗДАР КАНДАЙ ЖАБЫР ТАРТАТ?
– Менин кызым 10 жашта. Кыздардын канча жаштан баштап эмчеги өсө баштайт? Анан жаш кыздардын (15, 16 жаштардагы) төрөшү ден соолугуна канчалык зыян?
Үмүт, 33 жашта, Жалал-Абад
– Азыркы кезде тамак-аштарга жыт, даам берүүчү кошулмалардын кошулуп жатышы, гени өзгөртүлгөн жемиштердин көбөйүшү, экологиянын начарлашы, баары келип жаш балдарды эрте жетилтип жатат. Организми эрте жетилип баштаган кыздардын 10-11 жаштан этек кири келип, эмчектери өсүп баштайт. 15, 16 жаштардагы кыздар өзү али бала болгондуктан алар төрөткө, бала багууга психологиялык жактан даяр эмес. Анын үстүнө алардын организми 18 жашка чейин өсүп жетилиши керек. Боюнда болуп калса, ошол биологиялык процесс бузулат. Төрөттө кан көп кетип, чаты айрылышы мүмкүн.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги Шаардык перинаталдык борборунун оперативдүү гинекология бөлүмүнүн жетекчиси Уулжан Шаршенбаева жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду
(0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg