Эльвира Сариева, вице-премьер-министр:«УЙ СААП, МЕШКЕ КӨМҮР ЖАГЫП ЖҮРҮП ЭЛЕ ЧОҢОЙГОН КЫЗМЫН»

Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөттүк команда Жогорку Кеңештин трибунасына биринчи жолу келгенде, жалпы жонунан орто жаштан өтүп калган, салабаттуу эркек аткаминерлердин жоон тобунан жаш, арык чырайынан келген айымдын бар-жогу көрүнбөй-билинбей жаткан. Талкуу учурунда депутаттар бул айымды «Темир Сариевдин карындашы», атүгүл «президент Алмазбек Атамбаевдин кадры экен, өтө жаш, мамлекеттик кызматта иштебеген» деп сындап жатышты. Карапайым калктын социалдык маселелерин чечүү үчүн келген бул адам тууралуу «Эльвира Сариева деген ким экен өзү?» деген суроолор эл ичинде жообун таба элек. Биз ошол боштукту толтуралы деп чечтик.

ШАХМАТ ОЙНОГОНДУ, СУУДА СҮЗГӨНДҮ ЖАКТЫРАТ

  • Эльвира Кубанычбековна Сариева 1975-жылы 27-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ново-Вознесеновка айылында туулган.
  • 1998-жылы Бишкек гуманитардык университетинин англис жана америкалык адабият адистиги, 2002-жылы Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын менеджмент, бизнес жана экономика адистигин аяктап, 2010-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билим алып келет.
  • Эмгек жолун 1996-жылы Тышкы иштер министрлигинде мамлекеттик протокол бөлүмүнүн ассистенти катары баштаган.
  • 1998-жылы «Internews network» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ишке кирип, директорлук кызматка чейин өсүп жеткен.
  • 2008-жылы, 2010-жылы КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрайымы.
  • «I-Media» ЖЧКсынын негиздөөчүсү.
  • 2012-жылдын декабрынан 2014-жылдын апрелине чейин КСДП фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.
  • Үй-бүлөлүү. Эки кыз жана бир уулдун энеси.
  • Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.
  • Шахмат ойногонду, сууда сүзгөндү жана велосипед тепкенди жактырат.

– Сизди көпчүлүк медиа тармагында иштеген адам катары таанышат. Минтип мамлекеттик чоң кызматка келип отурасыз. Бирок сиздин өздүк маалыматыңыз калың журтка белгисиз. Кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз? Ата-энеңиз ким болуп иштейт?
– Мен Кыргызстандагы жүздөп-миңдеп саналган жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойдум. Ата-энем Советтер Союзу кулаганга чейин катардагы кызматкер болуп иштеген. Атам мен университетке тапшырган жылы кайтыш болду, андыктан апам өзү жалгыз бизге кам көрүп, кийинчерээк апамды биз карап калдык. Башында айылда жашачубуз, кадимки мал-жаны, чарбачылыгы бар үйдө. Мага шаардык адамдын кейпин кандайча, эмнеликтен түзүп коюшканын билбейм, бирок мен короо шыпырып, уй саап, суу ташып келип, мешке көмүр жагып жүрүп эле чоңойгон кызмын.

– Мектепте үлгүлүү окуучу болгон чыгарсыз?
– Айылдагы мектепти аяктадым. Жакшы окучумун, Совет мезгилинде мектептин айыл-шаарда жайгашканына карабастан билимге чоң көңүл бурулчу эмес беле... Окуучу кыштактабы же шаардабы, бирдей сапаттуу билимге сугарылчу. Заманбап Кыргызстанда мектептер ортосунда чоң ажырым бар, ал балдардын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүнө таасирин берет. Мектепке чейин жана мектепте билим берүү менин учурдагы жумушумдун башкы приоритеттеринин бири болот. Биз бөбөктөрдүн бала бакчага бара алуучу шарттарын жогорулатышыбыз керек. Алты жашка чыгып калган жаш балдар айылда жашап калганы үчүн эле же бала бакчага бара албай калгандыктан келечекте өз курдаштарынан артта калбашы зарыл.

– Ооба, учурда билим берүү системинде көйгөйлөр көп. Ошол эле учурда чет өлкөлөрдөн билим алып келген жаштарыбыз да бир топ. Сизде сырттан окуп келүү мүмкүнчүлүгү болгонбу?
– Үч жогорку билимдүүмүн, алар: юридикалык, филологиялык жана экономикалык. Бардык ЖОЖдорду Кыргызстандан аяктагам. Чет жерде бир гана британиялык BBC корпорациясынын мектебинде кыска мөөнөттүк билим алууга мүмкүнчүлүк болду. Билим алууда дипломдордун саны эмес, билимдин өзү менен тажрыйба маанилүү. Жаңы өкмөт жогорку билим берүү системине көрүнүктүү өзгөртүүлөрдү киргизет, анын жыйынтыгы 2015-жылы байкалып калат.

– Эмгек жолуңуз кайсы жактан башталган?
– Студенттик кезден эле иштөөнү баштагам, анткени окууга акча табуу керек болчу. Мен стипендиясы жок, «коммерциялык» деп аталган акы төлөп окуган топто элем. Үй-бүлөмдө болсо акча жагынан тартыштык болгондуктан, 2-курстан тартып эле ишке орноштум. Албетте, анын пайдасын көп көрдүм, түрдүү тармакта иштеген төрт жылдык студенттик мезгилимде эң сонун тажрыйбага ээ болдум, көптөгөн кызыктуу адамдарга жолуктум. Иш окууга тоскоолдук кылган жок, практика жүзүндө теориялык маалыматты бекемдедим, жыйынтыгында ЖОЖду артыкчылык менен аяктадым. Айлыгымды болсо апама карматчумун.

– Резюмеңизди карап отурган адам сизге суктанбай койбойт. Билимдин артынан билим алууга, өзүңүздү түрдүү жерде иштеп көрүү менен сыноого эмне түрткү болот?
– Билим алуу эч качан кеч эмес. Өмүрүмдүн түрдүү мезгилинде мен тереңдетилген билимге жана айрым илимдерди түшүнүүгө муктаж болдум, ошол үчүн дайыма окууга аракет жасайм. Билимден эч ким эч качан зыян тарткан эмес. Башкы адистигим – башкаруу (менеджмент), башкаруу механизмдерин жөнгө салуу. Ар бир тармактын атайын адистерине маани бөлүү керек, себеби алар иштеп жаткан тармагына карабастан, өзүнүн иши боюнча терең экспертиза үчүн жооп берет. Алардын пикирине кулак салган башкаруучулар алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн механизмдерди жөнгө салат. Биздин өкмөттүн курамында белгилүү бир максат бар – өкмөттүн программасын жана Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны аткаруу. Биз дал ушул максаттарга багыт алып бара жатабыз.

– Социалдык тармакты башкарып кетүүгө кайсы сапаттарыңыз, буга чейинки иштериңиз жардамга келиши мүмкүн?
– Мен иш алып бара турган социалдык маселелер жана тармактар боюнча вице-премьердин ишмердүүлүгүнө карасаңар, жок дегенде тизменин жарымы боюнча тажрыйбам бар. Өкмөттө иштеген эмесмин, бул системде иштебегеним да чоң жетишкендик болушу ыктымал. Системдин ичиндеги тажрыйбага ээ болуу азыр ийгиликтин көрсөткүчү эмес. Социалдык блок – бул тармакты бардыгы айтып көнгөндөй, пенсия менен социалдык төлөмдөр гана эмес, менимче, бул Кыргызстандын бүткүл жашоосу. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданияттан баштап спорт менен миграцияга чейин. Иштин башкы бөлүгү профилдик программалар жана стратегияларга ылайык, өзүнүн тармагына жетекчилик кылган министрлердин деңгээлинде жасалат.
Өкмөттө чындап эле белгилүү бир систем бар. Аз гана адам кимдир бирөө менен талаша турган жайда чечим кабыл алуунун салттуу формасы иштейт. Папкалардагы кагаздар өзүнүн багыты боюнча белгилүү ылдамдыкта жүрөт. Кээде өкмөт өзүнчө, карапайым калк өзүнчө, ар бири өз алдынча маселелерин чечип, бала бакчаларды түзүп, китептерди көчүрүп жаткандай сезилет. Элге керек болсо бийлик керек эместей. Мен, балким, кээ бир саясатчылар айтып жаткандай «көчөдөн келгендирмин», бирок элдин кантип күн көрүп жатканы жана алардын муктаждыктары мага белгилүү. Милдетим – соцблоктун ведомстволору эл менен байланышын бекемдеп, кыргызстандыктардын бакубаттуулугу үчүн иштешин уюштуруу.

– Чоң кызматка келүүңүздү жакындарыңыз, досторуңуз кандай кабыл алышты?
– Түрдүүчө. Кесиптештер менен достордун көпчүлүгү бул иштин көптүгүн эмес, чоң жоопкерчилиги, жүгү бардыгын түшүнүп жатышат. Мага билдирбей туруп дагы бир миссияны жүктөштү – жаштар да жыйынтык көрсөтө алат дегенди тастыктоо. Бирок маселе мында: мага окшоп жаштар жалгыздап эмес, алар бийликке командасы менен келиши керек.

– Үч жаш баланын энеси экениңизди билем, иш менен катар аларды тарбиялоого кантип жетишесиз же жолдошуңуз кол кабыш кылабы?
– Эң улуу кызыбыз мектепке барат, кичүүлөрү бала бакчага. Жолдошум ата катары жардам берет, бирок түйшүктүн көбү апамдын мойнунда. Апама чексиз ыраазымын, мени дайыма колдоп, түшүнүп турат. Азыр, айрыкча ишимдин биринчи айында балдарыма азыраак убакыт бөлүп калдым. Кийинчерээк көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр болуп калар деп ниет кылып жатам.

– Эмнеден эргүү аласыз?
– Китеп окуудан эң чоң ырахат жана эргүү алам. Адабияттын түрдүү жанрын окуганды жактырам, буга китепти жанынан артык көргөн атам үйрөткөн. Ал мага «Өмүрүңдүн башында адамды билүүгө аракет жасаба, болгону көбүрөөк оку, анткени бул дүйнөнүн эмнеден куралганын илгертен эле китептерге жазып коюшкан. Адамдар менен сүйлөшүүгө, алардан көңүл калууга, тажрыйба топтоого жетишесиң. Кийин китеп окууга убактың аз болот, тиричиликтен башың чыкпай калат» дечү. Туура айткан экен. Жылдар өткөн сайын окууга убакыт тартыш, эгерде китепке жарым саат убакыт тапсам да, көбүрөөк ишиме байланыштуу окуганга туура келет.

– Интернетти активдүү колдоносуз, жумуштан улам социалдык тармактарга убакыт артып жатабы?
– Интернет тармактарында бармын, бирок азыр мындан пайда эмес, зыян көрүп жатам. Интернет дистанцияны кыскартат, социалдык тармак аркылуу түз эле жаза коюп, ошондой оперативдүүлүк менен жооп күтөсүң. Бүгүнкү күндө мени кайрылуулардын толкуну каптады. Ар бирине өзүнчө жооп берүүгө убактым аз болуп, ошол эле убакта көптөгөн биздин саясатчылар кылгандай, жардамчыларым жаза турган расмий баракчаларды ачууну да каалабай жатам. Социалдык тармактын маңызы да ошол, сен кимге жазсаң, баракчанын ээси өзү жооп калтырышы керек.
Жакын арада бул байланышты жөнгө салууга аракет кылам, анткени ар бир аткаминер калкка ачык жана кол жете тургандай болушу зарыл. Жыйынтыгында мунун зыянына караганда пайдасы көбүрөөк болот. Эл саясий аткаминерлер эмне менен алек болуп жатканын, иш убактысынын 10 сааттан ашык бөлүгүн кандай маселелерге арнаганын жана эмне үчүн анын иш жыйынтыгын көрбөй жатканын билүүсү кажет. Кыргызстанда Ак үй, өкмөт жөнүндө түрдүү жөө жомоктор бар. Алардын кээ бирине ишенүүгө болоттур, бирок калган мифтер ак жана боз имаратта иштеген адамдар тууралуу маалыматтын жоктугунан улам жаралат.

«Биздин үйдө телевизор, интернет деген жок. Балдарыбыздын тарбиясы үчүн жандуу сүйлөшүүнү тандап алганбыз. Жашоомдун эң чоң жетишкендиги – бул менин балдарым».

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
bossmos7
2014-05-13 00:33:14
Откондо Ошто мектептер менен таанышып жургон суроттор аалам баракчасына жарыяланган эле.Бул орунга келгенде ойлогонбуз.Озу медиа адамы болсо Бишкекте жанылыктарды топтоп.Ошого карап жыйынтык чыгарып иш алып барса керек дегендей.Айылдын кызы болсо.Айыл турмушун одо кылуу маселесин которуп,кыдырып коруп кайтса.Жолдо баратканда эле жол маселеси,таза суу маселеси,билим беруу,айылдык оорукана болумдору жок эссе.Козго дал урунат.Кагаз менен иш бутурмой адатты калтырсак.Ишке ийгиликтер!
0
kalbek87
2014-05-13 07:52:57
куйосу кыргызга окшобойт го
0
zamazama9
2014-05-13 10:33:09
kalbek87,
эми кыргыздардын баары эле сендей эмес та :)
ар кандай кыргыздар бар экенин тушуносунбу?
озгочо атасы кыргыз болсо, апасы орус болсо, анан ушундайлар болот да.
0
chali
2014-05-13 11:22:55
Ишиңизге ийгилик!
0
Begim8678
2014-05-13 15:05:43
" элге керек болсо, бийлик керек эместей" деп эн туура айткан. Эл азыр озу менен озу болуп, оз арабасын тартып журот.
0
elka_manas_kg
2014-05-13 15:41:04
Ишинизге ийгилик! Эже менен шахмат ойногум келип кети кучумду сынап ;)
0
atiram
2014-05-13 23:55:38
Абдан кыйын айым экен, азамат! 3 бала менен ушунун барына кантип жетишип атты деген терең ой жаралат экен.
0
nursyi
2014-05-14 00:05:50
тиштери ж-а жонокойлугу жакты(ыргалга окшоп чоёктобой). Келинди келгенде эмес,келээрге сына демекчи,аманчылык б-со,коро жатаарбыз,кандай иштегенин. Маегине караганда,бир аз теория бардай го.
+2
gulperi.kg
2014-05-14 16:11:58
Баарыбыз эле ошентип чонойгонбуз
0
pakistanka
2014-05-15 11:48:33
azamatsiz ejeke maga jaktiniz. Yrgal Kadiralieva jon ele ozun maktay beret jayloodo da jawap ketem dep kulosun da ayla jok. bul eje jonokoy eken...
0
PeRa
2014-05-16 02:41:37
элге жардам беруу, социалдык тармакты онуктуруу деп эле элдин башын оорута беришет биздин саясатчылар. Каражат маселесин жонго салбай туруп. Социалдык жактан онуккон мамлекеттерде айлыгы коптор айлыгынын 50 процентентин налог катары тогуп беришет. Бизде каражатты кайдан алабыз деген суроосу да , жообу да жок. Баягы эле тилемчилик. Качанга чейин. Байлардын байлыгына качан налог кобойот?
+1
PeRa
2014-05-16 02:42:40
Кеп айылда же шаарда чонойууда эмес да
0
aibek90
2014-05-16 17:24:07
темир сариевтин карындашы емеспи?
-1
Almazbek79
2014-05-17 18:34:28
aibek90, Темир Сариев СОКУЛУКТАН болот
0
Sejitgazy
2014-05-18 13:38:09
Эмнеси жаш кадр, 40 жашка жетип калыптыр го. Жаш кадр деп 30 дун тегерегиндегилерди айтсак болот го
+1
Misi
2014-05-19 08:28:16
азаматсыз! Ишинизге ийгилик! уй булонуз менен аман болунуз.
0
kurguz...
2014-05-19 09:20:08
Телевизор жок домашный кино театор бар деп ачыгын еле айтыш керек да.
Бул ежекебиз бир чон адамдын тууганы го бир болбосо.
Биз чындан елиге жериге куйуп иштеген адам тороло елек.торолгону олгон же олтургон!
-1
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан