ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (12-майдан 18-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада жакындарыңыздын жашоосуна да аралашып, өзүңүзгө убакыт дээрлик аз калат. Бирок алардын да сизге пайдасы тиет. Карьерадан өсүүгө жолтоо болуп жаткан кемчиликтериңизден арылыңыз. Шаршембиде кечеге катышууңуз мүмкүн. Бейшембиде кымбат нерсени сатып алып, артында кейип калбаңыз. Жеке жашоодогу көйгөйдү чечүүгө ишемби ыңгайлуу.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Шейшембиде кылдаттык менен иш кылбасаңыз, сизди алдап кетүүлөрү мүмкүн. Шаршембиде буюмдарыңыз менен документтериңизди иреттеп туруңуз, мүмкүн шашылыш сапарга чыгып каласыз. Жума күнү байкабай, коңшуларга зыян келтирүүдөн сак болуңуз. Жекшембиде бир кезде кол үзүшкөн сүйүктүүңүздү же досуңузду табууңуз ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында энергияңыз ашып-ташат. Оор иштерди бүткөрүп калыңыз. Шаршембиде майда чырлар маанайыңызды бузуп, баштаган иштер аягына чыкпайт. Бейшембиде жакшы ишке күбө болууңуз мүмкүн. Жума келечекке ой жүгүртүп, жаңы пландарды түзүүчү күн. Жекшембиде сизден биротоло кеткиси келген адамды кармап калууга умтулбаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын биринчи жарымы жооптуу милдеттерди аркалоого жөндөмдүү экениңизди далилдөөчү убак. Шаршембидеги маселе сиздин пайдаңызга чечилбесе да, өз пикириңизди айтууңуз кажет. Жума күнү туугандар менен байланышып туруңуз, алар сизге маанилүү нерсени айтышат. Ишембини өзүңүзгө жумшаңыз, китеп окуңуз же сүйүктүүңүз менен жолугушуңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө иште ийгиликти күтпөсөңүз болот, анткени бул күнү көөнүңүз эч нерсеге чаппайт. Шейшембиде кас адамдар сизди бөөдө жаман көрсөтүүгө аракет кылышат, жол бербеңиз. Бейшембиде шашпай жүрө берсеңиз, колго тиер олжону башкага тарттырып жибересиз. Жума күнү баалаган адамыңыз сизге билгизбей не иш кылып жүргөнү айгине болот. Ишембиде достор конокко келет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Пайдалуу делген келишимдерди дүйшөмбүдө түзүп жетишиңиз. Болбосо шейшембидеги аракеттер текке кетет. Бейшембиде жакын адамыңызды иренжитип албаңыз. Жума күнү туугандарга көңүл бөлүп, белек берүүңүз мүмкүн. Ишембиде жаман адаттарды карматып, чектен ашып кетпөөнү жылдыздар эскертет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө кыраакы болуңуз, кокустан иште текшерүүлөр болуп калышы мүмкүн. Шейшембиде сизге артылган үй-чарба жумуштарын бүткөрүүңүз керектелет. Бейшембиде күтүлбөгөн кырдаалда тапкычтыктын пайдасы тийип, аброй арттырасыз. Жума күнү керектүү нерселерди сатып аласыз. Жекшемби пайдалуу жана жакшы эс алчу күн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башында үй, короо-жайды иретке келтирүү менен убакыт өтүшү мүмкүн. Шаршембиде каалооңуздун бири ишке ашат. Жума күнү ачык сүйлөшсөм деген адамыңыз менен баарлашып, мамилени улантуу же токтотуу жаатында чечим кабыл аласыз. Ишембиде чач жасалгасын өзгөртүү, гардероб жаңыртуу көйгөйлөрү жаралат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кыраакы болсоңуз, дүйшөмбүдө жагымсыз маселеден айланып өтүп кете аласыз. Шейшемби досуңузга жан дүйнөңүздү ачып, сырдашчу күн. Бейшембиде кандайдыр бир иш-чарага макулдук берүүгө шашпаңыз, сизге пайдасы жок нерсеге жооптуу болуп калууңуз ыктымал. Жума күнү жолдо, рулда сак болууну жылдыздар эскертет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Шаршембиде ооруканага түшүп калбайын десеңиз, жиниңизге тийген адамдар менен чатакташпаңыз. Бейшембиде ири суммадагы акча менен иш кылууңуз керектелет. Артында азабын тартпоо үчүн аны керектүү адамга өзүңүз тапшырыңыз. Ишембиде үй-бүлө мүчөлөрүнө сылык болбосоңуз, сизге таарынып калышат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Алга жылышыңызга кимдер жана эмне тоскоол болуп жатканын аныктооңуз керек. Алдын ала иш графигин түзүп албасаңыз, көп нерсеге үлгүрбөй каласыз. Бейшембиде кайсы бир иш боюнча элдин көңүл чордонунда болосуз. Жума күнү өзүн актабаган ишке акча жумшоонун кереги жок. Ишембиде жакындарга көмөгүңүз керектелет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө ката кетирип албоо үчүн иштерди шашпай, кылдаттык менен жасоо зарыл. Ден соолукка кам көрүп, врачка көрүнүп коюу да ашыкча болбойт. Аброюңуз көтөрүлүшү үчүн бейшембиде чоң маселени чечүүгө жетишүүңүз кажет. Жума күнү өзүңүз ишеним артпаган адамды жаныңызга жолотпоңуз, кыянаттык келтириши ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан