«Тамаша – чындыгына жараша» деген сөз бар кыргызда. Анын сыңары биз бүгүн кыргыз жылдыздарын бир аз чымчып өттүк. Андыктан чымчыма анекдотторубуздун каармандары чычалабайт деген ойдобуз.
Султан Садыралиевдин үйлөнө элек, студент кези. Ырчы мырза бир кызды кафеге алып барат. Кафеден чыккан соң кыз:
– Мени таксиге салып жибересиңби?- десе, капчыгы какшый түшкөн Султан:
– Жүр, жөө эле жеткирип коём. Мага жаздын кечинде жөө баскан жагат,- дейт сыр бербей. Анан экөө жөө жетелешип баратып Султан минтип кыңылдайт имиш: «Мен ушундай жөнөкөй жигит...»
ххх
45 жылдан кийин. Нурбек Савитахунов келиндүү болот. Эртеси капыл-тапыл алдынан чыга калган келини жүгүнсө, Нурбек кантип алкаарын билбей колун бооруна такап, башын ийкеп:
– От души, от души!- деген экен.
ххх
Клипмейкер Эрнист Сыдыков тартуу иштери жүрүп жатканда Асел Кадырбекованын жанына басып келип минтет дейт:
– Бүгүн дублёр ооруп келбей калды, ошол үчүн шорпону өзүң ичип тартыла бересиң го...
ххх
Самара Каримова Бишкектен бир курбусуна жолукмакчы болот. Белгиленген жерге болжошкон убакыттан 2 саат кечигип келген ырчыдан курбусу сурайт:
– Эмне кечигип келдиң?
– Ой, жеткиче Ош-Бишкек жолунан бир клип тарта келдик,- дейт имиш анда ырчы.
ххх
Мээ кайнаган аптапта «тамашоучу» жигиттер Жеңиш менен Азамат жөө баратышкан. Бою узун Жеңиштин көлөкөсүндө күнөстөп бараткан Азамат минтип коёт дейт:
– Досум, бир аз чыдай тур. Кичине убакыттан кийин сен менин көлөкөмө басасың...
ххх
Айгерим Расул кызын МАИчи тосуп алып:
– МАИ кызматкерин ашата сөккөнүңүз үчүн 300 сом айып пул төлөңүз.
– Ме, 1000 сом. Эми андан аркысын ук!..
Асхат Субанбеков
star@super.kg