ӨКМӨТ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН БААСЫН КӨТӨРҮҮГӨ ШЫМАЛАНА КИРИШТИ

Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарифтерди кымбаттатууну бир нече баскычка бөлүп, 2017-жылга чейин жыл сайын көтөрүп турууну сунуштоодо. Алсак, азыр электр энергиясы үчүн 1 киловатт-саатына 70 тыйындан төлөсөңүз, 2017- жылга барып 85,8 тыйындан төлөп каласыз. Бирок... Бул баа эгер сиз электр энергиясын айына 300 киловатт-сааттан ашык колдонбосоңуз гана. 300 киловатт-сааттан ашык колдонсоңуз, анда үстүбүздөгү жылдын июль айынан тартып эле 1 сом 20,3 тыйындан төлөй баштайсыз да, 2017-жылы бул көрсөткүч 1 сом 47,4 тыйынга чыгат. Энергетиктер бул ирет социалдык норма деген түшүнүктү ойлоп табышыптыр. Социалдык норма катары кышкы жылытуучу маалга, ноябрь-апрель аралыгына айына 600 киловатт-саат, жайкы, май-октябрь аралыгына 300 киловатт-саат белгиленүүдө. Электр энергиясы менен жылытууга уруксаты барлар (5 киловатт кубаттуулуктан өйдө) үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясынын 1 киловатт-саатына 2 сом 20 тыйындан төлөй башташат да, 2017-жылга бул көрсөткүч 2 сом 69,5 тыйынга жетет.
Жогоруда келтирилген баалар азырынча өкмөттүн сунушу. Аны ишке киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек.

«АЛГАЧ УУРДООЛОРДУ ТОКТОТУШСУН»
Энергетика жана өнөр жай министрлиги журналисттерди чогултуп маалымат жыйын өткөрүп, тарифтерди кымбаттатуу ниетин билдирген эле күнү ЖКдагы активдүү депутаттар пикирлерин айтып чыгышты. Алсак, депутат Дастан Бекешев интернеттеги өздүк баракчасында мындай дейт: «Өкмөт электр энергиясына жана жылытууга тарифтерди көтөрмөкчү болуп жатат, мен каршымын. Алгач бул тармактагы коррупциялык схемаларды жоюшсун, андан кийин гана кымбаттатуу тууралуу сөз кылышсын...»
Депутаттын бул пикири менен көпчүлүк макул. Анткени саясатчылардын баары «Кыргызстанда коррупциянын уюгу энергетика тармагында. Акаев менен Бакиев бийликтен куулду, бирок алардын учурунда гүлдөп өнүккөн «ширшовдук коррупциялык схема» дале жашап жатат» деп көп айтышат.

ШИРШОВ ДЕГЕН КИМ ӨЗҮ?
«Ширшовдук схема» деген Кыргызстанда терминге айланып бараткан түшүнүктү президент баш болуп баарыбыз колдонобуз. Ал эмне болгон схема? Ширшов деген өзү ким?
Алексей Юрьевич Ширшов тууралуу кенен маалымат табуу оңой иш эмес. Энергетиктердин айтымында, азыр 40 жаштын тегерегинде. Энергетика тармагына кадимки катардагы кызматкер болуп эле келип, мамлекеттин эсебинен өзүнө эбегейсиз байлык топтоп, президенттердин эрке балдары Айдар Акаев менен Максим Бакиевге да бул тармактан миллиондорду уурдоого жардам берген адам. Экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин «жакындарынын» тобуна кирген маалда да, кийинчерээк Максим Бакиевдин тилин таап, аны менен миллиондорду чапчыган иштерди жасап жүргөндө да бул адам өзүн көпчүлүктөн оолак кармап, эл көзүнө чыга берчү эмес. Анын Бишкек шаарын, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарын электр энергиясы менен камсыз кылуучу «Түндүк электро» ААКсын башкарып жүргөнү, 2007-жылы «Дастан» ААКсынын башкаруусунун башчылыгына дайындалганы белгилүү.
Энергетика тармагында көп жыл иштеп, көрүп-билип калгандар Алексей Ширшовду калктын, өлкөнүн эсебинен акча иштеп табуу боюнча ири долбоорлордун автору, идеялардын генератору катары мүнөздөшөт.
Өзү жөнүндө көп маалымат калтырбаган бул адамдын энерготармактагы коррупциялык схемаларынын бири – аты бар, бирок заты жок абоненттер. Башкача айтканда, ойдон чыккан абоненттердин эсебине уурдалып кеткен электр энергиясын, уурдалып кеткен акчаны да жаза беришет. «Энергоспецмонтаж курулуш индустриясы» ишканасынын жетекчиси Бийназар Бердикеевдин «Дело номерге» минтип айтканы бар: «Бир ирет парламенттик шайлоо үчүн ширшовдук команда «Түндүк электродон» 90 миллион сом чыгарышкан. Кийин бул акчаны (андан да көп, 120 миллион сомду) Бишкектеги Көк-Жар конушуна эле жазып салышкан. Абадан акча жасашкан! Керектен чыккан электромонтёрдук бир эле жабдууларды таратуучу бардык 4 компанияга сатып чыгууга жетишишкен. Азыр деле «Түндүк электронун» складдарын карап чыкса эч кимге кереги жок толтура жабдуулар табылат. Бирок... Булардын эсебинен канчалаган акчалар чыгарылып кеткен».

УУРДООЛОР ТУУРАЛУУ СӨЗ ЖОК
Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк баасы канча турат? ГЭСтерден канча сомго иштелип чыгып, керектөөчүгө жеткиче канча сом кошулат? Ушул суроо акаевдик да, бакиевдик да, атамбаевдик да өкмөттөргө берилип келген. Өткөн жумада депутат Дастан Бекешевдин ушундай сурагына акыры Энергетика жана өнөр жай министрлиги жооп берди. Электр энергиясын иштеп чыгып, элге жеткиргенге чейинки чыгымдар кошулуп отуруп 1 киловатт-саатынын баасы 1 сом 34 тыйын деп берилди.
Ал жерде айлык акылар, салыктар, буга чейин алынган кредиттердин үстөк пайыздарын төлөө, жабдууларды алуу, күйүүчү майлар, техникалык жоготуулар, деги койчу, чыгымдардын узун тизмеси келтирилген. Бир нерсе дароо эле көзгө урунат. Энергетика министрлигинин берген документинде уурдоолор келтирген чыгым көрсөтүлгөн эмес. Жоготуулар жалпы жонунан гана айтылып калган. Өкмөт, жогоруда айтылгандай, аты бар, заты жок абоненттерди, алардын эсебине жазылып кетип жаткан ири жоготууларды алып чыгып элге отчёт берип, акыры «Ширшовдук схемалардын» изин таптык, жоё баштадык» дегенден кийин анан электр энергиясына тарифтерди көтөрүү жөнүндө сөз кылышы керек деген жыйынтык келип чыгат.

Энергетика тармагы боюнча эксперт РАСУЛ УМБЕТАЛИЕВ биз менен болгон маегинде мындай дейт:

– 2010-жылы 1-январда мурдагы премьер Данияр Үсөнов токтом чыгарып, электр энергиясынын тарифин 1 сом 50 тыйын деп 100 пайызга кымбаттаткан. 7-апрелдеги окуядан кийин Убактылуу өкмөт жөнөкөй жарандарга мурунку баа – 70 тыйынды кайтарып берди, бирок мекемелерге, коммерциялык ишканаларга тарифти төмөндөткөн жок. Алар 1 сом 50 тыйын менен калышты. Ошондуктан Апрель окуясынан кийин электр энергиясынын баасы 50 пайызга көтөрүлгөн. Азыр премьер, энергетика жана өнөр жай министри «4 жылдан бери тариф көтөрүлгөн эмес» деп жатышат, мен айтам, жок, көтөрүлгөн. Бирок ошол кымбаттоо да таасирин берген жок. Дале мурунку «ширшовдук схемалар» менен уурдалып жатат. Президент деле «ширшовдук схема иштеп жатат» деди. Эмне үчүн? Анткени ошол схемада иштеген компаниялар, адамдар азыр да энергетикалык тармакта иштеп жатышат. Мурунку коррупциялык жолдор, схемалар азыр да улантылууда, аларга бөгөт коюла элек.
Уурдоо кай жерден башталууда? Техникалык жана коммерциялык жоготуу аркылуу. Дүйнө жүзүндөгү практикада мындай түшүнүк жашабайт. Ширшов ойлоп тапкан. Ал 100 пайыз уурдоо. Ширшовдун адамдарын иштен кетирбегенче ал схема иштей берет.

ЭЛ «РЕСПУБЛИКАГА» ЭМНЕ ҮЧҮН ДОБУШ БЕРДИ ЭЛЕ?
«Республика» партиясы 2010-жылы парламенттик шайлоо алдында «электр энергиясын элге өздүк баасында сатуу», «аз пайыздуу кредиттерди берүү» деген ураандар менен үгүт кампаниясын жүргүзгөн. Жыйынтыгында Жогорку Кеңешке келди. Албетте, шайлоочулар бул партияга «электр энергиясынын баасын арзандатышат» деп ойлоп добуш беришкен. Кымбаттатуу үчүн эл добуш бермек эмес. Ошентсе да тактап көрүүнү чечтик, «республикачылар» кандай бааны убада кылып, кандай бааны элестетишкен, пландашкан эле? Бул суроо менен учурда Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын лидери Назарали Ариповго кайрылдык:
– Электр энергиясынын ГЭСтерден иштелип чыккан баасы 18-19 тыйын деп айтып жүрүшөт. Электр энергиясынын керектөөчүгө жеткенге чейинки чыныгы баасы канча экенин азыр Кыргызстанда эч ким билбейт. Биздин максатыбыз – керектөөчүгө жеткенге чейинки бааны аныктоо болгон. Ал учурдагы баадан кымбат болушу мүмкүн же учурдагы баадан арзан болуп калышы мүмкүн экенин айта албайбыз. Тилекке каршы, биздин партия бийликте турган маалда бул нерсени аныктап чыгууга жетишкен жокпуз. Өндүрүлгөн электр энергиясын керектөөчүгө ортомчу компаниялар жеткиришет. Ошолордун канчалык зарылчылыгы бар? Ошолорду жоюп салса болбойбу? Коррупциялык схемаларды жойсо, техникалык жоготуулар канчалык, аны тактасак, анан чыныгы баасы аныкталат. Азыр биз парламенттеги оппозициялык фракция катары өкмөткө ушундай тапшырмаларды коюуну көздөп турабыз.

«Республикада» мүмкүнчүлүк болгон. БАБАНОВ өкмөттү жетектеп, ушул эле партиянын өкүлү Аскарбек Шадиев Энергетика министрлигин жетектеп турду. Бирок бир жылдын тегерегиндеги убакыт «республикачыларга» жетишсиз болуптур.
Электр энергиясынын тарифтик бааларын көтөрүү боюнча бул тармакты мыкты билген адистер эмне дешет, бул темага дагы кайрылабыз. Эгер «тарифтерди көтөрүү менен гана энерготармакты сактап кала алабыз, башка айла таппадык, башка жол да жок» дешсе, анда Апрель революциясынан улам бийликке келгендер Бакиевдин электр энергиясын кымбаттатуу боюнча чечими туура болгонун моюнга алышы керек.

Шаиста Шатманова,
Эльвира Караева,
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Wave.
2014-05-12 13:18:26
Дагы да айтам - Электрдин баасын которуудон мурда, жанагы хан сарайлардын ээлеринен светтин акчасын ондуруудон баштасанар боло... Канчалаган акчалар ошол жерде жатат толонбой. Элдин кыжырына тийгени калдынар го...
0
Elnuram090
2014-05-12 14:18:15
Эгер ушунчалык кымбаттаса точна даны которулуш болот,анан бапрынар качасынар это уже страшно.
0
ermek2013
2014-05-12 16:13:12
Хан сарайлар дечи аларга мамлекеттин кучу жетпей калдыго буга элдин кана кучу жетет.
0
Almaz-78
2014-05-12 16:54:08
Эгерде светтин баасы которулсо силер деле башка олкодон озунор бата турган жай издей бергиле.телефондун услугасын котордунор эми кезек светке келди.Кайталоо эмне болорун силер жакшы билесинер.Светтин чыгымдарын жерге(земля)кирип жаткан потеряны анан уурдоону токтотсонор эле болду баары жайына келет.
+4
malik.87kg
2014-05-12 22:42:44
электриктер хан сарайга кириштен коркот себеби киргизбейт сен адам эленби дейт баягы эле шоорду карапайым элибиз свет которулсо ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-05-13 10:28:10
malik.87kg - 3 күнгө БАН!
Провокацияга жол берилбейт!
0
RNA78
2014-05-13 20:37:43
Бул кетиште жакында таза абага да акча толойт окшойбуз.
0
Azura
2014-05-14 12:27:23
электроэнергияга баанын которулушу нормалдуу, канча жылдан бери баардыгы кымбаттап жатат, электроэнергия которуло элек... оборудованиелер технический износ болду. ондоо-тузоо иштерине каражат жок. элдин мээсине синип калган болуш керек электрэнергиясы которулсо эле президентти жок кылыш керек деген, а эмне башка нерселер кымбаттаса унчукпайбыз?
-1
madina.00
2014-05-15 04:05:15
Эх кайран Бакиевдин заманы, эмдигиче ал Кыргызстанды эчак которуп коймок!!! Чала эле болду окшойт... А тиги ары жок бийликтегилерге баары бир,себеби Алар толошпойт. Эгерде толой турган болушса,элден карактаган акчаларынан беришет дегендей.
+1
eprel17
2014-05-15 11:29:11
бааны которгондон кийин деле оборудованияны ондогонго ишенбейм анткени коррупция
0
Davlet1994
2014-05-15 11:47:20
eli jurt kele4egibizdi oilonolu bular baany kotoruwkonu menen ozdoru tolowpoit kokus dagy biilik almawsa suudan kuruk 4ygyp ketiwet
0
Meerman
2014-05-16 00:03:25
Мен башында эле Бакиевди колдогом, анан сразу светтин акчасын 2эсе которгонуно элдер жини келип митингке чыгышты, а булар постипенно которуп жатышканынан эл унчукпай тилин тишине катып турушат.
+1
myk
2014-05-19 02:10:00
Москвада унчукпай эле 4.80 рубльдан квт га толоп жашап келебиз ошондо сомго 7-8 сомго почти айланат го
0
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан