7-май күнү кечке жуук Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосунда кезектеги жаңжал чыкты. Тажикстандын Исфара шаары менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан Ворух анклавын бириктирип турган жол Ак-Сай, Көк-Таш жана Орто-Боз айылдары аркылуу өтөт.
КЕЗЕКТЕГИ ЧЫРГА ЭМНЕ СЕБЕП БОЛДУ?
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыгышына Баткен-Исфана жолу менен бара жаткан кыргыз жараны Данияр Сулаймановдун автоунаасы тажикстандыктар тарабынан таш бараңга алынуусу себеп болгон. Териштирүү учурунда эки тараптан миңден ашуун адам топтоло калып, жаңжал бири-бирине таш ыргытууга жеткирген. Кийинчерээк тажик жарандары Баткен-Исфана жолун тосууга аракет кылышкан.
Урушту басуу үчүн Баткен облусунун чек арачылары менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкен. Чыр ырбап отуруп, түнгө карай Тажикстандын жарандары тарабынан Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Терек жана Орто-Боз айылдарында кыргызстандыктарга караштуу май куюучу станция, 3 дүкөн, 2 жүк ташуучу унаага өрт коюлган. Жаңжалдын катышуучулары түн ооп, саат 3төрдө үй-үйлөрүнө тараган. Окуянын жыйынтыгында Баткен шаарында жайгашкан ооруканага Кыргызстандын 9 жараны жеткирилди, анын ичинен экөөнүн абалы оор. Алар: таш тийип башы жарылган Баткен РИИБинин башчысынын орун басары Дүйшөбай Ниязкулов менен ок тийген жергиликтүү жаран Улукбек Кенжеев. Самаркандек бейтапканасына 30га чукул адам медициналык жардам сурап кайрылды. Тажикстан маалымат булактары «окуяда 7 тажик жараны ооруканага жаткырылды, анын бирөөсү октон жаракат алган» деп жазып чыгышты.
Ички иштер министри Абдылда Суранчиев 8-майда Жогорку Кеңеште: «Болуп өткөн окуяны тажик тарап атайын пландагандай»,- деп билдирди.
Н.Арипов:«БАТКЕНДЕ КЫРДААЛ ООР БОЙДОН»
8-май күнү Жогорку Кеңештин сессиясы Баткенде болуп өткөн окуяны талкуулоо менен башталды. «Республика» фракциясынын лидери Назарали Арипов: «Баткен районундагы кырдаал оор, тез арада системдүү чара көрбөсөк болбойт. Согуш алдында турабыз»,- деди. Андан ары КСДП фракциясынан депутат Жусупали Исаев сөз алып: «Белгилей кетүү керек, кыргыз тарап бир да жолу тажик жарандарын жаңжал чыгарууга көкүткөн эмес»,- деди. «Ата Мекен» фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев ага окуя болуп өткөн айылдын тургундары байланышып, «мамлекет бизди коргой албаса, үйлөрүбүздү сатып, башка жакка көчүп кетели» дешкенин айтты. «Туура айтылды, согуш алдында турабыз»,- деди.
Ал эми Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиев 8-май күнү парламентте окуя тууралуу маалымат берип жатып: «Баткендеги чек ара аймагында абал тынч, бирок өзгөрүп кетиши мүмкүн»,- деди.
Коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер болуп турган Токон Мамытов «буга чейин эки өлкөнүн ортосунда чыккан жаңжалдарда келтирилген зыяндарды тажик тарап төлөп бере элек» деди. Былтыркы жылдын апрель айындагы окуяда тажик жарандары Ак-Сай-Тамдык айланма жолунун курулушуна каршы чыгышып, анда курулуш техникаларын талкалашкан болчу. Ушул жылдын башындагы Ак-Сай-Көк-Таш айылдарынын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. Тажик тарап миномёттон ок жаадырып, снаряд жардырышып, 1 миллион сомдун тегерегинде зыян келтирген.
Гезит басууга кетерде Баткен районунун тургундары Баткен-Исфара жана Исфара-Ворух жолдорун тосуп алышканы маалым болду. Ошондой эле Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери Д.Юсупова 8-май күнү Баткен облусунун Орто-Боз айылына келген вице-премьер Абдырахман Маматалиев жергиликтүү тургундардын курчоосуна алынганын айтты. «Ал талкаланган үйдү көрүүгө келген эле, айылдыктар аны камап коюшуп, чыгарбай жатышат»,- деди Д.Юсупова.
Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg