Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 7-май күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Москва шаарына жөнөп кетти. Иш сапардын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү, энергетикага байланыштуу долбоорлор, «Роснефть» компаниясынын «Манас» аэропортунун модернизациялоого катышуусу жөнүндө сөз болот. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков: «Кыргызстан Бажы союзуна кирүү үчүн биримдиктеги мамлекет башчылары менен макулдашууга жетишкен. Тиешелүү документтерди иштеп чыгуу маселеси калды»,- деди.
Эскерте кетсек, кыргыз бийлиги Бажы союзуна кирүүдө биримдиктеги мамлекет башчыларынан «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларына өзгөчө жеңилдик берилиши менен колдоочу фондду түптөө зарылчылыгын суранган.
Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg