ХАОС

АКШ, Канада жана Британия өлкө­лөрүнүн биргелешүүсү менен тартылган детектив, драма, боевик жанрларын камтыган фильмдин аталышы фильмдеги хаос теориясынан улам келип чыккан. Хаос теориясы – алдыңдан күтүүсүздөн чыгып турган тоскоолдуктарды улам жаңы ыкмаларды ойлоп таап, даярдыксыз, плансыз жеңүү дегенди билдирет. Башкача айтканда, башаламандыкты башаламандык менен жеңүү. Фильмди тартуу үчүн 25 миллион доллар жумшалган. Бирок, кээ бир киносынчыларынын ою боюнча фильмдин тартылышы бул каражатты актай албай калган. Ошентсе да фильм өзгөчө детективдүү фильмдердин катарын толуктайт.

Фильмдин режиссёру –
Тони Жилио Сценарийин жазган – Тони Жилио, Продюсери – Дэвид Бергштейн
Башкы ролдордо: Детектив Коннерс –
Жейсон Стэтэм, Лоренс – Уесли Снайпс, Деккер – Райан Филипп

Фильмдин мазмуну

Вашингтон штаты. Сиэтл шаарындагы “Американ Гло­бал” аттуу банкты тоноо үчүн беткапчан кишилер кирет да, ал жерде иштегендерди барым­та­­га алышат. Тоноочулардын башчысы Лоренс аттуу кылмышкер детектив Квентин Коннерс менен га­на сүйлө­шүүгө ма­кул болот. Коннерс бул окуядан бир канча ай мурун отставкага кетип, жумушсуз отурган болот. Полициялардын башчысы айласыздан Коннерсти жумушка чакырат. Ал кылмышкерлер менен сүйлөш­пөс­­төн дароо эле аларга кол салууну туура көрөт. Коннерс канчалык тажрыйбалуу, ишбилги болбосун, бул операцияны жүзөгө ашыруу оңойго турбайт. Себеби, Лоренс өтө куу, өз ишин мыкты билген киши болот. Ал кылмыш кылаардын алдында өтө так ойлонуп, план түзүп, баарын баштан-аяк көз алдынан өткө­рүп алып, анан гана операцияга киришкен. Алтургай, Лоренс полициялардын кылмышты кантип изилдээрин, кандай ыкмадан кийин кандай чара колдоноорун да жатка билет. Ал көпчү­лүк полицияларды тоготпогондуктан, кээ бир детективдерди мышык-чычкан да ойнотуп жиберет. Натыйжада, Кон­­нерс операциянын планын алдын-ала түз­бөс­төн, окуянын жү­рү­шүнө карап гана чара колдонуп отурат. Коннерс өзүнө жардамчы кы­лып жаш детектив Шейн Деккерди алат. Шейн Деккер башында карыган детектив Коннерсти тоготпой, азыркы жаштар колдонгон ар түрдүү жаргон сөздөрдү колдонуп, анын ачуусуна тийгенге аракет кылат. Бирок, кийинчерээк Коннерстин өз ишин мыкты билген адис экенин түшүнөт да, кандай татаал тап­шыр­ма болбосун аткарууга киришет. Шейндин жакшы жакка өзгөр­гөнүн көргөн Коннерс ал менен жакшы тил табышып, ата-баладай болуп калышат. Ошентип, эки детектив кылмышты терең изилдеген сайын кылмыштын түйүнү чечилмек тургай, тескерисинче, улам татаалдай берет. Алар ансайын кө­шөрүп изилдегенге өтүшөт. Ошентип, бар­ган сайын татаалдаган иш акыры хаоско айланат. Аягында барымтадагыларды куткарган Кон­нерс менен Деккер банкта эч кандай деле акча алынбаганын көрүп таң калышат. Бирок, алар Лоренс баш болгон кылмышкерлер акылдуулук кылып миллиарддаган акчаны электрондук жол менен которуп кеткенин билбей калышат.

Фильмдин тартылышы

Хаос – Тони Жилионун төртүнчү фильми болуп эсептелет. Режиссёр фильмде боевик, болгондо да интеллектуалдык боевик жанрын баса көргөзгүсү келген. Режиссёр башкы каармандын ролун Брюс Уиллиске сунуштаган. Би­рок, ошол маалда тартылган детектив фильмдердин дээрлик баарында башкы каармандын ролун ойногонун эске алган Брюс Уиллис: “Мен детективден башка ролдорду да аткаргым келет. Эгер мен бул филь­м­­де да детективдин ролун аткарсам, эл мындан кийин кашка баш детективдерге гана ишенип калышат” деп тамашалоо менен бул ролдон баш тарткан. Бирок, анын баш тартканынын башкы себеби ага төлөнчү акынын аздыгында болгон. Брюстун бул ролду аткарышын абдан каалаган Тони ага окшош актёр издей баштайт. Ошентип, кашка баш детектив издеп жүргөн мезгилде “Револьвер” аттуу фильмди көрүп, андагы баш каарманды аткарган актёрду жактырып калат. Бул Жейсон Стэтэм эле. Тони Жейсонду рол­го чакырганда ал детективдин ролу абдан оор экенин түшүнүп, алардын аткарган иштерин үйрө­нүү­гө өтөт да, өзүн детектив болууга даяр деп билгенде гана ролду атка­рууга макул болот.
Башында түзүлгөн сценарий боюнча фильмде эки гана баш каарман – детектив Коннерс жана кылмышкер Лоренс болгон. Брюстун баш тартуусунан кийин фильмдин жаратуучулары сценарийди өзгөр­түп, фильмге дагы бир жаш детективди кошкон.
Тони фильмге ар түрдүү сюжетти камтыгысы келгендиктен, фильмди бирде тоонун этегинен, бирде ижарага алган эскилиги жеткен имараттын ичинен тарткан. Бул имаратты Тони эки жыл мурун эле ижарага алып коюп, анан фильмдин сценарийин түзүүгө киришкен. Вашингтон штатынын тургундары ижарага алынган имараттын эки жыл бою иштетилбей жөн эле турганын көрү­шөт да, шаар башчысына арыз жө­нөтүшөт. Шаар башчысы Тониден имаратты алуу үчүн аны кысмакка ала баштайт. Тони болсо фильм тартуу жөнүн­дөгү оюн жашырып, бирде чоң үй салам деп актанса, бирде фирма ачам деп жалган айтып, фильмдин сценарийи бүт­көнгө чейин созот. Фильм бү­төөрү менен имаратты шаар башчысынын колуна тап­шырат.

Фильмдин философиясы

Фильмде билинбегени менен хаос теориясына таянган философия жатат. Мунун себеби, АКШ жана Иран өлкөлөрүнүн ортосундагы мамиленин хаоско айланышын чагылдыруу болгон. Мында АКШнын ролун отставкадагы детектив Коннерс аткарса, Ирандын ролун рэкеттердин дөө-шаасы Лоренс чагылдырган. Режиссёрдун ою боюнча фильмдин мазмунундагыдай болуп өзүн жеңишке жетиштим деп эсептеген Америка акыр аягында Ирандан кантип жеңилип калганын билбей калат. Бул жерде кимдин күчтүү же күч­сүз экени маанилүү эмес, хаос теориясын колдоно билүүсү маанилүү.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан