6-май күнү Бишкек шаардык гарнизондук сотунда Апрель окуясы боюнча айыпталуучулар атайын бөлүктүн кызматкерлери Рафаэль Мадраимов менен Майрамбек Тентиевдин иши каралды. Анда айыпталуучулар сотко өздөрүн актоо өтүнүчү менен кайрылышты. Бардык уктуруулар бүткөн соң сот ишине төрагалык кылган Дамир Оңолбеков өкүм болжол менен 6-июнда угузуларын кабарлады. Жабырлануучу тарап сотко карата нааразы экендигин билдиришип «Айыпталуучуларга өлүм!», «Саткын сот!» деген сөздөрдү айтышты.
Ошондой эле алар 7-апрелде жабыр тарткандарды жактап келген «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин өкүлү Осунбек Жамансариевге да нааразы экендигин билдиришти. Эске салсак, Апрель окуясы боюнча сот отуруму буга чейин 28-апрелде өтүп, анда «Альфа» атайын бөлүгүнүн мурдагы командири Алмазбек Жолдошалиев иликтөө иштери сапатсыз өткөнүн айтып, өздөрүн актоону суранган эле. Ал эми жабырлануучу тараптын атынан сүйлөгөн «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин тең төрагасы Арстан Сагындыков: «Эгерде Кыргызстандын соттору калыс чечим чыгарбаса, адам укуктары боюнча эл аралык сотко кайрылабыз»,- деди.
Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg