Жыл башынан бери өлкөдө 28 өспүрүм өз ӨМҮРҮН КЫЙГАН. Бул тууралуу ички иштер министри Абдылда Суранчиев маалымдады. Суицидге кадам таштагандардын 15и эркек, 13ү кыз.
«ДОРДОЙ» соода комплексинин профсоюзунун төрайымы Дамира Дөөлөталиеванын айтымында, Казакстан тарап чек арадан кыргызстандык ишкерлердин жүгүн өткөрүүнү токтотту.
Саламаттыкты сактоо министрлиги «өлкөдө БРОНХИАЛДЫК АСТМА менен ооруган 10 миң адам бар» деген маалымат таратты.
2013-жылы «КЫРГЫЗАЛТЫН» ААКсынын таза кирешеси 405 миллион 771 миң сомду түздү. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 2 эсеге аздык кылат.
Билим берүү министрлиги АКЫРКЫ КОҢГУРОО салтанаты быйыл 24-майда саат 9:00дө башталарын билдирди.
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, азыркы кезде Кыргызстанда 2500 БАЛА ата-эне камкордугунан сыртта калган.
Бишкекте 19-майдан тарта ЖЫЛУУ СУУ бир айга өчүрүлөт.
Быйыл АЖЫЛЫК ЗЫЯРАТ үчүн Сауд Арабия бийлиги Кыргызстанга 3 миң 685 орун бөлүп берди. Ажылык сапарга баруунун акысы 2 миң 400 доллардын тегерегин түзүүдө.
АДИЛЕТ МИНИСТРЛИГИ Кыргызстанда адамдын аброюн маалымат каражаттары аркылуу басмырлаган, шылдыңдаган, кемсинтүүгө жол бергендерге каршы административдик айыпка тартуу тууралуу мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун билдирди.
БООМ КАПЧЫГАЙЫНДА медициналык жардам көрсөтүүчү жай ачылат. Анын курулушу 3 апта аралыгында аяктап, андагы кызматкерлер үчүн «Тез жардам» унаасы берилет.
УЛУТТАШТЫРЫЛГАН объектилерди башкаруудан улам өлкө казынасына 4 миллиард 846 миллион сомдон ашуун каражат түшкөндүгү тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди.
Толкунбек Абдыгулов УЛУТТУК БАНКТЫН төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ага чейин бул кызматты ээлеген Зина Асанкожоева апрель айынын орто ченинде өз эрки менен жумуштан бошогон.
Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Чыңгыз Бекташовдун айтымында, 2016-жылы Кыргызстандын бүткүл аймагы УЮЛДУК БАЙЛАНЫШ менен камсыз болот. Азыркы тапта өлкө ичинде эл жыш отурукташкан 128 аймакта уюлдук байланыш жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.