Жогорку Кеңештин депутаттары Алишер Абдрахманов, Ажибай Калмаматов жана Нуркамиль Мадалиев аймактардан келген эл өкүлдөрүнүн турак жайынын ижарасына бөлүнчү каражатты 18 миң сомдон 36 миң сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Эске сала кетсек, 2008-жылы «Турак жайды жалдоо ижарасы үчүн төлөмдөр менен турак жай жалдоо келишиминин шарттары» тууралуу кабыл алынган токтомго ылайык, депутаттардын батирине суткасына 400-600 сомго чейин акча бөлүнөт. Бул сумма бир айда
12-18 миң сомду түзөт. Депутаттар «бул каражат батир акысына жетпей жатат. Кызматтык үй жоктугуна байланыштуу эл өкүлдөрү батирде баш калкалоого аргасыз. Батир акысы да доллардын курсу өскөндүгүнө байланыштуу кымбаттап, 500дөн 700 долларга чейин жетүүдө» дешет. Андыктан депутаттар ижарага төлөнчү акчаны суткасына 800дөн 1200 сомго чейин көтөрүүнү демилгелешүүдө.
Белгилей кетсек, эл өкүлдөрүнүн айлыгы 20 миң сомдон башталат. Мындан тышкары аларга кызматтык автоунаа, күйүүчү май жана тетиктер үчүн айына 12 миң сом бөлүнөт. Эксперттердин билдирүүсүнө караганда, бир депутатка мамлекет жыл сайын казынадан 6 миллион сом сарптайт.
Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg