УКРАИНА: ОДЕССАДАГЫ КАГЫЛЫШТА 46 АДАМДЫН КАНЫ ТӨГҮЛДҮ

Украинанын түштүгүндө жайгашкан айтылуу Одесса шаарындагы кандуу окуядан улам 2-май күнү 46 адам каза болду. Эскерте кетсек, 2014-жылдын февраль айында Украинадагы бийлик алмашуудан кийин өлкөнүн түштүк-чыгышында орусиялык маанайдагы толкундар башталып, ал административдик имараттарды басып алуу менен коштолуп келет.
Одесса окуясына келсек, Киев бийлигин жактоочулар менен орусиячыл активисттердин ортосунда атышуу орун алган. Андан ары жаалданган бир тарап Орусия саясатынын колдоочулары отурган Профсоюздар үйүнө келишип, көп өтпөй имаратты өрт каптаган. Украинанын коопсуздук кызматы кандуу окуяга күнөөкөр катары Орусиянын атайын кызматын айыптап чыкты. 8-майда НАТО жана АКШнын Коргоо министрлиги Украина менен Орусиянын чек арасында 40 миңге чукул орусиялык аскерлер жүргөнүн билдирди. Одесса облустук кеңешинин депутаты анонимдүү түрдө билдирүү таратып, ал «Киев бийлиги элге ырайымсыз көрүнүп калбоо максатында каза болгондордун санын кыскартып айтып жатат, набыт болгондордун саны 116 киши» деди. Курман болгондордун арасында чекесине ок кезелип өлгөндөрү да бар дешүүдө.
7-май күнү Орусиянын президенти В.Путин 11-майга белгиленген Донецктеги аймактын өзүн-өзү аныктоосу тууралуу референдумду кечирээк мөөнөткө жылдырууну федерализациянын тарапташтарынан сурады.

Темирбек Матаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sharipa-asia
2014-05-14 00:34:39
Жаман болушту го кудай сактасыыыын
0
zenit28.
2014-05-15 13:34:44
Элге курал таратып берип койуш керек эле оздору чечишип алат эле барибир ошончо адам олду тиги правый секторлордонда ала кетмек
0
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан