РУСЛАН АБАСОВДУН ӨЛҮМҮН ФЕЛИКС КУЛОВДУН ДОСУ ЗАКАЗ КЫЛГАНБЫ?

2005-2012-жылдар аралыгында Кыргызстанды жалпы жарандык паспорт менен камсыздаган «Интел Линкс» ЖЧКсынын кожоюну Дмитрий Цой кармалганын Ички иштер министрлиги 7-май күнү кабарлады. Адегенде «Д.Цой 27-мартта жардырып өлтүрүлгөн спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө шектүү катары кармалды» деген маалымат тарады. Бирок ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы жогорудагы маалыматты оңдоп-түзөөгө шашып, «азырынча Д.Цойдун Р.Абасовду өлтүрүүгө тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатат» деп билдирди. «Экөөнүн ортосунда аңчылык кылган жер тилкелерине байланыштуу талаш болгон. Версиялардын бири боюнча, алар Р.Абасовду өлтүрөйүн дебей эле, эскертүү бергиси келген, бирок жардыргыч заттын кубаттуулугун эсептей албай калышкан»,- деди башкармалыктын башчысы Рафик Мамбеталиев.
Руслан Абасовдун өлүмүнө байланыштуу спортчунун жакындары менен баарлашканыбызда «анын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү аңчылык боюнча бизнесине байланыштуу болушу мүмкүн» дешкен.
Дмитрий Цой кыргызстандыктарды паспорт менен эле камсыздабастан, мергенчилик кылган аңчылык чарба да иштеткен. Ошондой эле «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун жакын досу, каржылык иштердеги өнөктөшү катары белгилүү. Жогорудагы териштирүүдөн тышкары Дмитрий Цойго 2009-жылы болуп өткөн автокырсык боюнча айып тагылды, тагыраагы, анын унаасы трактор менен кагышкандан кийин трактордун айдоочусун сабап, тапанчасы менен бутуна аткан. Бул иш убагында түшүнүксүз себептерден улам токтотулуп калган. Быйылкы жылы 30-мартта Башкы прокуратура ишти кайра жандандырып, «ээн баштык» беренесин «киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесине которгон.

Темирбек Матаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
infiniti
2014-05-12 11:15:48
Бизде кылмышкерлер "эшек жайлоого" чыгышкан. Мыйзам деген жок.
0
Melis2014
2014-05-12 11:48:46
чондордун барын кемеге тойго чакырып кемени чоктуруп жибериш к.к анан тазаланат азыр акчан болсо закондон коркпойсун бут сабатсыздар
+1
mixi_94
2014-05-12 14:20:59
Melis2014, тупатуура айтыпсыз да. Мындайларды КУДАЙ да албайт го
0
Sarabanda
2014-05-12 13:02:16
Коркоктор
0
uylaak
2014-05-12 15:24:17
Melis2014 туура айтас
0
boss.alik
2014-05-12 15:35:11
Ушул адамга окшогон озунун кызыкчылыгынан башканы ойлобогон саясатчылардын айынан кыргыз деп куйгон, журогу кыргыз деп соккон, канча деген кыргыз жигиттерибизди жоготтуп жатабыз.Рыспек, Руслан дагы ???? Кудайга шугур байлыкты укум- тукумга чейин жетерлик жыйнадынар. Бийликте политический долгожитель болдунар. Кудайга шугур калган омурумдо Аллага куноокор болбоюн деп топук кылыш керек.
0
ermek2013
2014-05-12 16:06:03
Ислам Каримовтой болупбу ал бир тундо рекеттердин тамырларын жайлаган а жалбырактары болсо озунон озу жок болгон.
0
uuljan94
2014-05-12 16:58:29
ХХХ ХХХ ХХХ... Ошондо темирдей тартип болот.
0
admin_portal
2014-05-12 17:26:39
uuljan94 - эскертүү!
Провокацияга жол берилбейт!
-1
malik.87kg
2014-05-12 23:07:41
Ээ биздикилер адам болбой калдыгы ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-05-13 10:25:56
malik.87kg - 5 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат!
0
STARS-BOYS88
2014-05-12 23:52:24
Кароче бул кишиге жаман эле болотко Зектер жаман эое кылат мындай кишини
0
boss.alik
2014-05-13 00:26:45
Кыргыздын керемет жазуучусу Т.Касымбековдун "Сынган кылыч " романында чакан уламыш бар го. Илгери токойдо балта деген жоо чыкты, бардыгын кырып жоюп келе жатат, кандай айла кылабыз дептир токойдогу тал - теректер. Жуз жыл жашаган арчадан акыл сурашат. Арча сураптыр да балта эмнеден жасалыптыр деп. Башы темирден экен деп жооп беришет. Дагы дейт арча. Сабы жыгач экен дейт. Кордунорбу деген арча озубуздун жыгач жардам бербесе жалгыз темир эмне кыла алмак эле деп жооп бериптир.
+2
sanchos
2014-05-16 19:16:03
boss.alik, туптуура айтасын жердеш. Кошулам
0
boss.alik
2014-05-13 00:35:13
Уламышта айтылгандай озубуздун жыгачтар жардам бербесе сырттан келген улуту, тили башка Цой, Батукаев ж.б кыргыздын чыгаан жигиттерининин тубуно жетет беле.? Келгиндерге намысыбызды тепселетпей, жигиттерибизди бирден алдырбай ынтымакта болуш керек кыргыз элим.
0
Warszaw
2014-05-13 21:10:39
акча чечет баарын , чоңдорго акча берсе арыктагы суу ылдыйга агып атса да өйдөгө акты дейт саткындар....
0
Survey
2014-05-14 15:27:13
ХХХ ХХХ... кыргыздын мен деген жигитин олтурдун. куловду рысбектин жана анын агасынын олумуно тиешеси бар деген болчу шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт дейт ишенсе болот
0
admin_portal
2014-05-14 15:38:03
Survey, Комментарий түзөтүлдү. Эмоцияларды кармаңыз.
0
ere
2014-05-14 16:46:04
боло берет деп кыла берсе болобу качан мамлекетибиз кучтуу болот экен???
0
Meerman
2014-05-15 23:48:53
Мелис2014 хехехеее аябай сонун жазыптыр.
0
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан