Президент Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдагы жалпы маянасы 1 миллион сомго жакын сумманы түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы саясий жана атайын кызматтарды ээлеген адамдардын мүлктөрү тууралуу жарыяланган декларацияда маалымдады. Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев жетекчисинен 14 миң сомго көп айлык алган.
Ал эми премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жылдык кирешеси 1 миллион 100 миң сомдун тегерегин түзөт. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев былтыркы жылы өкмөт башчысы катары ээлеген кызматынан 1 миллион сомдон ашуун айлык алган. Президентке караганда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков да көбүрөөк киреше таап, анын суммасы 2,5 миллион сомго жакындайт. Төрага 1 миллион 18 миң сомду айлык катары алса, 1 миллион 540 миң сомду мал чарбачылык, балчылык менен алектенген ишкерликтен тапкан.
Бир жылдык кирешесин, жеке менчиктерин көрсөткөндөрдүн катарында экс-премьер Өмүрбек Бабанов да бар. Анын тапкан кирешеси 2013-жылы 1 миллион 100 миң сомго жеткен. Бул сумма негизги жумуш ордунан түшкөн пайда. Мындан тышкары Ө.Бабанов 278 миң сомду күлүк сатуудан тапкан.
Темирбек Матаев
politika@super.kg