АЗИЗА КЫЗДУУ БОЛДУ

«Кайдасың, азыр кайдасың?» деп ырдап жүрүп өмүрлүк жолдошун тапкан ырчы айым Азиза экинчи жолу энелик бакыттын даамын татып отурат. Дегенибиз, ырчы 5-май күнү көз жарып, кыздуу болду. Бул тууралуу ал: «Учурда кызым экөөбүздүн абалыбыз жакшы. Мен шашып эле төрөтканага эрте келип алыпмын, кызыбыз көпкө күттүрүп жатып жарыкка келди. Кызым 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлдү. Атын атасы Селима деп койду. Апамды «менин кыйналганымды көрбөсүн» деп киргиздирбей койгон болчумун, жакындарымдын баары эшикте күтүп турушту. Биринчилерден болуп куттуктап курбум Роза Шакирова кирди. Улуу кызым да сүйүнүп жатат «ля-ля келди» деп. Баарыбыз жаңы төрөлгөн кызымды тегеренип эле отурабыз»,- деп сүйүнүчүн биз менен бөлүштү.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
tima2014
2014-05-12 10:47:50
Бешик боонор бек болсун!Азиза жакшы айым ырлары жагат мага.
0
aitowa11
2014-05-12 10:54:48
Омуру узун болсун
0
jypara1415
2014-05-12 12:59:25
Селиманын омуру узун болсун .
0
aikol87
2014-05-12 15:25:50
Омурун берсин. Акылдуу кыздардан болуп чонойсун.
0
tina-janka
2014-05-12 16:18:17
Омуру узун болсун
0
Aikoo2014
2014-05-12 18:40:24
Омурун берсин кызынын.Акылдуу,ата-энесине куйумдуу кыз болсун.
0
alenka
2014-05-12 21:11:41
омуру,ден -соолугу,ата энеси менен берген болсун!мага да насип этсинчи жараткан!
+1
guljigit88
2014-05-12 21:26:18
селиманын омуру узун болсун!
0
nurgiza03
2014-05-12 22:16:20
Азизанын жолдошу ким билесиздерби?тааныгандар болсо жазгылачы айтуулар бойунча токол екен го.
-3
aslan_akjol89
2014-05-13 08:29:22
nurgiza03, Токтогулга чыккан турмушка.Тайырбек Сарпашевтин бир тууган женеси болот экен,токолдук жагын билбейт экенмин.
0
marin
2014-05-13 16:08:50
Бешик боонуз бек болсун!
0
Sharipa-asia
2014-05-13 21:22:39
Омурлуу болсун
+1
deniza90
2014-05-14 15:12:28
joldoshunun jetinchi kyzy eken. Aziza uchunchu ayaly. ekinchi ayalı byltyr erkek torop beriptir. Aziza dagy erkek toroim değen niyette toroptur. kyz bolso da omur bersin.
0
Mononoke
2014-05-16 15:05:33
Кыйынсынар ээ,бардыгын билесинер))) Азиза Эмир Сарпашевдин жубайы,канчанчысы экенин так билбейм,Азиза озу канчанчы жылкы?Эмир 1964 жылкы..
0
Anisaydan
2014-05-18 19:31:36
Mononoke, Азиза 1981-жылкы. Токолу болобу,башкасыбы эн башкысы бактылуу болушса болду да.
0
NurikAKSUU89
2014-10-27 07:59:58
Азиза эже азаматсыз!!!
0
matteraza
2014-11-09 20:57:00
Артистердин кобу еле токол .Бирок алар официально емес бирок шарият боюнча да ага емне жанынар ачыйтнике жазатып койушкан .Кыргыз баласынын емнеге ичи тар болот.
0
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан