Ырчы Курал Чокоев «Түрксой» уюму тарабынан уюштурулган Орусиянын Башкортостан Республикасында өтө турган Эл аралык «Урал Моңо-2014» фестивалына барарын кабарлады. «28-29-майда өтө турган фестивалга катуу даярдык көрүп жүрөм. Фестивалдын алкагында эки чыгарма аткарам. Учурда улуттук кийим тиктирип жатам. Буюрса, жеңиш менен кайтабыз деген ишенимдемин»,- дейт ырчы. Эске салсак, фестивалдын максаты – түрк тилдүү элдердин музыкасын сүйгөндөрдүн башын бириктирип, арасынан татыктуу таланттарды тандоо. Аталган фестивалдан мекендешибиз Захира Шайдылдаева 2012-жылы 3-орунду алып олжолуу кайткан. Бул жолу калыстар тобунда ырчы Айчүрөк Иманалиева да болмокчу. Эмесе, Куралды жеңиш менен тосуп алалы.