«Заманыбыздын супер алып баруучусу», тилинен бал тамган Нурзат Токтосунова март айынын аягында Түркиянын ТРТ Аваз телеканалы менен келишим түзүп, 3 айга Анкара шаарына аттанган эле. Кыргызстан көзүнөн учуп жаткан Нурзат ал жактагы сезимдери менен бөлүштү. «Учурда ТРТ Аваз телеканалында «Йени күн» деген берүүнү алып барып
жатам. Бул берүүнү кыргызстандыктардын «Замана» берүүсүнө окшоштуруп койсок болот. Түркиянын Анкарадан тышкары Стамбул, Конья, Эскишехир, Шанлыурфа жана Анталия сыяктуу шаарларындагы тарыхый жерлерди көрүп кайттым. Түрк эли меймандос, сылык, кайрымдуу экен. Анан да кыргыздарды бир тууганындай көрүшөт. Көчөдөн бирөөнү токтотуп сурасаң, айткан жериңе чейин жеткирип коюшат. Дагы бир мени кубантканы – майдан баштап биздин программаны кыргызстандыктар да көрө алышат. Буюрса, июнь айынын аягында Кыргызстаныма барып калам»,- деген Нурзат жалпыга салам жолдоду.