Учурда Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендешибиз, таланттуу режиссёр Нурбек Эген өзүнүн кезектеги «Борец. Русский молот» тасмасын тартып баштады. Аталган тасманын башкы ролдорунда орусиялык Алексей Чадов, Игорь Скляр, Оксана Акиньшина өңдүү белгилүү киножылдыздары ойнойт. Фильмди тартуу иштери Санкт-Петербург шаарында башталган. Нурбек Эгендин эмгегинен жаралган жаңы экшн-драманы, буюрса, 2015-жылы кинотеатрлардан көрүп калат экенбиз.