Белгилүү өзбек ырчысы Согдиана өзүнөн 17 жаш улуу, экинчи жолдошу, «Русь» хоккей клубунун президенти Башир Куштов менен ажырашты. Экс-жолдошунун ырчы айымга чейин 9 баласы болуп, 2010-жылы Согдиана 10-уулун төрөп берген. «Мен мындай катачылыкты эми кетирбейм. Көз карашым төп келбеген мырзага турмушка чыкпайм. Биздин катачылыгыбыз бири-бирибизди тарбиялайбыз деп ойлогонубузда болду. Көрсө, баштан эле өзүңө бардык жактан төп келген адамды тандаш керек экен» дейт Согдиана.
Эске салсак, Баширге чейин ырчы айым индиялык бизнесмен Рам Говиндге турмушка чыгып, Аржун аттуу уулдуу болушкан. Ажырашкан соң Рам баласын уурдап кетип, көп аракеттен соң ырчы айым уулун кайтарып алган.