ТАБЫЛГА СООДА БОРБОРУ АВТОУНАА БЕЛЕК КЫЛАТ

Соода борборуна барып, сатып алган буюмдун үстүнө дагы бир жагымдуу белек алууну кимдер гана каалабасын?! Мындай мүмкүнчүлүктү элге ар ким түзүп бере албайт. Пайдалуу жана жагымдуу утушка ээ болгуңуз келсе, анда ойлонбой туруп «Табылга» соода борборуна бет алыңыз.

ЫҢГАЙЛУУ, ПАЙДАЛУУ ЛОТЕРЕЯ
Кабарыңыздар болсо, «Табылга» соода борбору мындан 3 жыл мурун ачылган. Аз убакыттын ичинде кардарларынын санын өстүрүүгө жетишти. Анан да кубандырганы, жыл сайын лотерея ойнотулуп, элибизге автоунаадан тартып турмуш-тиричиликке керектүү техникаларды белек кылып келет. Буга чейин соода борбору үч автоунаа ойнотуп, бактылуу мекендештерибизге белек кылышкан. «Табылганын» администратору Александр бизди акциянын шарты менен тааныштырып жатып, аларды кубандырган бир жагдайга токтоло кетти. Ал: «Ушуну менен лотереяны үчүнчү жолу ойнотуп жатабыз. Баарынан да жагымдуусу, ушул жылдын февраль айында ойнотулган лотереядан бир үй-бүлө автоунааны утуп алган. Эки баласы бар үй-бүлөнүн энесинин көзү көрбөйт экен. Турмуштан кыйналган адамдарга да жардамыбыз тийип жатканы биз үчүн сыймык»,- дейт.
Муну менен гана токтолуп калбай «Табылга» 5-майдан тарта кезектеги акциясын баштады. Лотерея утушу 10-октябрда ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталмакчы. Соода борбордун кардарларынын көптүгүн ушундан билиңиз, лотерея жаңы жарыялангандан тартып эле катышуучулардын саны арбын. Дал ушул борбордун утуштарына ишеним артарын айткан Сыртбай Жанузаков: «Мен Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын тургуну болом. Мурунку жолу да «Табылгадан» соода кылып, лотереяга катышып, тилекке каршы, утпай калгам. Мунусунда утам деген илгери үмүт менен кайра катыштым»,- деди.

500 СОМГО СООДА КЫЛ ДА, УНААГА ЭЭ БОЛ!
Лотереянын шарты ыңгайлуу жана эң жөнөкөй. Эгер сиз «Табылга» соода борборунан 500 сомго өзүңүз үчүн керектүү товар алсаңыз, бир билетти белекке аласыз. Ал эми соодаңыз 5000 сомдон ашып кетсе, анда кошумча экинчи билетке ээ болосуз. Бул акция соода борборунун кайсы кабатында болбосун жарамдуу. Мисалы, 10 ар башка дүкөндөн 500 сомдон товар алсаңыз, 10 билет сиздин колуңузда деп эсептей бериңиз. Демек, ага жараша утушка да мүмкүнчүлүк сизде көп болот. Эми утуштарга өтсөк. Бул ирет да «Табылга» кардарларын бир топ баалуу белектер менен сыйламакчы. Утуштарда турмуш-тиричиликке зарыл болгон муздаткыч, сыналгы, бир нече микротолкундуу меш, үтүк, DVD-плеер, тостер, чайнек, духовкалар бар. Анан да эң бактылуу жарандын бактысына башкы белек – Европадан алынып келинген, сол рулдуу Ниссан Примера автоунаасы коюлууда. Айрымдарда «белектер кантип ойнотулат? Лотерея таза эле өтөбү?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Ал тууралуу ойлонуп баш катырбай эле койсоңуз болот. Анткени, шарт боюнча, урнага чогулган билеттерди лотереяга келген катышуучулардын арасындагы бөбөктөр чакырылып, алар билетти сууруп чыгышат. Мына ушундай жол менен жеңүүчүлөр аныкталат. Сизге ийгилик кушу жылмайган болсо, саналуу гана мүнөттөр ичинде автоунаа же дагы башка баалуу белектерге ээ болуп калышыңыз мүмкүн. Бул акцияга соода борбору орточо эсеп менен жарым миллиондой акча жумшап жатканын айтат Александр. Кошумчалай кетчү жагдай, лотереяга Кыргызстандын бардык жарандары катыша алат. Билеттердин саны чексиз. Андыктан, урматтуу кардар, шашылыңыз! Балким, башкы байге сизди күтүп жаткандыр, ийгилик кушун учуруп жибербеңиз!

Февраль айындагы утуш ээлери.

Гүлжамал Бөрүкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан