«ЖАШТАР БАНКЫ» МАКСАТТАРДЫ ИШКЕ АШЫРАТ

«Ысык-Көл облусунун Жаштар банкы» программасынын алкагында Ысык-Көл облусунда социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу улантылууда. Эске салсак, бул долбоорлор «Кумтөр» компаниясынын каржылоосу менен Борбор Азиядагы Евразия фонду (БАЕФ) тарабынан аткарылып жатат.
«Жаштар банкы» программасы бул – калк турмушуна активдүү катышып жаткан ыктыярдуу демилгечи топтор. Алар жергиликтүү элдин жашоосун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду жүзөгө ашырышат.
Бир нече жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан бул долбоорго «Кумтөр» компаниясы тарабынан жалпы 300 миң АКШ доллары бөлүнгөн.

БАЛЫКЧЫ ШААРЫ
Социалдык жактан жабыр тарткан балдарга курстар ачылды
Ушул долбоордун алкагында Балыкчы шаарындагы «Тянь-Шань балдары» кризистик борборунда социалдык жактан жабыр тарткан балдарга атайын курстар ачылды. Эми бул  кризистик борбордо тарбияланып жаткан балдар ашпозчулук, чачтарач жана тикмечилик чеберчилигин үйрөнүшүүдө.
14 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан борбордон жүздөгөн томолой жетим, көчөдө калган жана оор турмушка туш болгон үй-бүлөнүн балдары тарбия алышкан.
– Биздин борбор иштеп келе жаткандан бери Балыкчы шаарындагы кароосуз калган балдар азайды. Акыркы убакта жаңы багытта иштеп жатабыз, тагыраагы, кесиптик билим берүүчү жаңы окуу курстарын ачтык. Окуу ушул жылдын январь айында башталган. Бул курстардын балдардын кийинки жашоосуна чоң жардамы тиет деп ишенем. Сабактарда өздөрү тиккен сүлгү, шейшеп жана башка ушундай керектүү нерселерди өз жашоосунда пайдаланышат,- деп айтып берди «Тянь-Шань балдары» кризистик борборунун жетекчиси Татьяна Свистунова.
– «Жаштар банкынын» долбоорлорунун көпчүлүгү социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бул борбор буга чейин ийгиликтүү иштеп келген. Келечекке стимул болушу жана бул үйдүн тарбиялануучулары бир кесипке ээ болсун деген ниетте ишке ашырылды,- дейт «Жаштар банкынын» Балыкчы шаарындагы өкүлү Тилек Өмүрбеков.

ШАВКАТ АБДУЖАПАРОВ, Борбор Азиядагы Евразия фондунун өкүлү:
– Учурда бул долбоордун 2-этабы ишке ашырылууда. Бул этапта 60тан ашуун билдирүү түшүп, алардын 6сы жүзөгө ашырылды. Биринчи этаптын ийгиликтүү тажрыйбасын эске алуу менен долбоордук билдирменин каражаты миңден 2 жарым миң АКШ долларына чейин көбөйтүлдү. Жаштарга өз аймагын өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү деп ойлойм.

КАРАКОЛ ШААРЫ
Жаштарга акысыз окуу курстары
Каракол шаарында ушул эле долбоордун демилгеси менен балдар үйүндө ашпозчулук жана чет тил курстары ачылды. Окуу курстары акысыз жүргүзүлүп, окуучуларга чет элдик волонтёрлор сабак өтүшүүдө.
– Бул долбоордун жардамы менен канчалаган жаштар акысыз билимге жана кесипке ээ болушууда. Биздин шаарда мындай окуу курстары кымбат, ошондуктан бардыгы эле акы төлөп окуй албайт. Бул жерде окуу акысыз болгондуктан, каалоочулардын саны өсүүдө. Азыр 15 жаштан 28 жашка чейинки 80ден ашуун окуучулар сабак алышууда. Окуу курстарын «Кумтөр» компаниясынын каржылык колдоосу менен «Жаштар банкы» долбоору ишке ашырууда. Азыркы тапта англис жана корей тилдери, ашпозчулук жана пианинодо ойноо курстары ачылды. Долбоордун каражаты 2300 АКШ долларын түздү. Бул долбоордун автору ушул эле балдар үйүнүн тарбиялануучусу Мыктыбек Бейшекеев,- деп билдирди «Жаштар банкынын» Каракол шаарындагы лидери Азиз Абакиров.

ТҮП РАЙОНУ, ТҮП АЙЫЛЫ
Түп айыл өкмөтүнүн кызматкерлери велосипедге миништи
Түп айыл өкмөтүнүн кызматкерлери велосипед менен жумушка барып-келишүүдө. Кызматкерлерге шарттарды түзүп берүү үчүн БАЕФ жана «Кумтөр» компаниясынын каржылоосу менен «Ысык-Көл Жаштар банкы» долбоору аркылуу 12 велосипед сатылып алынган.
– Жумуш элди кыдырып иштөөнү талап кылат. Айылдардын аралыгы 5-6 чакырым болгондуктан, жөө кыдырып иштөө оор. Анан да бул көп убакытты алып, чарчатат. Ушул себептерден улам велосипед алууну туура көрдүк. Муну менен биз убакытты жана бюджеттеги каражатты үнөмдөп жатабыз. Экологиялык жактан да зыян алып келбейт. Ошондой эле жергиликтүү тургундарыбызды сергек жашоого үндөп, 9-Майга карата веложарыш уюштурабыз,- деп билдирди Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Исмаилов.


 

АЛМАЗ АБДЫМАМБЕТОВ, «Жаштар банкынын» Түптөгү өкүлү:
– Мындай долбоор Кыргызстанда эң алгачкы деп айта алам. Биздин айыл башчылары баарына үлгү болот, себеби өнүккөн чет өлкөлөрдө жогорку жакта иштегендер жумушка велосипед менен эле барып-келишет. Бул айыл өкмөтүндө 22 кызматкер иштейт, аларга 12 велосипед жетиштүү. Бардыгы болуп 120 миң сомго алынды.

 

 

 

«Тянь-Шань балдары» ашпозчулук курсунда.

Окутуу курстарын чет өлкөдөн келген волонтёрлор жүргүзүүдө.

Жаңы сатылып алынган велосипеддер кызматка даяр.

Жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжасында жаштар билим алып, жумуш менен камсыз болууда. Компьютердик кызматтар жана интернет менен камсыздоо боюнча борборлор түзүлгөн. Ошондой эле аймактын жаштарынын спортко болгон кызыгуусун күчөтүп, спорт командаларын колдоо боюнча да долбоорлор иштелип жатат.
Бул айтылып жаткан долбоорлордун чети гана. Азыркы учурда долбоорго билдирүүнүн 3-этабы жүрүүдө. «Кумтөр» компаниясынын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жаштар банкынын» негизги максаты – жаштардын идеяларын, максаттарын жүзөгө ашыруу.

Адилет Керимбек уулу
Влад Ушаков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-05-13 10:29:44
жаштардын бут эле долбоорлорун колдойм))) менин деле жакшы ойлорум бар бирок колдо турбагандыктан ишке ашырылбайт, чуй облусунда кумтордой ишкана болсо ой тилегим аткарылмак
0
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан