80-жылдардын легендасына айланган «Modern Talking» тобунун солисти Томас Андерс 3-май күнү Бишкекке келип, концерт коюп кетти. Ал киши популярдуу топко кандайча келген? Кандайча атактуулукту багындырган? Эмесе, улуу муундун кумири менен кенен тааныштырабыз.
«Modern talking» тобу – 1984-жылы түзүлүп, 1987-жылы тарайт. Экинчи жолу 1998-жылы биригип, 2003-жылы кайра эки тарапка кетишкен.
Жакшы көргөн оюнчугу – Бала чагынан «Барби» куурчагын көп ойночу.
Атактуулук – 1984-жылдан баштап Европаны, дүйнөнү багынтышкан. 1988-жылы дуэттин ырларынын сатыгы 85 миллион нускага жеткен. 1998-жылы Германияда бир жуманын ичинде бир альбому 700 миллион нускада тараган. Ал эми 2003-жылы дүйнө жүзүндө 120 миллионго жакын альбому сатылган.
Мекени - 1963-жылы 1-мартта Германиянын Мюнстермайфельд шаарчасында төрөлгөн.
Альбомдорунун саны: 12 (топ катары), 12 (жеке ырчы катары).
Клиптери: – 19 клип (жеке ырчы катары).
Сыйлыктары: – 300гө жакын сыйлыктын ээси (топ катары).
ПОПУЛЯРДУУЛУККА КАРАЙ ЖОЛ
Томас Андерс (толук аты-жөнү– Бернухарт Кристофер Вайдунг). Атасы Петер Вайдунг финансист, бир кездерде Мюнстермайвельд шаарчасынын мэри болгон. Апасы Хельга Вайдунг болсо кафе иштетчү. Томас бала кезинен ырдап, гитарада, фортепианодо ойногон. 7 жашынан мектеп, чиркөө хорунда ырдап, өспүрүм чакта бир нече фестиваль, сынактарга катышып жүрөт. 1979-жылы «Радио Люксембург» сынагын жеңгенден кийин CBS үн жазуучу студия менен келишим түзүп, иштеше баштаган. Дүйнө эли тааныган Томас Андерс деген псевдонимди да Берндге дал ошол студия койгон. 1983-жылы ал продюсер, композитор Дитер Болен менен иштешип, экөө бир жылдан кийин легендарлуу «Modern Talking» дуэтин түзүшөт. Экөө «Сен менин жүрөгүм, сен менин жаным» («You’re My Heart, You’re My Soul») ырын чыгарып, ал Европада №1-ыр аталып, дуэттин атактуулугу арта баштайт. Бул чыгарма жарым жыл бою европалык популярдуу ырлардын катарында турган. Дуэт популярдуулуктун туу чокусунда турса да, 1987-жылы келишимдин убактысы бүткөнүнө байланыштуу тарап кетет. Андан кийин Томас жеке ырчы катары карьерасын баштаган. Бир жерде отурганды жактырбаган ал «Thomas Anders Music» аттуу жеке музыкалык студия ачат, тасмаларга тартылат, сериалдарга ыр жазат.
Арадан 11 жыл өткөндө Дитер менен кайрадан биригип, мурунку хит ырларын ремикс кылып жаздырышат. Бирок 5 жылдан соң дуэт кайрадан жоюлган. Дуэттин тарашына көпчүлүк Томастын жубайы Нораны күнөөлөшөт.
ЖУБАЙЫНЫН ФАМИЛИЯСЫН АЛГАН
Томас Андерске жаратылыш уккулуктуу үндөн сырткары келбетти да аябай берген. Кой көзү, уяң жылмаюусу, узун сеңселген чачтары
100 миңдеген күйөрман кыздардын кыялы эле. 1981-жылы Томас Нора Баллинг аттуу бийкеч менен таанышып калат. Кыз-жигит болуп жүргөндө Нора дароо эле лидер болуп чыга келип, дуэттин административдик жумуштарын колго алган. Томастын сүйүктүүсү дуэттин иштерине «мурдун тыга бергенин» Дитер такыр жактырчу эмес. 1985-жылы Нора менен Томас баш кошуп, кызыгы, ырчы жубайынын фамилиясын алат. Жубайынын тыңдыгын мындан билиңиз, жолдошунун узун чачтарын кырктырчу эмес. Ырчы мырзанын имиджине өзү карап, ага көбүнчө айымдар дүкөнүнөн кийим сатып берчү. Кала берсе ал Томасты «менин куурчагым» деп атап алган. Томастын көзүн, оозун боёгон да Норанын фантазиясы болгон. Мындай «эмгеги» үчүн ырчыны немис гезиттеринин бири «популярдуу гомосексуалист» деп атап, соттошконго чейин барышкан. 1987-жылы дуэттин тарашына көпчүлүк Нораны күнөөлөп, «Анти-Нора» деген фан-клуб ачылган. Анда жубайынын дарегине карата күнөөлөгөн, шылдыңдаган каттарды жазышкан. Топ жоюлган соң Томас Нора менен биргеликте Орусияга гастролго келет. Ошондо Дитердин жаздырылган үнүнө «Нора фонограмма ырдады» деп аябай эл нааразы болгон.
1994-жылы Нора башка мырзаны таап алгандыгы айтылып, 1999-жылы экөө расмий түрдө ажырашат. Андан соң ырчы Клаудия Хесс аттуу сүйлөшкөн кызын ачыкка чыгарып, сүйүктүүсү менен 2000-жылы баш кошушат. Эки жылдан кийин уулдуу болгон жубайлар азыр бактылуу.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg