Концерттин датасы – 3-май
Өткөн орду – «Ала-Тоо» борборунун амфитеатры
Башталышы – 20:00
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Алып баруучу – Бакыт Байсариев
Мыкты номер – «You’re My Heart, You’re My Soul» (Сен менин жүрөгүм, сен менин жаным)
Билет баасы – 1000 сомдон 1500 АКШ долларына (6 адамга ылайыкталган VIP-орундуктар тамак-ашы менен) чейин.
«Modern Talking» тобунун солисти Томас Андерс Бишкекке келет экен» деген кепти укканда алгач уккан кулагыма ишенген жокмун. Мунумдун биринчи себеби, концерттин уюштуруучусу Ислам Сатаров буга чейин «Танхам» ырынын аткаруучусу – Рамин Монтазери деп» ирандык Расул Хейр Абади аттуу Бишкекте окуган студент жигитти элге тааныштырган жайы бар. Ошондуктан дүйнөнү дүңгүрөткөн ырчы Бишкекке чын эле келеби же анын атын жамынган башка бирөөбү деген шек жаралды. Акыры «эмнеси болсо да бир барып көрөйүн» деп концертке бардым. Эл жык-жыйма, тургандары андан көп. Көпчүлүгү эле улуу муундагы адамдар. Канча айтса да немис эмеспи, концерт айтылган убактысында башталып, сахнага Томас байкебиз жаркылдап чыга келди. Мурда жаш кыздардын чаңырганын угуп калчу элем, бул ирет небере күтүп, элүүгө таяп калган эжекелер эт-бетинен кетишти. «Кыргыздар ырчыларды колдобойт» деген куру сөз экен. Ышкырык-сүрөөндөн кулагым тунду. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп Томасты «чын эле ошолбу же окшош бирөөнү жетелеп келе бериштиби» деп бир оң капталынан, бир сол капталынан, кайра бет маңдайынан карайм десең. Үнү деле, жүзү деле биз билген Томаска окшош. Ошондо барып топтошуп алып бийлеп жатышкан байке-эжелериме кошулуп, тээ 80-жылдарды бир эстеп, жер тепкилеп бийлеп алдым. «Бөрү карыса да бир койлук алы бар» демекчи, жандуу үн менен ырдаган ал англисче бирдемелерди элге айтып, көрүүчүлөрдү тамашалаганга аракет кылып жатты, байкуш. «Аттиң, бир котормочу болсо жакшы болмок экен» деп койдум ичимден. Акыры маңдайдан тер чыга, концертке ыраазы боло үйгө кайттык.
Толик сынчы