АНЖЕЛИКАНЫН КОНЦЕРТИН ЭЛ ЭКИ СААТКА ЧУКУЛ КҮТТҮ

Концерттин датасы – 7-май
Өткөн орду – «Ала-Тоо» борборунун амфитеатры
Башталышы – 20:00 (1 жарым саат кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Алып баруучу – Эрмек Нурбаев
Мыкты номерлер – Анжеликанын «Энекебай», «Сени ойлосом», «Жашоо керемет», Мирбек Атабековдун «Күндөр жаңырат» жана Айкын Төлепбергеновдун «Как дела?» аттуу ырлары
Билет баасы – 500 -700 сом

«Өзгөчө концерт берем» деп Анжеликанын катуу даярданганын сахнанын жасалгасынан эле билсе болот. Түркүн түстүү жарыктар, экрандагы слайддар, оттор жана ар бир ырчыны коштогон бийчилер, акробаттар сахнанын көркүн ого бетер ачышты. Элди эки саатка чукул күттүргөн концерт башталганда көрүүчүлөр энеси эгиз төрөгөндөй кубанышып, кол чаап эле жатып калышты. Анжелика демейдегиден көп сүйлөп жатканынан, артымда отурган бир-экөө «бул эмне, ичип алганбы?» деп шектене башташты эле, ырчы айым «аябай толкунданып жатам» дегенде гана бас-бас боло түшүштү. Концертте Арсен, Омар, Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, «Style Mix» триосу жана казакстандык конок Айкын Төлепбергеновдор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Айкын ырдаганда кыздар тамактары айрылганча кыйкырып, анча-мынчасы жанындагы жигиттерин унутуп коюшту го, чиркин. «Бали», дедим ичимден. Бирок өкүнүчтүүсү, андан соң казак ырчысынан өң десе өң, талант десе таланты жагынан кем калбаган Омар чыкканда, бардыгы момпосуй жутуп алгансып отуруп беришти. Муну байкай койгон Омар «душман көзүнө кол чаап койгулачы» деп суранып жибергенде бир-экөө түштөрүнөн чочуп ойгонушту. Бир сөздү текке кетирбеген Эрмек «Душман деп кимди айтып жатасың?»деп Айкындын чарбагына таш ыргыта тапанданып, ырчыны «неудобный» кылды. Ал эми Мирбек Атабеков болсо ачык айтканыбы же кече ээсинин көӊүлүн алганыбы, айтор, «Кыргызстанда Анжеликадан башка сулуу ырчы айым жок» деп балп эттирбеспи. Соңунда кеченин күнөөкөрү бардык Анжелика аттуу адаштарына белек тапшырып, кызы Айыманын сахнадагы тушоосун кести. Көнгөн адат калабы, көрүүчүлөр бул жолу да ким биринчи чыкса бекер балмуздак жечүдөн бетер, концерт бүтө электе шашыла тышты көздөй четинен чууруй беришти.

Толик сынчы

 Кыстарылган видео 
Анжеликанын концертинен репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (94)
Malika_melek
2014-05-15 00:12:09
анжелика ким эмне десе да сен супперсин!!!алга,дагы да коптогон жетишкендиктерге жетише бер!
-2
Aselya_9105
2014-05-15 01:17:35
эгерде кимдир бироого Анжелика жакпаса убактынарды кетирип неге угасынар, неге коросунор аны, жана неге коментарий жазасынар? жакпайбы корбой койгула.
0
Eli75
2014-05-16 23:44:31
Aselya_9105, Эн туура айтасын. Адамды ичинен ириткен коро албастык,бул жорук кудайга да жакпыйт.
-3
SayKal1218
2014-05-17 11:12:59
Aselya_9105, Жинин келсе жазасын да. Озун кыйынсынып тим эле бир башкача адам сезип алат.
+1
Eli75
2014-05-15 01:17:44
Анжелика, эн сонун концерт болуптур,азаматсын! Жараткандан сага жана уй-булоно бардык жакшылыктарды каалайм. Концерт башынан аягына чейин эн сонун уюштурулуптур.Рахмат.
-4
Aselya_9105
2014-05-15 01:20:39
Анжелика эже сиз соз жок супер айымсыз. онорунуз оркундой берсин. Кудайым сизге эки дуйно бакыт берсин, омурунуз узун болсун.
-3
madina.00
2014-05-15 03:52:19
Ай Анжеликанын мактоочулары,ар бир нерсени Анжеликанын козу менен карабай элдин козу менен карасанар;)ошондо дурусураак болот.Эми бул жерде копчулук Анжеликада ун жок дептир,бул туура-уну жок!сулуулук бар дептир ал да туура-сулуу айым!Кеп сулуулук салонунун барында эмес,кеп анын бай куйоону кармаганында да.Шыгы бар адам уйдо да сулуу болсо болот да)))
0
Davlet1994
2014-05-15 10:56:32
kazaktyn artisine kol 4aap, Omar Allanyn syilygyn algan janynda akkan suunun kadyry jok
+2
kaltunlu
2014-05-15 13:45:21
tolık sınchı degen kım maalımat berıp koysonor baarın ele sındap atat da men bılbeyt ekem surotun da koysonor korup koyelu(bız da sındap koyelu)
0
kaltunlu
2014-05-15 14:07:01
anjelıka boyuncha aıtsak al talastın manas ayılının kelını emespı bır kunu kayın sındısı kuyoogo tıyıp ejemder menen choguu kudagıy tarap bolup oturup kalıptır anan baarı ele anjelıkanı korgondo ırdap berınız dep suranıp kalıshıptır. Irdap atıp ele toktop kalat deyt surdonup sozdorun unutup kalgan go dep ulam bız aytıp koyebuz deyt takır unu jok eken dep ejem aga karagnda ayılda toylordo men jakshı ırdayt ekem dep tan kalgan a suluuluguna soz jok al stılıst dızayner boluuga shıktuu...
+1
janaz
2014-05-15 15:48:19
мага анжелика жон гана айым катары жагат бирок ырчы катары эмес чындыгында эле сулуу айым (устунку тиштери эле бузат да)
0
Abdyrawit
2014-05-16 02:39:14
Ушул Толик сынчы кызыкттуу анан тушунуктуу сындайт да.азамат ишине ийгилик!
Толик сынчы ким болсо да.ушул адамды корсом деген ниетим бар!
Саясатчыларды да бир сындап корсо кызыкттуу болсо керек эле
0
KyrgyzstanTugoiloru
2014-05-16 17:20:28
эч кандай озгочо экенин коргон жокмун, буга караганда Гульнур Сатылганованын концерти кичине дайындыгы боюнча жакшыраак болгон, бирок концерт 3+ откон, жаман эмес.
+1
danko2013
2014-05-17 00:31:23
анжеликанын жолдошуна арнап ырдаган ыры жакты мумкун болсо жуктоп кое аласыздарбы
-2
admin_media
2014-05-19 10:08:14
danko2013,
Саламатсызбы! Сунушуңузду жакынкы күндөрү орундатууга аракет кылабыз! Рахмат!
0
Nuraiym9494
2014-05-17 20:57:22
Men sylilaim bul ejekebizdi,ar daiym iwinerde yigilik bolsun.
-2
kgmin1990
2014-05-18 12:18:56
Сулуу жылдыздуу айым,бирок ырларын бир эки угасын анан унутуп да каласын .Ун деген жок.Эмнеси болсо да ийгилик каалаймын.
+1
romashkakg
2014-06-16 16:02:13
Ай туугандар менин мышыгымдын мяулаганы мунун унунон катуурак чыгат.
0
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан