АРДАГЕРЛЕРГЕ ТААЗИМ!

MegaCom уюлдук оператору жылдагыдай эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин 9-Май майрамы менен куттуктады.
Республика боюнча 1000 ардагерге MegaCom компаниясы жылына 4 миллион сом бөлөт, ал каражат жылына эки жолу: 1-Октябрь – Карылар күнүндө жана 9-Май – Жеңиш майрамына карата ар бир ардагерге 2 миң сомдон берилет. Бул ирет 9-Май – Жеңиш күнүн утурлай, MegaCom компаниясы элибиздин улуулугун, эрдигин жана мекенчилдигин көрсөткөн согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине салтка айланган концерттик программа уюштуруп, А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында майрамдык жылуу маанай тартуулады. Иш-чаранын алкагында ардагерлерге акчалай сыйлыктар тапшырылып, чет жердеги жакындары менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.


Майрамдык концертке чакырылган ар бир ардагерди уюлдук оператордун кичи пейил кызматкерлери улагадан гүл менен тосуп, алар менен баарлашып, эмгегине урмат көрсөтүү менен концерттик залга чейин жетелеп барып жатышты.
Ага улай Улуу Жеңишке жетүү үчүн кашык каны калганча душман менен салгылашкан, кандуу согушта эрдик көрсөтүп курман болгон аталарга таазим иретинде театрдын булбул үндүү ырчылары жана таланттуу бийчилери жагымдуу концерттик программа тартуулашты.
Талыкпай жеңиш үчүн күрөшкөн эмгектеринин үзүрү кайтып, кичүү муундан сый-урмат көрүп жаткан ардагерлерибиздин жүзүнөн кубанычтын нуру төгүлүп турду. Иш-чаранын алкагында телефон менен бекер сүйлөшүү кызматы сунушталып, каалоочулар жакындары менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бири ага-тууганына алыскы мамлекеттерге чалса, бири аскерде чогуу кызмат өтөгөн, согушта бир болгон тааныш, досторуна чалып куттукташып, чер жазыша сүйлөшүп жатышты.
Майрамдык концерттен кийин ардагерлерге акчалай сыйлык тапшырылды. Иш-чарага келе албай калган ардагерлердин үйүнө уюлдук оператордун кызматкерлери барып куттуктап, белектерин тапшырышууда. Кичүү муундун мындай сый-урматы, жылуу мамилеси карыларыбыздын жүрөгүнө дем берип, күчүнө күч кошту десек жаңылышпайбыз.

MegaCom компаниясынын башкы директору АЗАТ БАЗАРКУЛОВ майрамды утурлай ардагерлерге куттуктоо сөзүн жолдоду:
– Бейпил турмушта жашап жатканыбыз үчүн сиздерге таазим кылабыз. Сиздер чыдамкайлык менен бардык кыйынчылыктарга туруштук бердиңиздер, душмандардын максатын талкалап, келечек муунга бакубат турмуш тартууладыңыздар. Сиздерге колдон келишинче колдоо көрсөтүү, эрдик менен курман болгондорду эскерип туруу – биздин ыйык милдетибиз. Катарыңыздар суюлбасын, ден соолугуңуздар чың болуп, узак жашаңыздар.
Жеңиш ээлерин колдоо үчүн MegaCom уюлдук операторунун абоненттери «Улуу Жеңиш!» SMS-марафонуна катышып, 1945 кыска номуруна SMS жөнөтүү менен, абонент өз эсебинен 20 сом которууга мүмкүн болгон. Чогулган каражаттардын бардыгы Коргоо министрлигинин Мобилизациялык башкармалыгынын жардамы менен түзүлгөн тизмелерге ылайык, согуш ардагерлерине даректик материалдык жардам катары тапшырылат. Акциянын жыйынтыгы тууралуу абоненттерге милдеттүү түрдө маалымдалат.

Жумгалбек Өмүрканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан