Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча, көргөзмөнүн техникалык уюштуруучусу «Росагромаш» ассоциациясынын (Айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрүнүн орусиялык ассоциациясы) жана көргөзмөнүн стратегиялык шериктеши «Айыл Банк» ААКсынын колдоосу менен «АЙЫЛ-АГРО-2014» экинчи эл аралык агро-өнөр жай көргөзмөсү болуп өтөт. «АЙЫЛ-АГРО» жетектөөчү дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдөн техниканын жана технологиялардын толук түрлөрүн агро-өнөр жай комплексине көрсөткөн Кыргызстандагы жалгыз көргөзмө болуп саналат. Бул Кыргызстандын агрардык секторунун өнүгүүсүнө күчтүү түрткү берген, бардык агрардык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөткөн, ири жана маанилүү иш-чара.
Көргөзмөнүн негизги максаты – инвесторлорго Кыргызстандын агрардык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, айыл чарба техникасынын атаандаш базарын түзүү, фермерлерди жаңы агро-өнөр жай технологиялары жөнүндө маалымдоо болуп эсептелет. «АЙЫЛ-АГРО-2014» көргөзмөсү биринчи иретте ар кайсы өлкөлөрдөн келген инвесторлорго багытталган. Көргөзмөнүн катышуучулары өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген дыйкан жана фермердик чарбалардын өкүлдөрүнө өзүлөрүнүн продукциясын көрсөтүшөт.
Былтыр өткөрүлгөн биринчи «АЙЫЛ-АГРО-2013» көргөзмөсү акыркы 20 жылдын ичинде агрардык тема боюнча ири иш-чаралардын бири болду. Айыл чарба продукциясын иштеп чыгаруу боюнча айыл чарба машиналарын жана жабдууларын жетектөөчү дүйнөлүк өндүрүүчүлөргө продукциясын кеңири коомго көрсөтүү мүмкүнчүлүгү берилди. Көргөзмөгө республиканын бардык облустарынан келген 6000ден ашык фермер катышкан.
«АЙЫЛ-АГРО-2014» көргөзмөсүнүн аянты эки эсе көбөйгөн, 6000 чарчы метрди түзөт жана ага кырктан ашык компания катышат.
Көргөзмө төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
Көргөзмөнүн уюштуруу комитети сиздерди 2014-жылдын 14-16-майында Бишкектин эски аянтында боло турган Кыргызстандагы жалгыз жана ири окуя – «АЙЫЛ-АГРО-2014» агро-өнөр жай көргөзмөсүнө чакырат.